super.kg logo

Сузакта 2 жыл мурун каза болгон наристени өгөй атасы эмне себептен жана кантип кыйнаганы белгилүү болду (фото)

 

2 жыл мурун каза болгон Раяна аттуу наристени өгөй атасы эмне себептен жана кантип кыйнаганы белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2013-жылы март айында оорудан көз жумду делген 2 жаштагы Раянаны туугандары шарияттын жолу менен жерге беришкен. "Бирок анын өлүмү тууралуу милицияга ыкчам маалыматтар келип түшкөн. Ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында кылмышка шектүү делинип 1979-жылы туулган Сузак районунун Кара-Чолок айылынын Ормон аттуу тургуну кармалды. Ал наристенин өгөй атасы экени аныкталды",- деп билдирет басма сөз кызматы. Андан соң аталган кызматтын маалыматында төмөнкүдөй жазылат:

"Бул окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Чолок айылында 2013-жылдын март айында орун алган. Ормон ошол убакта аялы ээрчитип келген өгөй кызы менен чогуу турган. Наристенин кылыктары өгөй атасынын жек көрүүсүнө алып келип, ал кыз ыйлаак болгондуктан, аны опузалап сооротуу максатында алгач үйдөгү жылытуу мешиндеги отко башын салып, чекесин жана маңдай чачын күйгүзүп алган. 

Кийинкисинде булганып алган Раянаны шымы менен мештин үстүнө отургузуп салып, синтетика материалдан турган шымы этине жармашып калган. Шектүүнүн айтымында, ооруканага алып барууга акча каражаты жок болгондугуна байланыштуу ага жубайы экөө тиш паста сүйкөп, айыктырууга аракет жасашкан. 

Андан көп өтпөй эле мас абалында келген өгөй ата горшокто ыйлап отурган наристени көрүп ачууланып, сыналгынын антеннасынын зымы менен чапканда күйүктөн калган чекесиндеги тырыгы канап кеткен. Аны колу менен бетине уруп, эс-учун жоготкон наристе ур-токмокко чыдабай жан берген. Окуяны жашыруу максатында аялын коркутуп, андан эч кимге айтпоону талап кылган. Арадан эки ай өткөн соң алар ажырашып кетишкен.

2015-жылдын 10-сентябрында Сузак РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул окуяга тиешеси бар деп өгөй атасы кармалып, жасаган кылмыш ишин моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда шектүүнүн көрсөтмөсү менен наристенин көмүлгөн жайы аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, наристенин сөөгү жерден чыгарылып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө",- деп билдирет мекеме.






Өгөй атасы наристени ысык мешке отургузуп, башын отко кактаганбы?

Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Эрмек Райымбеков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(84)
14.09.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушунчалыкда мыкаачы болобу Аллах жазаны берсин
14.09.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой тообо ушундай зоокур менен жашаган эне энеби кызын ушунчалык кыйнагыча билген эмеспи майли эми эмне кудайым жазасын берсин бул зоокурго.
14.09.2015. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
баланын козун жалдыратып кантип башын мешке салды оо кудайым ар пендене ынсап ыйман бере кор
14.09.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
аллах озу жазасын берсин эрсиреген айалда куноо эрден жыргабаганынан биринчисинен ажырашты да ошол кызын кор кылбай чонойтсо акмак эрден артык бакса керек эле
14.09.2015. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Апасы жан талашып,олуп-талып эрге тийгенин кара,же мурунку куйоосуно берип койбойбу,баарибир огой ата оз атасындай болуп бербейт.Тиги зоокурдун Кудай Таалам жазасын берсин.
ayjamal83 түзөттү 14.09.2015 12:35
14.09.2015. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым жазасын берсин!
14.09.2015. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ушуга окшогон акмака олум жазасын бериш керек буларга турмодо эмес жашоогода орун олум олум олум олум олум олум олум олум
14.09.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Олгучокту кызын кордотпой ажырашып кетпейби тобаа.Кантип журогу чыдады экен.
14.09.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бейкуноо периштени кордоп, олумуно себеп болгон мыкаачынын Кудай жазасын берсин.
14.09.2015. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлгөндөн кийин да көрдө тынч жаткырбай кайра текшеребиз деп казып алганы өкүндүрдү.Бул жалганда деле болгону 2жылдык өмүрүндө адам чыдагыс кордукту көргөн экен.Бейитинен козгогону сот процессинин закон ченемдүү көрүнүшү болсо да наристени дагы козголобой тынч жаткызышпаптыр.
14.09.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суперчилер, саламатсыздарбы?! 2 жашында кордолгон Ибрагимдин азыркы жашоосу жонундо кабар барбы? Деги сакайып кеткенби? Маалымат болсо айтып коюнуздарчы, сураныч.
14.09.2015. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karona, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
14.09.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи күйөөдөн бала менен ажырашпаганга аракет кылыш керек. Айла жок ажырашууга туура келсе күйөөгө чыкпаш керек, күйөөгө чыкса чоң ата, энеси же таята, таениесине калтырыш керек. Өгөй ата, өгөй эне өз ата- энедей эч качан болбойт.
14.09.2015. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адам сымал айбан бул макулуктун өзүн мешке отургузаар чара болгондо го... Байкуш наристе ий, кордук үчүн жаралган экен элең да.
14.09.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оз баласына ошондой кыйынчылыкты биринчи эле корсоткон эр менен жашаган энеде айып. Оз канынан жаралган наристе учун Ошондой куйоого тийбей эле койсо болмок. Ошол кылмышты жаап-жашырган акылы жок эне го...
14.09.2015. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tabyshmak,туура, ошол энесин да соттош керек, анткени энеси ошолордун баарын көрүп эле жүргөн да. Орусча айтканда соучастник болгон ал эне сөрөй
14.09.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тируусундо жакшылык корбогону аз болгонсуп, эксгумациялабай эле койсо болмок. Анткени, дененин куйугу сооктон билинбейт, соок эле сынып кетпесе. Бардык куноо наристенин энесинде...
14.09.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай өзүң сакта ушундай да мыкачы болобу, акыры адам баласыбызгоо
14.09.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Андай кыйноого 2 жаштагы наристе эмес 20 жаштагы адамда чыдай албайт болчу. Ормон турушуң менен эки буттуу ХХХ экенсиң. Сени ХХХ ХХХ ХХХ.
Модератор admin_media түзөттү 2015-09-14 17:22:50
14.09.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur1k_, ачууга алдырбай, этика нормаларын сактаңыз!
14.09.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журогум титиреп кетти окуп жатып. Оо Кудай, ушундай да айбандарды жер устундо жашатасынбы? Турмого барганча ХХХ ХХХ ХХХ он а то ХХХ жашоо бербейт, ХХХ ХХХ ХХХ эми. Азап тартып отсон экен.
Модератор admin_media түзөттү 2015-09-14 17:23:39
14.09.2015. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rashinboy, жаргон сөздөрдү колдонуудан алыс болуңуз! Коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз түзөтүлдү!
14.09.2015. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайга тообо.ар бирибизге ыйман ынсап бере кор.мен журогум эзилип кетти..наристени ушунча да кыйнайбы..
14.09.2015. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акмак десе озун ошондой кылып кыйнаш керек болчу,билсин жаш наристени кандай кыйнаганын.
14.09.2015. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыл менен боордон кудайым бербептир бул адамга. Демек.жырткыч макулук.
14.09.2015. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э Аллахым бироолор зар болуп жургон бала,бироодорго кор.Аллахым озу берсин жазасын,тиги жапайыга.
14.09.2015. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуш наристеге неге мынча азап жазылган мандайына,ушунча кордук менен оо дунуйолук болуп кетсе да дагы да кескиленип азабы бутпойт эми бир далай убакыт...энесине наалат балапанын коргой албаган!Журогум ооруп кетти,наристенин жайы жаннаттан болсун,бейиште бейкапар омуру улансын...
15.09.2015. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эне деген наамга таатыксыз экен.Кантип чыдады.
15.09.2015. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкаачылар!!!
15.09.2015. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энеси кантип чыдап карап турду баладан да эр зарылкен да олгучо сабаса.
15.09.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкаачыга мыкаачылар кордук корсотсо экен.
15.09.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишинин тозокто кандай кыйналаарын элестеткенден да коркосун го. Оо Аллах, ар бирибизге сабыр бер.
SUPER.KG видео
18.09.2015. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкаачылык,акмакчылык! Огой огойлугун кылыптырда,ээээхххх эч качан ажырашуу болбосунчу.Мин оз атандай,апандай болом деп убада бергендерда ошол огойлугун уланта берет.Балалуу болгондон кийин ойлонуп жашаш керек,эртенки жашоосун ойлоп.Мына сага ТУРМУШ!
SUPER.KG видео
18.09.2015. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Зоокур десе...Адам дегенге да ооз барбайт.1,5 жаштагы бала эмнени тушунмок эле жазалагандай...Тиги "эне"би эми...Кудай берсин жазанарды
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: