|
Татына, таттуу балам,
Талпынсаң таңдай жанам.
Таалайлуу күн тартуулап,
Чарчоону унуткарам.
Кайырма:
Бар болгун, айдай балам,
Бар дүйнөм сендик гана.
Ак жолдо тай-тайлайын,
Акырын басчы кана.
Баскан жол узак болсун,
Бакытты тилейм сага.
Жыттасам жыргап калам,
Жыргалсың өзүң мага.
Турмушта кубанчымдын
Баарын мен сенден алам.
Кайырма:
Жаныңдан жарым кадам,
Кетүүгө жетпейт чамам.
Ак сүтүм, ак тилегим,
Боло көр элдик адам.
Кайырма
Ашыгып күйүп от болсом,
Ал тургай кызыл чок болсом.
Азаппы, мага эмне?
Айылыңа келсем жок болсоң.
Сыр айтып сырың чечемби,
Сыздасам сага жетемби?
Сымбатым менин, келсем да,
Сырдаша албай кетемби?
Жүрөгүм күйүп от болсо,
Оттогу кызыл чок болсо.
Жүрөгүм менин күйбөйбү,
Журтуңа келсем жок болсоң.
Тагдырлар качан билинет?
Келбедиң күтсөм миң ирет.
Татына жигит өзүңө,
Таарындым сага бул ирет.
Кылымдарды миң жылга толгонгону,
Кыргыздардан кысынуу жоголгону.
Кыргыз көчү күү болуп обон созот,
Кыргыздарга кыргызстан,
Кыргыздарга кыргызстан обондору.
Кайырма:
Айи-иий, оо-оой,
Кыргыздарга кыргызстан, эй,
Кыргыздарга кыргызстан обондору.
Эзелтеден элимдин ойлонгону,
Эгемендик бүгүнкү болгондору.
Эркин турмуш, азаттык ырын ырдайт,
Эл-журтуна кыргызстан обондору.
Кайырма:
Айии-ий, оо-оой,
Эл журтуна кыргызстан, эй,
Эл журтуна кыргызстан обондору.
Ырын жазды акындын Жолондору,
Ырга чыкты Ысык-Көл, Донондору.
Ырдайт ата мекенин, эли-жерин,
Ырга кошуп кыргызстан,
Ырга кошуп кыргызстан обондору.
Кайырма:
Аййии-ий, оо-оой,
Ырга кошуп кыргызстан, эй,
Ырга кошуп кыргызстан обондорун.
Түркүн дүйнө жашоонун соболдору,
Түрмөктөлгөн ойлордун оромдору.
Түнү-күнү ырдалып жатса дагы,
Эч түгөнбөйт кыргызстан,
Эч түгөнбөйт кыргызстан обондору.
Кайырма:
Аййии-ий, оо-оой,
Эч түгөнбөйт кыргызстан, эй,
Эч түгөнбөйт кыргызстан обондору.
Гүлү сенсиң эркин өскөн талаанын,
Бирде жакын, бирде алыстайт карааның.
Түшкө кирип, өңүмдө бир көрүнбөй,
Түрттүң мени түпкүрүнө санаанын.
Үмүт оту үстү-үстүнө тамчылап,
Жүрөк байкуш күнөөлүүдөй жанчылат.
Айтчы, эркем, айтчы, сүйгөн таң шоолам,
Күтөм дагы бир өзүңдү канча убак?
Жашоо үчүн тийбесе эгер кереги,
Ак сүйүүмдү далилдешке мен эми,
Гүл ордуна жүрөгүмдү сунмакмын,
Алып кой деп сүйгөнүңдүн белегин.
Кезиккенде салкын тартса кабагың,
Мен ансайын тумчуккансып барамын.
Сезимдеги жакшы учурду жандантып,
Жок дегенде таанышыңдай карагын.
Дайыма болгум келет сени менен,
Бирок иш болуп турат чеги менен.
Эртеден кечке чейин эриктирбей,
Элесиң кошо жүрөт мени менен.
Кайырма:
Элесиң көзүмө алыстан көрүнөт,
Кыялым орундалчудай.
Алыссың, жарыгым, кыйноого кабылдым,
Сумсаям көңүл ачылбай.
Ой учкул, ушунчалык күлүк белең,
Оюмда чер жазышып күлүп келем.
Жүрөмүн жашап оюм ишке ашчудай,
Мендеги сага болгон үмүт менен.
Кайырма:
Ачылган жаз гүлүндөй төгүлөсүң,
Көзүмө эң бир сүйкүм көрүнөсүң.
Көзүңдөн айланайын жодураган,
Жаштыктын жадыраган гүлү сенсиң.
Кайырма
"Армансыз жашоо болбойт бул жалганда",
Деп айткан сөзүн эстейм акылмандын.
Оо, кайран жаштык күндөр өтүп жатат,
Кантейин жете албадым, армандамын.
Кайырма:
Оо, жаштык күн кайда,
Биз өткөргөн түн кайда?
Махабатка кумар канбай,
Биз сунушкан гүл кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Кайда-кайда, гүл кайда?
Мага тааныш үн кайда?
Тоо жаңырта обон созгон,
Мага тааныш үн кайда?
Күттүрүп күндө-күндө ачыласың,
Жомоктогу пери сымал азгырасың.
Өзүңсүз кайра күндөр өтүп жатат,
А мен арман дайрасында агыламын.
Кайырма:
Жүрчү, жаным, кетеличи тээ алыска,
Колду шилтеп, ушак сөз, кур намыска.
Бактылуу күндөр, балким, алдыдадыр,
Жетеличи бизди күткөн чоң бакытка.
