|
Сөзү : Б.Мамаевдики
Обону : Б.Мамаевдики
Сөзү : Б.Мамаевдики
Обону : Б.Мамаевдики
Моймолжуган көзүңдөн айланайын,
Узун кара чачыңа байланайын.
Жалгыздыктан тажасаң келгин бери,
Жаман суук сөздөрдөн далдалайын.
Кайырма:
Эркелечи чарчабай, эркелечи,
Эс алчу кез биз үчүн эрте дечи.
Эркелечи чарчабай, эркелечи,
Эс алчу кез биз үчүн эрте дечи,
Эркелечи.
Жан бирге жаш селки ала-тоолук,
Эркелетчи, наристем, бала болуп.
Бул дүйнөдө күн жеткис жыргалымдай,
Жарык чачкан ак жүзүң айдай толуп.
Кайырма:
Күнүгө уктай албай толгономун,
Дайыма таттуу уйкумдан ойгономун.
Билбедим, айткылачы, замандаштар,
Дүйнөдө кандай сүйүү ак болорун.
Сагынып көрбөй калсам издей берем,
Өзүңө айланчыктап күндө келем.
Кантсем да мээрим чачып койбойсуң сен,
Айтчы өзүң, жароокерим, таш боор белең?
Сүйүү да эскиреби түсү карып?
Сүйүү да калат беле таштай катып?
Кечээки назик мүнөз, таттуу сүйүү,
Кетеби кайрылбастан тетир басып?
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаев
Бирге учуп, бирге отуруп жанашып,
Биз тааныштык сын көз менен карашып.
Сапарлашым, сага арнап ыр окуйм,
Самолётто сапар тартып баратып.
Кайырма:
Ар убактта шыдыр болсун жолуңуз,
Аткарылсын ар бир максат оюбуз.
Суранамын чын жүрөктөн бул ырды,
Эстеликке кабыл алып коюңуз.
Адам деген бир жаралат өмүрдө,
Ойноп-күлгүн кайгы-муңга чөмүлбө.
Саламат бол, кайда жүрсөң унутпа,
Самолётто сапарлашың жөнүндө.
Кайырма:
Ыр ырдадым баратканда асманда,
Тең берерсиң термелүүңдү жазганга.
Мен бактылуу болор элем эгерде,
Сен жөнүндө оюм ишке ашканда.
Кайырма:
Сөзү : К.Усупбаев
Обону : Б.Мамаев
Теңирим теңдеп кошкон, алган жарым,
Тереңдеп ойлоп турам ойдун баарын.
Жанымдын жарымы болуп, ой бөлүшүп,
Жакшы сөз арнаарың чын мага дайым,
Алган жарым.
Кудайым каалап кошкон, алган жарым,
Кубанып ойлоп турат ойдун баарын.
Турмушта арка-жөлөк болуп мага,
Туу болуп турарың чын мага дайым,
Алган жарым.
Бак берип, Кыдыр даарып турса дайым,
Балдарга өмүр берсин бир Кудайым.
Жарым деп тартып турган мага убайым,
Жалгыз сен, жалгыз сенсиң, сен жубайым.
Жаным деп тартып турган мага убайым,
Жалгыз сен, жалгыз сенсиң, сен жубайым.
Кошулам өмүр сүрүшкө,
Көз артам шаардык жигитке..
Сыныма толду сырт жагы,
Сыр жагы шашам билишке.
Колумдан кармайт кой десем,
Мен үчүн кандай ойдо экен.
Мүнөзү сылык жайдары,
Билими канча болду экен.
Ар дайым оюм бийикте,
Ашыкмын шаардык жигике.
Ар күнү көрүп жүрсөм да,
Ашыгам сырын билишке
Кийгени түрлүү мода экенн,
Узун чач неге койду экен?
Ал жагы деле мейличи,
Акылы канча болду экен?
Сөзү : Ж.Исабаева
Обону : Б.Мамаев
Тагдырдын көрүп жазганын, эй,
Таттуусу болдуң башканын.
Тамшанган менен жете албай,
Талпынып алыс жактамын.
Кайырма:
Түңүлбөй, бирок жүрөгүм,
Түпөйүл болуп жүрөмүн.
Түгөйүң болуп түндө мен,
Түшүңө кирип жүрөйүн.
Өзүң деп өтүп көп күнүм, эй,
Өксүдүм, жаным, өксүдүм.
Өткүнү болуп өзөктүн,
Өртүнө суу сээп өткөнүң.
Кайырма:
Сыртына барып айылдын,
Сырдашкан кезди сагындым.
Түгөнбөс сөздүн учугу,
Түбүндө аппак кайыңдын.
Кайырма:
Ак кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ак сүйүү, сенин көзүң жок.
Жылдызын көктөн таратып,
Жылмайып тоодон таң атып.
Кадыр түн тоскон кездер, ай,
Кай жакта калды адашып?
Кайырма:
Айтылган таттуу ант калып,
Жүрөктөн кетпес так калып.
Сен кеттиң кайра кайрылбай,
Мен турам көзгө жаш алып.
Кайырма:
Ал кайың турат, өзүң жок,
Андагы айткан сөзүң жок.
Арзыган жарга кошпогон,
Ак сүйүү, сенин көзүң жок.
Эх, сүйүү, сенин көзүң жок.
Түшүнгөн соӊ байкабай келгенимди,
Түйшүк тартып, кыйналсын дегениӊби?
Жүзүӊдөн күлкүӊ төгүлүп,
Жүз түркүн сырга айландыӊ,
Орто жаш кезде көрүнүп,
Ооркчан кылдыӊ адамды.
Жаштык кезим бекерге өткөндүгүн,
Жамалыӊды бир көрүп сездим бүгүн.
Кайчылаш жаткан жол менен,
Кездешпей жүрсөӊ кантейин.
Кайраттуу кезде кайда элеӊ?
Кечиккен жалжалым менин.
Ансыз деле чектелүү өмүрүмдү,
Арман менен достошуп өткөрөмбү?
Аксатпай Теӊир сүйүүдөн,
Пендесин кемсиз кылбайбы.
Арзыбас болуп бул дүйнөӊ,
Сүйүүгө сараӊ турбайбы.
Күлгүн жаш кез кайда элеӊ,
Күйдүргөн жалжалым менин.
Айдай бир жүзүң нур чалып,
Азапка, жаным, сен салып.
Аттиң, ай, билсем ошондо,
Аябайт элем мынчалык.
Кайырма:
Бурала басып сен келип,
Болбодуң мага жан шерик.
Муңдуу бир обон ыр ырдап да,
Муңайган жоктур менчелик.
Муңдуу бир обон ыр ырдап да
Муңканган жоктур менчелик.
Күндөй бир жүзүң нур чалып,
Күйүткө, жаным, сен салып.
Күйбөшүң сенин билгенде,
Күйүкпөйт элем мынчалык.
Сүйбөшүң сенин билгенде,
Сүйбөйт да элем мынчалык.
Кайырма:
Ак көйнөк кийсең жарашып,
Артыңдан баары карашып.
Анчалык неге ашыктым,
Ардактап сени талашып?
Кайырма
|