Ак-Ордо конушунда төрт мектеп жана эки бала бакча курулат
Бишкектин Ак-Ордо конушунда калктын өсүшүнө байланыштуу билим берүү инфраструктурасын кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен конушка төрт мектеп жана эки бала бакча куруу каралган.
2026-жылдын сентябрь айында №104 мектептин 750 орунга эсептелген биринчи жаңы корпусу пайдаланууга берилди. Экинчи корпусун ноябрь айында ишке киргизүү пландалууда.
Мындан тышкары, конушта дагы бир мектептин курулушу жүрүп жатат. Учурда курулуш иштеринин 95 пайызы аткарылып, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү күтүлүүдө.
Жаңы мектептер толук ишке киргенге чейин №104 мектепте окуучуларды убактылуу жайгаштыруу үчүн сабактар бир нече нөөмөттө өткөрүлүүдө. Жаңы билим берүү мекемелери ишке киргенден кийин окуучулар үчүн шарттар этап-этабы менен жакшыртылат.
Ошондой эле Ак-Ордо конушунда эки бала бакча курулуп, пайдаланууга берилгени маалымдалды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















