super.kg logo

Бишкекте ИИМдин окуу борборунда мамлекеттик тил боюнча тегерек стол өттү

 

Мамлекеттик тил күнүнө карата Ички иштер министрлигинин генерал-майор милиция Ж.Ш. Шабиров атындагы республикалык окуу борборунда мамлекеттик тилди ички иштер органдарында колдонуу маселелерине арналган тегерек стол өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында мамлекеттик тилди колдонууну өркүндөтүү жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору» деген темада уюштурулган.

Анын негизги максаты — ички иштер органдарында мамлекеттик тилди колдонууну жакшыртуу, кызматтык иш кагаздарын кыргыз тилинде сапаттуу жүргүзүү жана кызматкерлердин тилдик сабаттуулугун жогорулатуу.

Тегерек столго Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ИИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Айбек Орозакунов, Агартуу министрлигинин мектептик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлнара Ибраимова, ошондой эле мамлекеттик тил, билим берүү, илим, укук коргоо жана коргонуу тармактарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик тилде кызматтык документтерди жүргүзүү, укуктук документтердин тилдик сапатын камсыз кылуу, кесиптик терминологияны бирдей колдонуу жана кызматкерлердин кыргыз тилинде иш алып баруу көндүмдөрүн жакшыртуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, катышуучулар республикалык окуу борборунун атайын жабдылган окуу класстары менен таанышып, курсанттар тарабынан Мамлекеттик тил күнүнө карата даярдалган дубал гезиттердин көргөзмөсүн көрүштү.

Жыйынтыгында ички иштер органдарында мамлекеттик тилди колдонуу маданиятын жана кызматтык иш кагаздарын жүргүзүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган бир катар сунуштар иштелип чыкты.

Иш-чаранын соңунда окуу борборунун курсанттары патриоттуулукту, улуттук баалуулуктарды урматтоону жана мамлекеттик тилди жайылтууну көздөгөн маданий программа тартуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: