|
|
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384
Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Сөзү : Нурак Абдракмановдуку
Обону : Нурак Абдракмановдуку
Жарыкчылык өмүргө кимдер келип-кетпеген,
Жаркыраган ааламга кимдер таазим этпеген.
Тагдыр жолу - татаал жол, бирөөлөргө кепкенен,
А бирөөнүн азап менен арман-муңун чектеген,
Туңгуюкка кептеген.
Жаралганда дүйнөгө жаңжал салып ыйламай,
Ал-кубатка келгиче ата-энени кыйнамай.
Эрезеге жеткенде эл мүдөөсүн сыйлабай,
Жаман адат күтөбүз – көр оокатты жыйнамай,
Кара жанды кыйнамай.
Бул дүйнөнүн байлыгын жалгыз ээлеп алчу бар,
Мансап үчүн эл-журтун курмандыкка чалчу бар.
Адамзаттын ушулар убалына калчулар,
Арабызда болбосунчу адамдыкты танчулар,
Акыр заман салчулар.
Өткөн өмүр – учкан куш, канаттары дирилдеп,
Гүл жайнаган бакчаңды күлүк мезгил бүлдүрөт.
Жан дил менен барктайлы жаш күндөрдү үлбүрөк,
Тагдырларга бөлүнгөн өмүр канча ким билет,
Жашоо канча ким билет.
Жашоо – деңиз чалкыган, жарашыгы саймадан,
Мүнөт санап өмүрлөр өтүп барат байма-бай.
Биз – кемечи калкыган, турмуш аккан дайрадай,
Орду менен сүзөлү, оң-тетири айдабай,
Бактыбызды байлабай.
Кырчын жаштын кадырын кыярганда билерсиң,
Кызыл өңдүн кадырын кубарганда билерсиң.
Бар байлыктын кадырын чачылганда билерсиң,
Бак-таалайдын кадырын басынганда билерсиң,
Качырганда билерсиң.
Бир берилген бул өмүр бүтпөчүдөй ойлойсуң,
Болбос ишке кор кылып оюнчуктай ойнойсуң.
Шумкар болуп сызасың, жылан болуп сойлойсуң,
Миң бир сырлуу бул өмүргө миң жашасаң тойбойсуң,
Жүз жашасаң тойбойсуң.
Сөзү : Мээрим Карыпованыкы
Обону : Мээрим Карыпованыкы
Ишенипмин ар бир жылуу сөзүңө,
Тике карап жал ооруткан көзүңө.
Жалган сүйлөп көңүлүмдү ооруттуң,
Сөз коротпойм, жаш коротпойм, барк коротпойм өзүңө.
Баалабапсың арзып сүйгөн жүрөктү,
Каалабапсың кадыр тутар түнөктү.
Кыйбасым деп жашап жүрөт деп жүрсөм,
Кылыктанып басып кетчү, оюң башка, бөлөкпү?
Безилдээрсиң кези келсе сезерсиң,
Колдон учкан ырыскыңды издээрсиң.
Жеңил ойдун азабына чөмүлүп,
Ак сүйүүнүн кадыр-баркын, жаным бир күн сезерсиң.
Кадырымды сезерсиң...
Сөзү : М.Тиллебаевдики
Обону : Г.Айдосованыкы
Жашартып жаратканым берсе эгер,
Бүт болгон байлыгымдан кечер элем.
Сан жеткис түйшүгүңдү өзүм алсам,
Апаке кадырыңа жетер белем.
Аппак гүл сунам апа, картайбачы
Ак сарай курам сага, картайбачы
Алдыңа алтын төшөп беремин деп,
Чок кармап турам апа, картайбачы...
Мүрөктүн суусу болсо берер элем,
Картайбас болуп апа ичер белең.
Ааламдын алпы болуп жаралсам, да,
Бир жолку азабыңды чечер белем.
Дарысын өлбөстүктүн тапсам эгер,
Жүзүңдү бырыштардан сактар элем,
Дүйнөнү төрт кыдырып көтөрсөм, да,
Апаке ак сүтүңдү актар белем
Бак-дөөлөт жанар кезиң картайбачы
Урман-сый табар кезиң картайбачы
Апаке ак сүтүңдөн айланайын
Ак жоолук салар кезиң картайбачы
Урмат-сый табар кезиң картайбачы
Сөзү : Анатай Өмүркановдуку
Обону : Исирадин Аманбаевдики
Кечке чейин тең жарышып жел менен,
Чарчаганда уктап калсаң мен менен.
Аныкында кызым коркпойт мейли деп,
Апаң издеп биздикине келбеген.
Кайырма:
Кошуна кыз, кошуна кыз, кошуна,
Балалыктын жылынганбыз балдан таттуу отуна,
Кошуна кыз, кошуна кыз, кошуна,
Жаш кезектин жылынганбыз, жан эргиткен отуна.
Эгер сени бирөө айтса жаман деп,
Оозуман октой уччу жаман кеп.
Сураганга жооп берчү элек тартынбай,
Сен тием деп, а мен болсо алам деп.
