|
Сөзү : И.Жунусовдуку
Обону : И.Жунусовдуку
Көздөрүң балбыл жанып күйүп турду
Жүрөгүңдүн сокконун сездим, туйдум.
Арабызда жылдарды айтсам сага,
Жылмайып сен жөн гана күлүп турдуң.
Кайырма:
Ээ-эй, быша эле алча
Жанды кыйнаба,
Айдай балам бар, жалгыздарым бар
Үйдө кут болгон, күткөн жарым бар.
Үмүтүң үзбөй менден жүрөсүңбү,
Кат жазыпсың билдирип сүйгөнүңдү.
Махабаттын отуна күйгөнүңдү,
Үй-бүлөм бар сен эсиңе түйөсүңбү?
Кайырма:
Келчи, жаным, суранамын тезирээк,
Неге бердиң убадаңды күтөм деп?
Убадаңда тура албадың сен, жаным,
Башка менен, башка менен ак сүйүүмдү тебелеп.
Кайырма:
Сен ыйлаба, сен ыйлаба,
Кечир, жаным, турмуш жолуң башкада.
Сен ыйлаба, сен ыйлаба,
Кош бол эми, түбөлүгүң башкада.
Уялбагын салынып ак жоолукту,
Болгун деймин татынакай колукту.
Өчүп калды бийик турган карааның,
Улам сага, улам сага кайра булгап колумду.
Кайырма:
Сен ыйлаба, сен ыйлаба,
Кечир, жаным, турмуш жолуң башкада.
Сен ыйлаба, сен ыйлаба,
Кош бол эми, түбөлүгүң башкада.
Сөзү : Абдирашит Урбаевдики
Обону : Эгемберди Талиповдуку
Суранам кетпесеңиз ичим тыз-тыз,
Сезимде махабатты ойготтуңуз.
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Кайырма:
Жүрөгүм ичим тыз-тыз
Сезимди ойготтуңуз
Суранам өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Сүйлөңүз ширин экен сөздөрүңүз,
Тиктеңиз назик экен көздөрүңүз.
Суктанып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү, сөздөрүбүз.
Кайырма:
Суранам кетпесеңиз ичим тыз-тыз,
Жактыңыз махабаттын отун укмуш.
Жылытып ошол оттун илебине,.
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Азыр сен алыстасың, менден узап,
Арадан өтсө дагы канча убак.
Элесиң эстен кетпей туруп алды,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?
Табылып бактысына, таалайына,
Табылдың кандай жандын маңдайына?
Кыйналып жүргөнүмдү сездиң бекен,
Жүрөгүмө салдың эле,
Салдың эле кандай тузак?
Сезимди сооротомун, унуттум деп,
А бирок, чындыгында, андай эмес.
Мен сенден үмүтүмдү үзсөм дагы,
Жүрөгүмдө жашай берет,
Жашай берет сүйкүм элес.
Сөзү : Г.Сатыбековдуку
Обону : Г.Сатыбековдуку
Канча жолу ыйлабаймын десем да,
Тагдыр мени сынаганын койбоду.
Таштабайм деп убадаңды берсең да.
Буйрубады бизге турмуш жолдору.
Кайырма:
Ыйлатпачы, ыйлатпачы,
Ансыз деле ыйлап жүрөм.
Кыйнабачы, ырбатпачы,
Жаратымды муңдан бүткөн,
Ыйдан бүткөн.
Бул тагдырдын таш боорлугун карачы,
Бир-бирине ашыктарды кошпогон.
Менден жаным өзүңдү алып качпачы,
Таба аламбы эми сага окшогон?
Кайырма:
Болбосо дейм биздикиндей тагдырлар,
Кол кармашып сүйүү балын ичпедик.
Жаратымды мезгил гана дарылаар,
Ал күндөрдү кала берем эскерип.
Кайырма:
Сүйүү отун өчүрбө,
Жүрөсүң сен көңүлдө.
Таарынбастан, секелегим,
Шерик болчу өмүргө.
Кайырма:
Таарынбачы, таарынба,
Жакшы күндөр алдыда.
Келин болчу түбөлүккө,
Мен чоңойгон айылга.
Бой көтөрүп керилип,
Терс бурулба телмирип.
Таарынычың жаза албай,
Жүдөп бүттүм эзилип.
