|
Өлкөбүз биздин общий дом,
Ойнойбуз, ырдап, бийлейбиз.
Орулуу бир иш бүтүрбөй,
Ооз көптүрүп сүйлөйбүз.
Бузуп, тоноп жатса да
Бурулбайбыз, күйбөйбүз.
Кытайы да, түркү да
Тең укуктуу бирдейбиз.
Ким кожоюн, ким конок,
Кызыкпайбыз билбейбиз.
Ак үйдүн даамын таткандар,
Акимдерде жаккандар.
Абийирди, намысты,
Ала-Тоону саткандар.
Арам кылган иш үчүн,
Адал орден таккандар.
Кожоюндун кылычын,
Кош колдошуп чапкандар.
Жат дегенде жаткандар,
Бас деген жакка баскандар.
Өзү түшөр чуңкурун,
Өзүлөрү каскандар.
Хан сарайды кургандар,
Калкка көзүн жумгандар.
Келечектин үлүшүн
Кабыргадан жулгандар.
Казынаны курутуп,
Маарыгандар, туңгандар.
Тукуму эмес кыргыздын
Туура кудай ургандай.
Кайгы-капа болушса,
Кышкысын үшүп тоңушса.
Бир жылда үч, төрт той берип,
Билермандар тоюшса.
Пенсиясын чалдардын,
Каалагандай чоюшса.
Акимдер өзү баш болуп,
Ооз менен орок орушса.
Биздеги ушул абалды,
"Бордак" деп коет орусча.
Окуусун бүтүп келебиз,
Орносок акча беребиз.
Ортокеч тапсак эле биз,
Айла жок айтса көнөбүз.
Орундун баарын сатат дейт
"Отдел кадр" эжебиз.
Элибиз айтат жалайт деп,
Май кармаган бармагын.
Керегине жарайт дейт,
Керексизип ар дайым
Эбин тапкан көрөт дейт
Эжебиздин жардамын
Кечеги чоң базарчы
Нарынга кантип барганын.
Ысык-Көлгө жиберет
Ысык көргөн балдарын.
Он жылдык тоюн өткөрдүң
Иши жүрүп жарманын,
Айта берсең сөз бүтпөйт,
Өзүң түшүн калганын
Темир жолдо поезд термелет,
Телмиресиң алыс сен жөнөп.
Артыңда калабы айыл бош,
Аман кел, кайыр кош, кайыр кош.
Биз айтабыз башка эмне деп,
Кеттиң эле издеп бактыңды.
Таптыңбы, мекендеш, таптыңбы?
Кайырма:
Ала-Тоо мурас калып атаңдан,
Ажайып Ата Мекен аталбай.
Тоолордон күлүп чыгып күн өмүр,
Тоолорго күйүп кайра батар жан.
Кадырын өз жериңди биле жүр,
Кайтып келген сапардан.
Дүйнө кезип деңиз кечесиң,
Көйгөйлөрдөн көрдүң нечесин.
Көп азап дагы да кез келет,
Мээримдүү болсо экен өзгө жер.
Максатыңа бирок жетесиң.
Сени күтөт дайым мекениң,
Мен тийлеймин эсенин.
Кайырма:
Жайлоонун төрү кенен,
Өрдөсө өрү кенен.
Өзөндү бойлоп барат,
Бир жигит кызы менен.
Жарк этсе кокус чагылган,
Жигити сылап чачынан,
Кызды сүйдү.
Дыбыр, дыбыр,
Жаады го жамгыр.
Шыбыр, шыбыр,
Айтылды го сыр, ачылды го сыр,
Чачылды го сыр.
Бул махабат, жаралды махабат,
Бул махабат, бул ыйык махабат.
Бул махабат, жаралды махабат,
Бул махабат, бул ыйык махабат.
Шаарымдын өзү кенен,
Аралайт сүйүү деген.
Көчөнү бойлоп барат,
Бир жигит кызы менен.
Жарк этсе кокус чагылган,
Жигити сылап чачынан,
Кызды сүйдү.
Дыбыр, дыбыр,
Жаады го жамгыр.
Шыбыр, шыбыр,
Айтылды го сыр, ачылды го сыр,
Чачылды го сыр.
Бул махабат, жаралды махабат,
Бул махабат, бул ыйык махабат.
Бул махабат, жаралды махабат,
Бул махабат, бул ыйык махабат.
