|
Сөзү : Б.Сарногоевдики
Обону : Н.Давлесовдуку
Аргымак минип туйлаттың бозой,
Ай жарык тоодо түн каттың, бозой
Анда бир санда көрүнүп коюп,
Ашыкык отун ырбаттың, бозой
Ырбаттың бозой
Ырдаттың бозой
Жылкычы бозой
Ойлорум менин өзүңдө бозой
Орчундуу айткан сөзүңдөн бозой.
Түшүмдө сенсиң, өңүмдө сенсиң,
Түк кетпей койдуң эсимден бозой
Сөзүңдөн бозой
Көзүңдөн бозой
Жылкычы бозой
Кыргызга кеткен даңкыңдан бозой
Кыздарга кымбат баркыңдан бозой
Кыялын бүткөн алтындан бозой
Кылчактап карайм артыңдан бозой
Даңкыңдан бозой
Баркыңдан бозой
Алтындай бозой
Кайталап созгон үнүңдөн бозой
Кайраттуу эрдей түрүңдөн бозой
Кызматка кабак түйбөгөн бозой
Кыздардан, бирок сүрдөгөн бозой
Түйбөгөн бозой
Сүрдөгөн бозой
Жылкычы бозой
Сөзү : Жамиля Ахунжанованыкы
Обону : Бахрам Азимовдуку
Сыдырым жел, сылаа чачымдан,
Саамайымды сага тосоюн.
Илеби көрүнөт көзүмө,
Жылуулук бергенсийт көңүлгө.
Сезимимде жашайт элесиң,
Айтчы, сүйүүм, качан келериң.
Кайырма:
Шамал, айтчы, шыбырачы,
Ак сүйүүмдү сезсеңчи.
Шамал, айтчы, шыбырачы,
"Жаным, мага кел" дечи.
Махабаттын оту жалындап,
Сагынычта күтөм жол карап.
Айтып барчы жүрөк арманым,
Ишенейин сага, шамалым,
Сезимимде жашайт элесиң,
Айтчы, сүйүүм качан келерин.
Кайырма:
Шамал, айтчы, шыбырачы,
Жолугалы, шыбырачы,
Суранамын, шыбырачы
Ак сүйүүмдү сезсеңчи.
Кайырма:
Кой таарынба унутпаймын эсимдесиң
Комуз кылдай толгонуу сезимдесиң
Карап көрчү капалуу кабагымды
Кантип анан сагыныч сезилбесин
Көрсөм четтен өзүңдү күйөт көзүм
Көпкө тиктеп турганда сүйө көзүм
Бар экенде жүрөгүм сен да барсың
Анткени сен ар дайым жүрөктөсүң
Кой таарынба унутпаймын эсимдесиң
Комуз кылдай толгонуу сезимдесиң
Карап көрчү капалуу кабагымды
Кантип анан сагыныч сезилбесин
Кандай жакшы ак сүйүүнүн бардыгы,
Кара түндү жарган сымал таң нуру.
Майрам күндөй маанайың шат жүрөрсүң,
Махабаттын толуп турса сандыгы.
Кайырма:
Келгиле, ак сүйүүнү аздектейли, сыйлайлы,
Махабаттын аруу ырын ырдайлы.
Бул өмүрдө болбосун деп муң-кайгы,
Шаңданалы ырдап, күлүп жыргайлы.
Жан дүйнөңдү аруу сезим уялап,
Жаман ойду жардан алыс кубалап.
Ак тилегин арнап турса жакының,
Арзуу гүлү көркүн ачып буралат.
Кайырма:
Ичкенге суу дем алганга абасың
Эс алганга жашыл токой арасын
Жараткан бейм ушул аруу дүйнөнү
Жыргасын деп адамзаттын баласын
Кайырма:
Жашыл төрү кооздугундай сайманын
Жели согуп мээ сергиткен айдарым
Адамзатка тартуулаган бейишти
Жаратканым түбөлүккө арнагын
Сапар жолго мингиле деп учкула
Жуткула деп суусундукту кычкыла
Айткылачы аябастан бергенин
Адамзатка акыл демин күч кубат
Кайырма:
Күндүн нуру турат көктөн куюлуп
Керектиги жан күткөндөй туюлуп
Ар күң сайын жаратканга ааламдын
Аздык кылат 5 маал турсак сыйынып
Кайырма:
Жалбырттаган кызгалдагы кыянын,
Андан сансыз эргүүлөрдү туямын.
Аалам кезип, аба жиреп учсамбы?
Албууттанам, кайда барып сыямын?
Кайырма:
Музыка - жаштык кезим толкуган,
Музыка - эргип учкан кыялым.
Музыка - чыккан ырым жүрөктөн,
Музыка - өмүр суусу мүрөктүн.
Кыял, чиркин, мейкиндикке атылат,
Жүрөгүнө жердин шарын батырат.
Ал мезгилди кайсы жакка жетелеп,
Ал жаштыкты кайсы жолго чакырат?
Кайырма:
Бизди жандап барат үмүт,
Карап койчу, тагдыр, күлүп.
Баратамын, барган сайын, жашоо, сени сүйүп.
Бешигине салып баккан,
Эркелетип энем, атам тапкан.
Кайырма:
Ала-Тоонун жашоо сонун,
Кенен кыл биз түшкөн бакыт жолун.
Асан-Үсөн айдан түшкөн,
Жер бети жаңырсын биздин күлкүбүздөн.
Кол кармашып бирге баскан,
Күбө болуп көпкөк асман,
Ууз сүйүүнү утур алып, эркем, мен да шашкам.
Жаз жыттанган тоонун гүлү,
Кубанамын сүйүп сени ар бир күнү.
Кайырма:
Ала-Тоонун жашоо сонун,
Кенен кыл биз түшкөн бакыт жолун.
Асан-Үсөн айдан түшкөн,
Жер бети жаңырсын биздин күлкүбүздөн.
Жашооңду нурда, биз менен ырда,
Кайрылбай өмүр, уланат жылга.
Жалында, жырга, уялып турбагыла,
Асманың ачык, жылдыз нур чачып,
Жаңы таң атып турса,
Билгенге ушул бакыт.
Кайырма:
|