Кайырма
Сагындырба, сагынбайын,
Сени күтүп зарыгамын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Карааныӊдан кагылайын.
Ошол күндү эстедиӊби?
Жүрөгүмдү эзбедиӊби.
Көрбөй калсам сагынчу элем,
Карагаттай көздөрүӊдү.
Балбылдашым мага карап,
Өткөн күндү эске салат.
Байкатпастан келсеӊ боло,
Атаганат, атаганат!
Жолукканда тайсалдайсыӊ,
Сырымды мен айта албаймын.
Сагындырбай келсеӊ боло,
Маралдайым, аркардайым.
Алыстап жүргөнүңдө менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?
Жаралдың бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын бактысына?
Сүйдүрүп жүргөнүңдү сездиң бекен,
Элесиңди тумар кылып,
Тумар кылып жүрөгүмө.
Сезимди сооротомун, унутту деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.
Акыретке кеткен келе элек,
А дүйнөнү айтып бере элек.
Өкүнүчү арбын болсо да,
Өмүр чиркин өзү керемет.
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет,
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Өмүр жазы кышта жайнабайт,
Булбул дагы үнсүз сайрабайт,
Өмүр кыска, бакыт көз ирмем,
Жаш кезекти бизге байлабайт.
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет,
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Кадырлашып жүрүп өтөлү,
Карылыкты бизге жоё элек.
Адам уулу өлбөс боло элек.
Аңдыганын ажал коё элек,
Өзүң жүргөн тебелеп,
Өмүр-өмүр керемет,
Адам асыл экенин,
Адам өзү сезе элек.
Сөзү : Т. Байзаковдуку
Обону : А. Жайнаковдуку
Ала-Тоо ак калпагын кийген кезде,
Аскасы көк асманга тийген кезде.
Мен дагы жолго чыгам таңды тосо,
Кучактайм ой-кырларын нурга кошо.
Улуусуң, кыргыз жери, нурдан бүткөн,
Сулуусуң, кыргыз жери, ырдан бүткөн.
Ысык-Көл жердин көркү, кырлар кашы,
Адырлар көкүрөгү, токой чачы.
Дайралар кан тамыры, чоку таажы,
Седеби, топчулары, ар бир ташы.
Кең жүздүү, гүл денелүү кыргыз жери,
Күн жүздүү, берекелүү кыргыз жери.
Жылдыздар көк бетинен өчкөн кезде,
Жарык нур жер жамалын өпкөн кезде.
Көл чалкып, тоолор койнун ачкан кезде,
Дил жаркып, таң күлкүсүн чачкан кезде.
Көркүңө көрк кошулат, кыргыз жери,
Сезилет ата-энелик мээримдери.
Сөзү : Максат Базарбаевдики
Обону : Ө.Козуевдики
Кызыл-тазыл кийинген, кыздардан кыз тандайбыз,
Көңүлгө жагып калды деп, көз кырын салып жандайбыз.
Көзгө толот жаркылдап, ак көйнөкчөн Айдай кыз
Айдай кыз, Айдай кыз, ак көйнөкчөн Айдай кыз
Ашык кылып артыңдан, ээрчитесиң Айдай кыз
Жүрөгүмдү куйкалап убайымга салбаңыз.
Жашоонун өмүр булагы өзүңсүң дейм Айдай кыз
Айдай кыз, Айдай кыз, өзүңсүң дейм Айдай кыз
Өзгөлөрдөн өзгөчө көрүнөсүң Айдай кыз
Сулуулардан суйкайып бөлүнөсүң Айдай кыз
Ажарың мынча сүйкүмдүү ай чырайлуу Айдай кыз
Айдай кыз, Айдай кыз, ай чырайлуу Айдай кыз
Сулуу, сулуу кыздардан тандап сүйдүм Айдай кыз
Тал чыбыктай белиңден кармап сүйдүм Айдай кыз
Тартибиңе тамшанып талдап сүйдүм Айдай кыз
Айдай кыз, Айдай кыз, талдап сүйдүм Айдай кыз
Сөзү : Азада Бегимкулованыкы
Обону : Ж.Кочкоровдуку
Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүбөгөн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.
Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.
Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.
Сыйласын-сыйлабасын башка бирөө,
Ырымды билгендердин,
Сырымды билгендердин эсиндемин
Баркымды билгендердин эсиндемин.
Сөзү : Максат Базарбаевдики
Обону : Ө.Козуевдики
Жаздым сени сыртыңдан билгенимди,
Жылмайыңкы жайдары күлгөнүңдү.
Жактырдым мен айрыкча ошол күнү
Жарашыктуу ак көйнөк кийгениңди.
Жактырдым мен айрыкча ошол күнү
Жарашыктуу ак көйнөк кийгениңди.
Көргүм келет карагат көздөрүңдү,
Ак куу сымал койкоюп жүргөнүңдү.
Ак кептерим, аны сен сездиң бекен,
Ашык болуп артыңдан жүргөнүмдү?
Ак кептерим, аны сен туйдуң бекен
Ашык болуп артыңдан жүргөнүмдү?
Жаздым сенин күн сымал тийгениңди,
Жигиттерди сүйдүрүп ийгениңди.
Кызганамын, алтыным, башкалардан,
Билесиңби жүрөктөн сүйгөнүмдү?
Кызганамын, алтыным, бөлөктөрдөн,
Билесиңби жүрөктөн сүйгөнүмдү?
Кызганамын, алтыным, башкалардан,
Билесиңби жүрөктөн сүйөрүмдү?
Кызганамын, алтыным, бөлөктөрдөн,
Билесиңби жүрөктөн сүйгөнүмдү?
Билесиңби жүрөктөн сүйөрүмдү?
|