Бишкекте Курман айт намазы окулду (фоторепортаж)






























Бүгүн, 24-сентябрда өлкөдө Курман айт майрамы белгиленүүдө. Буга байланыштуу Курман айт намазы Бишкектеги эски аянтта окулду. Ага Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков, калаа башчысы Кубанычбек Кулматов, өкмөт мүчөлөрү, парламенттин депутаттары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана болжол менен 50 миңдей эл катышты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Фото: Жамалидин Парманкулов
Алгач чогулган элге дин тууралуу маселелер, баяндар айтылды. Андан кийин муфтий Максатбек ажы Токтомушев мамлекетибиздин элин Курман айт майрамы менен куттуктап, ислам дининин артыкчылыктарына токтолду. Муфтий чогулган элге кайрылып, өлкөбүздүн эли ислам динин эркин тутунуп келгени чоң өзгөчөлүк экенин дагы бир ирет баса белгиледи. Ошондой эле кыргыз салты менен ислам дининин жолу ыкташып турарын айтты.
"Эзелтен эле бул майрам - тынчтык, биримдик, боорукердик жана өз ара колдоо көрсөтүү сымал адамдык баалуулуктарды бекемдеген мусулмандардын чоң майрамы. Курман айт майрамын белгилөө биздин өлкөдө эгемендүүлүккө жеткен күндөн тартып чыныгы орду менен белгилене баштады десем болот. Анткени бул майрам коомдогу маданий жана руханий баалуулуктардын өнүгүүсүнө, ошондой эле тынчтык менен ынтыкмактын бекемделишине өз салымын кошуп келет",- деди Токтомушев.
Андан кийин Асылбек Жээнбековго сөз берилип, ал өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жана жеке өзүнүн атынан Кыргыз Республикасынын элин бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
Намазга жыгылуу саат 8:15те башталды. Алгач муфтияттын кызматкерлери тарабынан намаз окуунун шарттары түшүндүрүлүп, эл сапка тизилип, андан кийин намаз окушту.
Бүгүн Бишкекте айт намазы окулду
Автор: Бекжан Рыскулов
Оператор: Эрмек Райымбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

Рейтинг:
5

Комментарийлер(15)
aydarov...

24.09.2015. 09:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баарыныздар куттуктайм. Бизда окуганы кетип жатабыз. Москвада.
topchievMaKsAtBeK

24.09.2015. 09:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Курман айттыныздар маарек болсун момун мусулман бир туугандар
Altysh_Boldush

24.09.2015. 12:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
topchievMaKsAtBeK, рахмат. Аллах разы болсун ылайым. Баарыныздардын майрамыныздар менен!
bolotbai

24.09.2015. 10:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курман айт маарек болсун урматтуу момун мусулмандар.
muni77

24.09.2015. 10:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллахым намазыныздарды кабылсын!
munara.11.

24.09.2015. 10:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
курман айтынар маарек болсун
sultan89

24.09.2015. 11:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Курман айт майрамынар менен баарынардын
Maks_shop

24.09.2015. 11:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курман айтыңыздар менен кыргыз калкым!
Chiko90

24.09.2015. 11:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birge bolsun
mira28

24.09.2015. 12:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курбан айт кут болсун тилектерибиз кабыл болсун жер жузундо анын ичинде мусулман мамлекеттеринде тынчтык болсун .Кудайым кыргыз элин колдосун.
AFRODITA-89

24.09.2015. 13:28
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айт баарыбызга маарек болсун! Мусулман элим тынч болсун! Аллах колдоп журсун!
Gulya.akbaralieva

24.09.2015. 13:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айт маарек болсун. Кудайым ар бирибизге ыйман ынсап берсин
shamilaisan

24.09.2015. 13:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул чындыкпы Бишкекте 50 мин киши катышты деген. Башка сайттарда болгону 10мин эл болду дейт
Maksxan

24.09.2015. 15:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутман айт маарек болсун намазынар кабыл болсун мусульман бир туугандар
88inara88

SUPER.KG видео
25.09.2015. 01:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыныздарды майрамыныздар менен мусульман элим.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.