|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сөзү : Ш.Садыбакасовдуку
Обону : М.Рыскулбековдуку
Ай чыкканда балбылдап,
Айды көрсөм сени көрүп,
Тиктей берем жалдырап.
Айдан табам элесиңди,
Айдан түшүп келесиңби?
Келесиңби, келесиңби, жан эркем?
Суу жээгинде кылчактап,
Сууну көрсөм сени көрүп,
Тиктей берем кылчактап.
Суудан табам элесиңди,
Суудан чыгып келесиңби?
Келесиңби, келесиңби, жан эркем?
Жылдыз болуп койнума,
Күлүп келчи, эркелечи,
Колун коюп мойнума.
Жүрөк какшайт, не кылайын?
Кара көзүм, кагылайын,
Ананайын жан эркем.
Ананайын, ананайын жан эркем.
Ай чыкканда балбылдап,
Айды көрсөм сени көрүп,
Тиктей берем жалдырап.
Айдан табам элесиңди,
Айдан түшүп келесиңби?
Келесиңби, келесиңби, жан эркем?
Келесиңби деги сен?
Өттү күндөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.
Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп, жалаң чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,
Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.
Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Чачта буурул, токтолгонбуз биз азыр,
Макул болуп турмуш деген ушуга,
Макул болуп тагдыр деген ушуга.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттиң кара тору бир кызды,
Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды.
Сөзү : Г.Сатыбековдуку
Обону : Г.Сатыбековдуку
Ошондо ойго келеби,
Мектепти бүтүп кетерим.
Кайдасың эми, классташ?
Сагынам агай-эжени.
Кайырма:
Мектебиме келдим,
Кайдасыңар, кайдасыңар?
Сагындым мен силерди, парталаштар.
Жаш көчөт элек тигилген,
Уядан учтук бириндей.
Убакыт өттү билинбей,
Көзгө илинбей.
Кайырма:
Мектебиме келдим,
Кайдасыңар, кайдасыңар?
Сагындым мен силерди, парталаштар.
Сагындым мен силерди, уялаштар.
Сөзү : Нарсулуу Гургубаеваныкы
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Турмуштун туура көргөн катасы үчүн,
Жашайбыз эки өйүздө жалгызсырап.
Бизге азыр бүтүн болуп жашаш үчүн,
Дүйнөнүн бүтүндүгү аздык кылат.
Билбеймин кайда барам, кагылайын,
Өзүңө буйрубаган сүйүүм менен.
Мен сенин үзүлбөгөн жалбырагың,
Сен менин жалбырагым үзүлбөгөн.
Бар туруп, бул дүйнөдө жартыбыз биз,
Өтөбүз өксүк бойдон сүйүү издеп.
Башкалар жашап эми бактыбызды,
Башкалар эми биздей сүйүлүшөт.
Сөзү : Какен Алмазбековдуку
Обону : Аксуубай Атабаевдики
Көрүшкөндө көздөр тике карабай,
Эки мүнөз уяң өскөн баладай.
Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып,
Баратабыз гүлдүү бакты аралай.
Биз ал күнү таанышканбыз жаңыдан,
Жарым карыш чыккым келбейт жаныңдан.
Аппагыңды көрүп алчы дегенсип,
Аңгыча эле жарк дей түштү чагылган.
Жарк дегенде неге сени карадым,
Жүрөк булкуп жайнап турду жамалың.
Дагы, дагы жарк дей түшсө экен деп,
Ошондо мен чагылганды самадым.
Басылганча туралы деп кичине,
Баш катабыз бир күрмөнүн ичине.
Ошол күндү дал ошентип өткөрдүк,
Неге мынча сүйүү кызык кишиге?
Сөзү : Сооронбай Жусуев
Обону : Бабравшан Тургунбаев
Гүлдөр жайнап аңкып турса ыргалып,
Көңүл эргип эчен күлдүк, ырдадык.
Биз эч качан айрылбайбыз дечү элек,
Кумар канбай, жал-жал карап, жылмайып.
Ал кез кетти койбой тынч алып,
Көңүлдөргө кайгы-муң чалып.
Жаным, сен жок, эл көп болсо да,
Жалгызсырап жүрөм сумсайып.
Бак жашарган, бак жасанган күндөрдө,
Бажырайып жылдыз толгон түндөрдө.
Биз эч качан кайгырбайбыз дечү элек,
Кол кармашып бирге ойноп жүргөндө.
А биз анда оттой жаныппыз,
Биз тагдырды такыр таныппыз.
Жанашарга айла таппадым,
Жакын жүргөн менен, алыспыз.
Эркелетип сени тоонун кушундай,
Жүрө албадым сени колдон учурбай.
Тагдыр деген татаал экен, кантейин?
Турмуш деген татаал экен ушундай.
Унутпаймын эсим барында,
Жүрөгүмдө сезим барында.
Сен таарынсаң таарын тагдырга,
Бирок, жаным, мага таарынба.
Сөзү : Р.Шакированыкы
Обону : М.Токтосуновдуку
Асылкечим сен жөнүндө жазам дастан,
Сүйүүнүн тушоосунан чыга албастан.
Өмүр да өтүп кетет максат менен,
Уккан сөз, ушак сөзгө айланбастан.
Асылкечим, асылкечим, асылкечим,
Кайрып берчи махабатымды.
Сүйүү кулу, акын Мидин айткандай,
Жетпесем да, жеңиши жок убарам.
Жүрөт белем карааныңа жалынып,
Менде болсо жүрөктөгү бурамаң.
Асылкечим, асылкечим, асылкечим,
Кайрып берчи махабатымды.
А, мен болсо кала бердим ошол бойдон,
Сени деп каректерим көз жаш болгон.
Аягында үмүт менен күтөм сени,
Арманым ай, ак жүрөгүм муңга толгон.
Асылкечим, асылкечим, асылкечим,
Кайрып берчи махабатымды.
Сөзү : Ж.Исабаеваныкы
Обону : Б.Мамаевдики
Айылыңдын чымыр уузу бол кызым,
Үйүңдүн ырыс-куту бол кызым.
Кайненең менен кайнатаң үчүн,
Келини эмес кызы бол, кызым.
Кайырма:
Көшөгөң көгөрсүн, кут түшсүн түнөгүңө,
Кубатым эстүү бол нур жансын жүрөгүңө.
Жан биргем ырыстуу, ыймандуу бүлө болуп,
Балдарга апа бол, бакыт бол түгөйүңө.
Балдарды суук коздөрдөн өзүң сакта,
Теңирим жаман сөздөрдөн өзүң сакта.
Экөөнүн бийик сүйүүдөн арзып курган,
Уясын урап, чөккөндөн өзүң сакта.
Кайырма:
Жарыңдын асыл жары бол кызым,
Үйүңдүн жарык шамы бол кызым.
Кайын журт сүйгөн, кадырлап күйгөн,
Жашоонун аппак таңы бол кызым.
Кайырма:
|