Сөзү : Б.Алыбаевдики
Обону : С.Жумалиевдики
Сен менин жазылбаган ырларымсың,
Сен менин айтылбаган сырларымсың.
Туйлатып жүрөгүмдү алоолонткон,
Сен менин жаштык жалын жылдарымсың.
Сен менин дүйнөдөгү жыргалымсың
Сен менин көк деңизим чалкып жаткан,
Үстүндө ак куу ойноп, чардак учкан.
Эң назик эрке сезим кылдарындай,
Сен менин жыргалымсың нурун чачкан,
Сен менин келечегим бакыт ачкан.
Сен менин ак кептерим канат каккан,
Сен менин мөл булагым калкып аккан.
Ыраазымын миң мертебе тагдырыма,
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан.
Өмүрдө издеп жүрүп сени тапкан
Кыргызым деп кыйкырып күйүп жүргөн,
Кыргызына аркасы тийип жүргөн
Кыйын чыкма жигиттер кайдасыңар,
Журтка таштап иттериң уулуп жүргөн.
Кайдасыңар кыргыздын тегиздери,
Кайрылгыла эл, жерге келип бери.
Канат бутак бололу кайран элге,
Караан тутуп турганда сени, мени
Базар деген баарысын кыйнап турат,
Багылбастан балдарың ыйлап турат,
Камчыга сап, кайраттуу баатыр таппай,
Кайран кыргыз карайлап, кургап турат.
Элди бакчу жан барбы дубаныңда,
Эркектериң жокпу же бул айылда.
Көп катынды көксөгөн көнөк баштар,
Көөшүдүбү төшөктүн кумарына.
Заман эмне болоорун сезчү барбы,
Зар болгондун тагдырын чеччү барбы.
Жаш-карыңды көрүнгөн эзип турса.
Жардам берип жанынан кеччү барбы.
Уландарың аракка кирип кетти,
Уул-кызың акчага тийип кетти.
Семичкедей чагылып жигиттериң,
Чет өлкөнүн чепкенин кийип кетти.
Сырттан келген, сыр тартып жылып кетти,
Сыйга тиккен багыңды кыйып кетти.
Кайран элиң карайлап турганында,
Канча жигит мертинип сынып кетти.
Жаштыкка жандырып сүйүү бизди,
Жалынга ороп койду.
Майрамдап жолуккан күнүбүздө,
Арманды жолотпойлу.
Тилегиң билгизип бери кара,
Илебиң сезгим келет.
Дүйнөдө издеген мени гана
Көздөрүң керек.
Кайырма:
Айды сен арнап бербе,
Күндү сен кармап келбе.
От сезимге толгон, таберик болгон
Таза сүйүү тартуула.
Өзүңдөн бир гана суранычым,
Көңүлдү оорутпайлы.
Көзүңдөн төгүлгөн кубанычым
Калбасын болуп кайгы.
Жалгыздап берилбей санаага да
Жанаша жүргүм келет.
Сүйөм деп кагылган мага гана
Жүрөгүң керек.
Кайырма:
Айды сен арнап бербе,
Күндү сен кармап келбе.
От сезимге толгон, таберик болгон
Таза сүйүү тартуула.
Ай, күндү батырган асманына
Махабат кымбат белек.
Адашпай бактымды тапканыма
Ишенгим келет.
Кайырма:
Айды сен арнап бербе,
Күндү сен кармап келбе.
От сезимге толгон, таберик болгон
Таза сүйүү тартуула.
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Билбейм ыйлап, мен түшүмдөн ойгондум,
Соороно албай сени күтүп таң аткан.
Түшүмдөгү экөө келет элеске,
Улам-улам менден узап бараткан.
Чыйрыгамын, ый угулат ыраактан,
Өңбү же түшпү, биз жолукчу бул ак таң?
Кайырма:
Сен белең, сен белең, ошол түшүм,
Ошол аян сен белең, сен белең?
Алыстагы ошол караан сен белең?
Сен белең, сен белең,
Менден узап кеттиң эле ким менен?
Ким менен? Сен белең?
Укпадың го, чакырганым билдиңби?
Карап койдуң бир кылчайып алыстан.
Асман жарып, дал ошондо ылдыйга,
Эки жүрөк учуп түштү жарышкан.
Тумчугамын, демим жетпей аптыга,
Аттиң арман, кечиктикпи бактыдан?
Кайырма:
|