Кайырма:
Анда деле тоо ушундай жатчуле,
Анда деле суу ушундай акчу эле.
А бирок да сеникинен чыккан күн,
Алоолонуп биздикинен батчу эле.
Кайырма:
Анда деле кар асмандан түшчү эле,
Анда деле жерден түшүм күтчү эле.
А бирок да сеникинен чыккан жол,
Жүрүп-жүрүп биздин үйдөн бүтчү эле.
Кайырма:
Сөзү : Жолочу Рысбаевдики
Обону : Адылжан Абдуллаевдики
Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур, жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур, жар-жар.
Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз, жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз, жар-жар.
Алтын ордо, гүл бакча,
Калаалуу бол, жар-жар.
Артыңардан ээрчиген,
Балалуу бол, жар-жар.
Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн, жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн, жар-жар.
Асманга учсун куш болуп,
Ак тилегиң, жар-жар.
Ажырашпай бир жүрсүн,
Ак билегиң, жар-жар.
Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун, жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун, жар-жар.
Ырыс алды – ынтымак,
Билип жүргүн, жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн, жар-жар.
Көлөкөлүү саябан,
Бак болгула, жар-жар.
Мөмөлөрү ийилген,
Шак болгула, жар-жар.
Кадыр, көңүл табылбайт,
Калыс болгун, жар-жар.
Ушак менен айыңдан,
Алыс болгун, жар-жар.
Ак булуттан себилген,
Кар болгула, жар-жар.
Дайым ушул жашоодо,
Бар болгула, жар-жар.
Сөзү : Т.Казаковдуку
Обону : А.Бедияровдуку
Бул турмуш дарак тура мөмөлөгөн,
Мөмөсүн эсиргендер тебелеген.
Мен сени жандап жүргөм жашыл жолдо,
"Бөлүнбөй кете берет" деген элем.
Бул турмуш деңиз тура кемибеген,
Жакшылык-жамандыгын ченебеген.
Тымызын кош айтышып жаткан кезде,
"Мен сени унутам го" деген элем.
Көрсө, сен катар басып койбоптурсуң,
Бүтүндөй өмүрүңдү ойноптурсуң.
Жүрөктө балалыгым кандай калса,
Сен дагы дал ошондой орноптурсуң.
Жүрөктө дал ошондой,
Сезимде дал ошондой,
Жүрөктө дал ошондой орноптурсуң.
Сөзү : Б.Чотурованыкы
Обону : Г.Айдосованыкы
Күтүүгө жүрөгүм арнасам дейм,
Кусалык азабын ар качан жейм.
Күлүктөй чуркаган күндөрүмдө,
Мен сизди таарынтып албасам дейм.
Жарыгын сезимдин кармасам дейм,
Жан дүйнө азабын ар качан жейм.
Мейли эле өзүмдү аябасам,
Мен сизди оорутуп албасам дейм.
Өзгөнүн чаңында калбасам дейм,
Өрт сүйүү азабын ар качан жейм.
Өмүрдө, жашоодо бир болууга,
Өзүмдү бир сизге арнасам дейм.
Айта албай чын сырды калбасам дейм,
Арзуудан азапты ар качан жейм.
Мезгилден кечиккен тагдырымда,
Мен сизди жоготуп албасам дейм.
Мен сизди оорутуп албасам дейм.
Сөзү : Жоомарт Бөкөнбаевдики
Обону : Түмөнбай Колдошовдуку
Санап, санап эсептесем өмүрдү,
Өткөн өмүр балдан ширин көрүндү.
Жел жетпеген желмаяндай мал минип,
Жетип кууп жеңер белем өлүмдү!
Кайырма:
Күүгүм кирип, күн батканын койсочу,
Саат жылып баратканын койсочу.
Оюн, күлкү салтанатка жарашкан,
Өмүр шагы бүрүн какпас болсочу.
Ойло, жигит, өмүр соккон шамалбы,
Аткан октой көрсөтпөгөн караанды.
Он сегизден өтпөс кылып өмүрдү,
Өнөр, чиркин, табар белең амалды.
Сөзү : Г.Шакирова которгон
Обону : Казак эл ырыныкы
Биз эми кантер экенбиз,
Жакынбыз жана бөтөнбүз.
Алыстан келсең алдыңдан
Суу алып чыгар бөтөн кыз.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Жоголор бир күн, жоголор,
Мен белек кылган оромол.
Тагдырдын болду жазганы,
Жар кылып алдым башканы.
Өзүңсүз эми түбөлүк,
Армандын болдум аскары.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Сезимди дайым жылытар
Сен белек кылган оромол.
Дайраны билбес кече албайт,
Далайлар сүзүп жете адбайт.
Жалындай жанган сезимди,
Жүрөксүз жандар сезе албайт.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Жоголор бир күн, жоголор,
Мен белек кылган оромол.
Оромол кышта тон эмес,
Жаш кезден калган бир элес.
Өрт болуп жанган сезимге,
Жүрөксүз гана кенебес.
Өзгөрөр турмуш божомол,
Армандан баш да бошонор.
Сезимди дайым жылытар
Сен белек кылган оромол.
|