Кайырма:
Эркем, эркем, эркем, ай,
Эркелетер бекем, ай?
Өзүң менен түбөлүккө,
Өмүр сүрөр бекем, ай?
Таарынбачы, таарынба,
Жакшы күндөр алдыда.
Келин болчу түбөлүккө,
Мен чоңойгон Аксыга.
Бөлүшөм досум кайгыңды,
Азаптуу күндө калдыңбы,
Кан жутуп турсаң, кайгырып,
Кантейин каргайм тагдырды.
Иий, оо-ээй, тагдырды, тагдырды...
Кайырма:
Сенин энең, менин энем,
Кимге канча өмүр берген
Ыйлабачы эми досум,
Кайрат кылчы ыйлай бербей,
Энесинен айрылгандан,
Эх, досум жалгыз белең сен,
Бул дүйнөдө жалгыз белең сен.
Боору таш ажал сордубу,
Оо, досум көрбөй тоюңду.
Энекең кетти оо, дүйнө
Кара жер эми тойдубу.
Иий, оо-ээй, тойдубу, тойдубу...
Кайырма:
Сенин энең, менин энем,
Кимге канча өмүр берген
Ыйлабачы эми досум,
Кайрат кылчы ыйлай бербей,
Энесинен айрылгандай,
Эх, досум жалгыз белең сен,
Бул дүйнөдө жалгыз белең сен.
Апаке, чарчадың го түйшүктүн сапарынан,
Жашырып билдирбейсиң кабагыңдан.
Баарысын көрүп турам, Буурул баскан саамайыңдан.
Бар болчу бактыбызга,
Медерим, кагылайын.
Апаке, аман жүрчү,
Апаке, аман жүрчү, анайын.
Мезгилдер шашса дагы, карыбас болсоң кана,
Ошону тилей берем, жаным апа.
Жашарып жылдан-жылга,Тоо гүлүндөй турсаң кайра...
Берейин жаштыгымды,
Берекем, кагылайын.
Апаке, карыбачы,
Апаке, карыбачы, анайын...
Мен эми барктап билем, апаке, эмгегиңди,
Өстүрүп адам кылдың тентегиңди.
Сезбепмин ойноп жүрүп,
Карылыкка келгениңди.
Бар болчу бактыбызга,
Байлыгым, кагылайын.
Апаке, аман жүрчү,
Апаке, аман жүрчү, анайын.
Кызыл кийсең жарашып,
Кылчак-кылчак карашып.
Кызгалдактай кулпурасың, жаным
Кыштак баары сага ашык.
Кайырма:
Ай сары кыз, сары кыз,
Жүрөгүмө дары кыз
Кулпунайдай кулпурасың, жаным
Курбалдашым сары кыз.
Сары, сары, сары кыз
Жүрөгүмө дары кыз
Кулпунайдай кулпурасың, жаным
Курбалдашым сары кыз.
Жашыл кийсең жарашып,
Жалт-жалт сени карашып.
Улуу-кичүү баары бирдей сүйүп,
Урушабыз талашып.
Кайырма:
Кыялымда өзүңдү,
Кыса кармап энчилейм.
Түбөлүккө колуң бересиңби,
Түшүн мени келчи дейм.
Кайырма:
Кайырма:
Төкчү, төкчү жазгы жамгыр,
Сүйгөнүмдүн арманын
Нөшөрүңө дирилдеген,
Жалбырактар ыйласын
Жакшы көрөм, жаздын жытын,
Кызгалдактар аңкыган.
Делебелди козгоп келет,
Жаз жамгыры тамчыга.
Экөөбүздүн сүйүүбүздү,
Алыс дагы жашынган
Ачкым келет жан сырымды,
Жалбырактар жашырган.
Кайырма:
Төкчү, төкчү жазгы жамгыр,
Сүйгөнүмдүн арманын
Нөшөрүңө дирилдеген,
Жалбырактар ыйласын
Көргөнсүймүн элесиңди,
Ак куу сымал учкансыйт
Жоогазындай кош көздөрүң,
Мага карап тургансыйт.
Сырдуу бакта басчу элек,
Кыялдарга чөмүлүп.
Сагындырат ошол күндөр
Ак жамгырдай төгүлүп.
Сүйөм десең жүрөк туйлап.
Мен бактылуу сеземин
Кайда кеттиң ошондогу
Махабаттын бөлүмү
Кайырма:
|