Бишкектеги эрежесиз эр уруш мелдешинде америкалык мушкер Жефф Монсон кыргыз мушкерине утулду (Фоторепортаж)






















Кечээ, 19-сентябрда Бишкекте эрежесиз эр уруштун ММА JFC версиясы боюнча чемпиондук наам үчүн беттеш болуп өттү. Анда америкалык 44 жаштагы мушкер Жефф Монсон кыргыз спортчусу Замирбек Сыргабаев менен кез келди. Спортчулар 3 раунддук беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 3 калыстын чечими менен кыргыз спортчусу жеңишке жетишти.
Автор: Максат Кудайбердиев
Фото: Максат Кудайбердиев
Панкратион боюнча кезинде Евразиянын чемпиону аталган Замирбек Сыргабаев алгачкы мүнөттөрдөн тарта чабуулга чыкты. Ал эми Монсон атаандаштын ар бир чабуулуна жооп кылып жатканы менен, октагондо демилгени 3 раунд бою өз колуна алган жок. Жыйынтыгында жеңиш Сыргабаевге ыйгарылып, чемпиондук кур тагылды.
Кошумчалай кетсек, Жефф Монсон ММА эрежеси боюнча 79 беттеш өткөрүп, 55 ирет жеңишке жетишкен. Бул жеңилүү анын карьерасындагы 24-жеңилүү болуп калды.
Кыргыз мушкери Жефф Монсонду утуп алды
Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Эрмек Райымбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Чокудай бол Кыргыздын жигиттери...Азамат намысты алдырбай женишке жетиптир ийгилик!
менда кошулам...
Кыргызстан желегин бийик көтөрүп жүрө бериңиздер. Алга-а!!!