super.kg logo

Жогорку Кеңештин 2031-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы талкууланды

 

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин 2031-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Жыйынды Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев жетектеди. Ага депутаттар, жумушчу топтун мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери, комитеттердин бөлүмдөрүнүн, депутаттык топтордун катчылыктарынын өкүлдөрү, эксперттер жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышты.

Талкуунун негизги багыты парламенттин ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу болду. Ошондой эле Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк жана контролдук функцияларын коомдун азыркы талаптарына ылайык өркүндөтүү маселелери каралды.

Жыйында мыйзамдардын сапатын жогорулатуу, алардын аткарылышын көзөмөлдөө жана баалоо, мыйзамдардын коомго тийгизген таасирин талдоо, парламенттик контролду күчөтүү маселелерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, парламенттик процесстерди санариптештирүү, жасалма интеллектти жоопкерчиликтүү колдонуу, Жогорку Кеңештин ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, жарандар менен эксперттердин катышуусун кеңейтүү, инклюзивдүүлүк жана адилеттүү өкүлчүлүк маселелери талкууланды.

Жыйында мыйзамдарды жана чечимдерди кабыл алуу менен гана чектелбестен, алардын иш жүзүндө аткарылышына, натыйжаларын баалоого жана коомго тийгизген реалдуу таасирин аныктоого басым жасалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: