super.kg logo

УКМК Бишкектеги атышууда террорчу деп кармалгандардын аты-жөнүн айтпай жатат

 

Бишкекте согушчандардын башкы максаты ишке ашкан жок

16-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйлөрдүн биринен 9 согушкерди кармоо үчүн атайын операция жүргүздү. 2 саатка созулган кармашууда 4 согушкер колго түшүрүлүп, 5 согушкер ошол жерден өлтүрүлдү. УКМК кармалгандарды суракка алып, алар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөлөрү, террорчулар экенин жана Орозо айт күнү Бишкекте эл көп чогулган жерлерде, Орусиянын Кант шаарындагы авиабазасында жардырууну пландашканын жарыялады.

* 17-июль күнү УКМКнын атайын тобу атышуу болгон жайда иликтөө жүргүзүп, жардыруучу зат даярдоо үчүн керектүү жарым тонна аммиак селитрасын, чоң суммадагы акча, Калашников жана АКСУ үлгүсүндөгү 7 автомат, Макаров үлгүсүндөгү 5 тапанча жана көптөгөн жардыруучу заттарды табышты. Ошондой эле “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун желегин да табышкан. Алгач колго түшүрүлгөндөр бешөө экени айтылса, бул күнү кармалгандардын саны 7 адамга жеткени кабарланды.

УКМК: "Согушкерлердин лидери - казакстандык кылмышкер Жанболот Амиров"

УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов: “Террордук топтун башында Казакстандан качып келген кылмышкер Жанболот Амиров турганы аныкталды. Ал чабуул учурунда үйдүн ичинде атылып өлтүрүлдү. Ал баштаган топтун 7 мүчөсү эки операциянын жыйынтыгында (ред. ушул эле күнү шаардын башка аймагында да террорчуларды кармоо операциясы жүргөн) жок кылынды. Колго түшкөндөр сурак беришүүдө. Ошондой эле учурда атайын кызматтар жашыруун террордук уюмдун башка дагы активдүү мүчөлөрүн издеп табуу боюнча оперативдүү иш-аракеттерди жүргүзүшүүдө”,- деди.

Казакстан айрым маалыматтарды четке какты

Ушул эле күнү Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин антитеррордук борбору Жанболот Амиров тууралуу айтылган айрым маалыматтарды төгүндөп, атайын билдирүү жасады.

"Алар радикалдык үгүттүн таасири астында Сириядагы жана Ирактагы согуш аймактарына кетүүнү чечишкен. Бирок алар Казакстан аймагында террордук уюмду түзүп, жетектешкен эмес",- деп айтылат билдирүүдө.

27 жаштагы Жанболот Амиров жогорудагы тагылган айыптар боюнча Чүй облустук соту тарабынан 3 жылга кесилгени маалымдалган. Ал өнөктөшү, 24 жаштагы Альберт Абхин менен жатак-абакка барбай койгону үчүн аларга издөө жарыяланган

Биринчи жолу колго түшүрүү операциясында кылмышкерлер качканга үлгүрүшкөн. Кезектеги операция 1-июлда өтүп, анда Альберт Абхин өзүн өзү жардырып салган

Террорчу делгендердин айрымдары кыргыз өлкөсүнүн жарандары 

 

* Ал эми УКМКнын атайын жоокерлери менен кармашууда каза болгондордун экөөсү Нарын облусунун тургуну болуп чыкты. Биринчиси 1982-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган "кримтөбөл" Тариэл Жумагулов (каймана аты - Тоха) болсо, экинчиси - 1978-жылы Нарын шаарында туулган Канатбек Усубалиев. 

* Каза болгон кыргыз жарандарынын жакындары 18-июлда УКМКнын алдына алардын сөөктөрүн берүүнү талап кылып чыгышты. Тариэл Жумагуловдун бир тууган иниси Чыңгыз Жумагулов SUPER.KG порталына агасы террордук топко аралашпаганын айтат:

“Агам эч кандай террорист болгон эмес, жакшынакай эле турмушун улантып жүргөн. Күнөөсүз эле адамды өлтүрүп коюшту. Беш убак намаз окуп, дин жолунда түз жүрчү жана дүкөн иштетчү. Артында 3 баласы калды, жеңем кош бойлуу болчу, 2 айдын ичинде төртүнчү баласын жарыкка алып келмек.

Бишкектеги өлүк сактоочу жайда сакталып турган сөөгүн көрүп чыктым. Бүтүндөй денеси бөлүнүп кеткен. Жоокерлер аларды тирүүлөй кармоонун ордуна коркуп, аткылай беришиптир. Сөөктү бербей жатышат, боз үй тигип айылдагылар үч күндөн бери күтүп отурушат”.   

* Ал эми 37 жаштагы Канатбек Усубалиевдин атасы Аманкул Итибаев да баласы күнөөсүз өлтүрүлгөнүн айтат. Айтымында, уулу курулуш тармактарында иштеп жүргөн жана 2 кыздын атасы болчу.

“Балам бирөөнү “сен” деп сүйлөгөн жан эмес. Бейкүнөө өлтүрүп салышты. Беш убак намаз окучу жана жылына 150 күн орозо кармачу”,- дейт атасы.

Бирок каза болгондордун сөөгү туугандарына берилген жок. 

* УКМК тергөө жыйынтыгы бүтмөйүнчө деп каза болгондордун калгандарынын аты-жөнүн билдире элек.

* Бүгүн, 20-июлда "Манас" аэропортунан Бишкектеги согушчандардын иши боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакунов кармалды. УКМКнын билдиришинче, экс-депутаттын Бишкекте 16-июлда кармалган террористтер менен байланышы бардыгы аныкталды. "Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди",- деп билдирет мекеме. 

Маалыматка таянсак, экс-депутат Бишкектеги атышууда каза тапкан Тариэл Жумагуловго акча берип, террордук топту курал менен камсыздаган. Мындан тышкары Т.Жумагуловдун тобу бир катар каржы мекемелерине кол салып, алардан алынчу акчаларды өлкөдө террордук иштерди уюштурууга жумшоо планы болгону айтылды.   






Бишкектеги согушчандар менен атышуу болгон жерде 5 үй кыйраган

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мелис Маматкулов

Бишкектин Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болуп жатат

Бишкектин так ортосунда атышуу болуп, 2 согушкер өлүп, 5 адам кармалды - 16.07.15

Горький жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде атышуудан кийин

Бишкекте атылгандардын арасында мамлекетибиздин дагы бир жараны бар

Бишкекте террорист деп атылгандардын бири Тоха аттуу "кримтөбөл" Тариэл Жумагулов

Террорист деп атылгандардын сөөктөрү жакындарына берилген жок

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(26)
Медиа-портал
16.07.2015. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта
SUPER.KG видео
17.07.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болгон согушчандар экен?
Медиа-портал
17.07.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми тиги жабыр тарткандардын уйун кайтарып берсе экен мамлекет
Медиа-портал
18.07.2015. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ий байкуш бир чети атасына да боорун ооруйт
Медиа-портал
19.07.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми олгон кишилердин соокторун берип койсо болмок
Медиа-портал
19.07.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар олуп баратсакда бирдемени мойнубузга албайбыз
Медиа-портал
19.07.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажылдашпай балдарын жакшылап тарбиялашпайбы анан?!
SUPER.KG видео
19.07.2015. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болгон экен эле?Билгендер толугураак маалымат жазып кетсениздер.
Медиа-портал
20.07.2015. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээээээх заман кайда баратат!!
20.07.2015. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ишениш кыйын...
бул жерде бир сыр бар. Озунор уят болбогой эленер эми...
20.07.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык анда эмне кылып журот ал жерде аралашып атышып
20.07.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карга да баласын аппагым дейт. жон эле автомат кармап турса атып салыптырда бечараларды.алар оз элине оз туулуп оскон мекенине чыккынчылык кылышты.
20.07.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arda, avtomat karmap turganyn korgon jok bolushun kerek??
20.07.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эсинииздерде болсо мындан бир жыл мурун интернетке бир видео тараган. Кыргызтанга жакында барабыз, капырларды олтуробуз деген. Коп отпой УКМК ал видеону жок кылдырды окшойт. Мен ошолорду Бишкеке келди деп уктум. Анан келгенде Биздикилер ок менен тозуп алды. Ырас кылат. Дагы кимиси келер болду экен? И баса, Альберт Абхин биздикилерге жем болуп берди да. Ото жакшы тузулгон сценарий. Азаматсынар.
M89 түзөттү 2015-07-20 17:05:36
20.07.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атайын кызматтарга ыраазычылык, кырсыктын алдын алганы үчүн,анткени кырсык мындан да оор, мындан да катуу болушу мүмкүн эле да.
20.07.2015. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эли жерин саткан акмактардын олугун бербеш керек ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-07-20 17:52:29
20.07.2015. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Minhi - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
20.07.2015. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
admin_portal, бул провакация эмес чындык
Медиа-портал
20.07.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кандай нарко бизнес ж.б эмес эле,булар террористтер .видеосун корбодунорбу ИГнын флагын,брошю-н,автомат.ы. туугандарыда эми туштон кийин ызы чуу салбай балдары тетири жолго кеткенде ошондой ызчуу салып токтотуш керек болчу.кыргыз болуп оз жерине кыянат кылган акмактарга кыргызстандын 2 метр жерине татышпайт
20.07.2015. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен боевикмин деп туугандарына айтмак беле булар чын эле ИГИиЛ мучолору
20.07.2015. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул да болсо кее бир адамдарга диний жактан жакшылап түшүнук берилбегендигинин кесепети. Акыркы убактарда жаштарыбыздын көпчүлүгү намаз окуп сүйүндүргөнү менен, ИГИЛге окшогон террористик уюмдар пайдаланып жатышат. Чубак Ажы Жалиловго окшогон аалымдарыбыз, жума сайын КТРден сүйлөп дин тууралуу элге жакшылап жеткирип турса жакшы болмок. Менин оюмча момун мусулман 5 убак намаз окуп, башкаларды ыйманга чакырып үй-бүлөөсүнө кам көрүү, наборот жихадка чыгып адам өлтүрүү эмес!
Медиа-портал
20.07.2015. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соокту жерге бериш керек.Ким кандай болбосун адам заты жерге шарты менен комулуу керек.Ага тууган ата эне,эл журту созсуз турдо узатууга акылуу.Оозуна алы жетпегендер катуу талкуулап алардын куноолорун которбогуло,ансыз да тиги дуйнодо жооп беришет.
Медиа-портал
20.07.2015. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кандай алар террорист эмес,калп эле террористер менен кармаштык деп оздорун баатыр кылып жатышат окшойт.Бул да чон корунуш эмеспи ИИМге.Бизде жонокой бандитти тактай алышпайт.
Медиа-портал
20.07.2015. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alnaz, ИИМди билбедим го бирок бизде УКМК күчтүү жана ар дайым так иштейт. Ошондуктан сиз дагы билип билбей жамандап күнөөгө батбаңыз. Мен билгенден ушул убака чейин террористтердин сөөгү жакындарына берилген эмес, эми эле беришбесе билбедим. Катуу айтсам кечиресиз.
21.07.2015. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Minhiни колдойм!

Жанагы Султан Сулеймандай кылып жамандарды (терористерди, педофилдерди ж.б.) олтуруп анан соогун эч ким билбеген жерге комуп салыш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: