|
Сөзү : Нинакан Жүндүбаеваныкы
Обону : Канымгүл Досманбетованыкы
Сөзү : Омор Султановдуку
Обону : Түгөлбай Казаковдуку
Эмненидир мен сага арноом керек,
Көз көрүшүү болбойт го кайрадан бир.
Ал күндөрдө түбөлүк калгым келет,
Эмненидир мен сага арноом керек.
Кайырма:
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын,
Боз жоргодой таң ашчу жайдакталдым.
Биз жоголдук экинчи кайрылбайбыз,
Сен кайдасың бул күндө мен кайдамын.
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек,
Барбы алдыда көздөшүү эч ким билбейт.
Ошол түнгө кайрадан баргым келет,
Жакшы ыр жазып мен сага арноом керек.
Кайырма:
Өзүмдү-өзүм мен эми алдоом керек,
Качандыр бир кездерде жолугам деп.
Ушул ырды жакшы деп арноом керек,
Өзүмдү-өзүм ошентип алдоом керек.
Кайырма:
Сөзү : К.Алмазбековдуку
Обону : Б.Жандаровдуку
Айылдын ары жагынан,
Алмалуу колхоз багынан.
Жумуштан иштеп тең кайтып,
Келаткан күндү сагынам.
Көрүшкөн жандай жаңыдан,
Кете албай алыс жаныңдан.
Кылчактап улам кайрылып,
Кыйылган күндү сагынам.
Жаштыктын ошол чагынан,
Тең татып өмүр багынан.
Колума кызыл гүл алып,
Коштошкон күндү сагынам.
Сагынам, сени сагынам,
Алыссың кантем жаныман.
Сүйгөнүн эстеп сагынуу,
Эң кыйын экен баарынан.
Сөзү : М.Тураеваныкы
Обону : А.Жайнаковдуку
Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.
Мөл булакка барабыз ай тоскону
Ат жалында шамалда ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.
Каректерге жашырып сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү.
Жылдыздарды чакырып койнубузга,
Өткөрөлү экөөлөп түнүбүздү.
Сөзү : Шайлообек Дуйшеевдики
Обону : Камчыбек Букалаевдики
Сөзү : Эсенгул Ибраевдики
Обону : Жеңишбек Шамшиевдики
Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
Тирүүлүктө түгөнбөгөн түйшүгү.
Апамды мен кут төгүлгөн үй десем,
Атам анын кармап турган түркүгү.
Атам барда мен таптагы ылаачын,
Атам менин өзгөрбөгөн кубатым.
Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
Жүрүштөрдө күнгө жеткен кулачың.
Шаштым кетип бошоңдосо сабырым,
Жолдон алып оор жүктүн жарымын.
Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
Атам менин терең жайган тамырым.
Кубанчыма, кайгыма да тең шерик,
Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
Ак сарайым, алтын туткам кутманым,
Бул дүйнөгө сен тургузган эстелик.
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : А.Керимбаевдики
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди, ак булуттар, жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Олтурам эскерүүдөн ичтен сызып.
Сезгендей айрыларды коркор элем.
Алтын кум, сен баарына орток элең.
Өчөшүп бизди өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.
Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым, жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.
Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди?
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.
Боз салкын, арча-зоолуу нары,
Айлана тынчтыктан кубанып
Көкөлөп эргиген жүрөгүм
Көктөмдү эңсеткен чүрөгүм
Булуттар бозоруп бурганак
Суу жээги жайнаган чырганак
Зымырап ойгонгон кыялым
Ыр менен күттүргөн кумарым
Жел менен көл түсү ыргалат
Көл менен күн нуру чагылат
Мен сени ыр менен айралбай
Же сага же ырга жете албай
Мен сени ыр менен айралбай
Же сага же ырга жете албай,
Бос салкын.
Сөзү : Н.Алымбековдуку
Обону : А.Бедияровдуку
Ажарың айдай чырайың, айдай чырайың,
Ак жибек кийсең ылайык, кийсең ылайык.
Ашыгың болуп калбаган, болуп калбаган,
Арман күн менде бир айып, менде бир айып.
Ашыгың болуп калбаган, болуп калбаган,
Арман күн менде бир айып, сенде бир айып.
Жоогазын гүлдөй чырайың, гүлдөй чырайың,
Жоолугуң кызыл ылайык, кызыл ылайык.
Жооругуң кандай билбедим, кандай билбедим,
Жок алдар менде бир айып, менде бир айып.
Жооругуң кандай билбедим, кандай билбедим,
Жок алдар менде бир айып, сенде бир айып.
Гүлкайыр гүлдөй буралып, гүлдөй буралып,
Күлгүн жаш сага ылайык, сага ылайык.
Кусадар болуп жетпеген, болуп жетпеген,
Кургур ай, менде бир айып, менде бир айып.
Кусадар болуп жетпеген, болуп жетпеген,
Кургур ай, менде бир айып, сенде бир айып.
Күйүткө түшсөң муңайып, түшсөң муңайып,
Күлгөнүң кимге ылайык, кимге ылайык?
Башканы сүйүп көрбөгөн, сүйүп көрбөгөн,
Башымда ушул бир айып, ушул бир айып,
Өзгөнү сүйүп билбеген, сүйүп билбеген,
Өзүмдө ушул бир айып, ушул бир айып,
Арман күн менде бир айып, сенде бир айып.
Сөзү : Биримкул Алыбаевдыкы
Обону : Райхан Бейшеналиеваныкы
Келем дедиң чабалекей келгенде,
Келген жоксуң кечиктиң сен эмнеге,
Жүрөгүмдө кайгы жаман сыздатты,
Келгин куштар кайра кайтып кеткенде
Кайырма:
Келем дедиң кар түшкөндө талаага,
Келген жоксуң кечиктиң не садага.
Кар да кетти өзөндө муз ээриди,
Салып коюп муздак бир ой санаага.
Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып,
Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып.
Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө
Чындап же мен калдымбы сенден айрылып.
Жылдар келип жылдар акты бир далай,
Тостум жолуң күтүүм түнү уктабай,
Кетип жатып мага берген бир гүлүң,
Тереземде дале турат кургабай.
Кайырма:
Келем дедиң күзбү, жазбы кайрылып,
Келем дедиң ызгаар кышты жай кылып.
Келем дедиң чагылгандуу нөшөрдө
Чындап же мен калдымбы сенден айрылып.
Сөзү : С.Жусубалиеваныкы
Обону : К.Рыскуловдуку
Башкаларга баркың билинбей,
Жүрсөң деле көптүн бириндей.
Жашоо берген өңдүү а мага,
Жагымдуусуң жаздын гүлүндөй, эй, гүлүндөй.
Кайырма:
Махабатым Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.
Абалымды сезер болсоңчу,
Кушум болуп колго консоңчу.
Көңүл үчүн кээде бир жолу,
Көз кырыңды салып койсоңчу.
Кайырма:
Наристесиң Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.
Башкаларга баркың билинбей,
Жүрсөң керек көптүн бириндей.
Жашоо берген өңдүү а мага,
Жүрсөң керек жаздын гүлүндөй.
Кайырма:
Махабатым Чолпон жылдыздай
Көз талдырат көркүң кундуздай
Көргөн сайын көөнүм арбалып
Адатым бар ичтен бир сызмай
Наристесиң Чолпон жылдыздай,
Көз талдырат көркүң кундуздай.
Көргөн сайын көөнүм арбалып,
Адатым бар ичтен бир сызмай.
Сөзү : Ибрагим Жунусовдуку
Обону : Ибрагим Жунусовдуку
Бешенеме бүтпөгөнүм жүрөгүмө бүтүп калыпсың,
Күлкүңдү эстеп күндө сенин.
Алигиче таңдайымдан,
Даамы кетпейт кызыл алманын.
Кайырма:
Алма, алма, кызыл алма.
Жегин деп мен берсем сага,
Тең болсун жеп экөөбүзгө,
Бөлүп койдуң эки кесим алманы сен.
Алма, алма, кызыл алма,
Тең бөлүндү мага, сага.
Чылап ширин жылмаюуңа,
Бердиң анын жартысын мага.
Насибиңди бөлүшкөнгө,
Турду ичимден мээрим төгүлүп.
Билбептирбиз анда экөөбүз,
Көп өтпөстөн жарты алмадай,
Каларды биз эки бөлүнүп.
Кайырма:
Бешенеңе түтпөгөнмүн,
Жүрөгүңө бүтүп калганмын.
Улутунуп сен да мени,
Көп эстерсиң, сагынарсың,
Көргөн сайын бүтүн алманы.
Кайырма:
Сага ким айтты жалгандарды ишендиңби
Алтыным айтпастан кош дедиңби.
Сага канткенде жолугамын дарегиңди билдирсеңчи,
Таарынып мага кеттиңби?
Кайда жүрбө сен болгун аман,
Сени ойлоп сагынамын кайгыга батам.
Кайдасың сен качан жолугам,
Сүйөрүмдү сага айтпай жүрөктө катам.
Кайырма:
Жалгызымдан айрылдым,
Адаштыбы бакытым
Балдай туттуу сөзүңдү,
Жылмайган жүзүңдү
Эңсеп сагындым.
Жалгызымдан айрылдым,
Адаштыбы бакытым
Балдай туттуу сөзүңдү,
Жылмайган жүзүңдү
Эңсеп сагындым.
Сага ким айтты жалгандарды ишендиңби
Алтыным айтпастан кош дедиңби.
Сага канткенде жолугамын дарегиңди билдирсеңчи,
Таарынып мага кеттиңби?
Бул дүйнөдө сен деп жашаймын,
Жалгызымсың ак сүйүүмдү сага арнаймын.
Үмүт үзбөй жолуң караймын,
Келчи мага шам чырагың болуп жанайын.
Кайырма:
Жүргөндүрсүң сен, колуң карматып,
Менден да башка ардагың бардыр.
Тагдырга жаным таарынгандай
Тушалып калдым сага бара албай.
Тарынбагын сен тагдырың башка
Жабыркадым мен таппастан айла
Жолубуздан биз адаштык окшойт
Жүрөгүм сыздап өзүңдү жоктоп.
Жары болорсуң сен башканын
Ардактап сыйлап арзыган дайым
Айтылган таттуу тилектер кайда?
Кош болгун жаным, кош бол ардагым.
|