Кыргыз жаңгагы жаңы бренд менен дүйнөгө таанылат
Кыргыз жаңгагын ички жана эл аралык рынокто таанытуу үчүн "Табигый Кыргыз Жаңгагы" брендинин улуттук маркетинг планы иштелип чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
План БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) колдоосу менен даярдалган. Маркетинг планда бренддин логотибин жана визуалдык стилин иштеп чыгуу, продукцияны маркалоо жана QR-код системасын киргизүү, социалдык тармактар аркылуу жайылтуу жана экспорттук рыноктордо таанытуу каралган. Кийинки этапта органикалык сертификация, географиялык көрсөткүчтү каттоо жана жаңгак токойлорун туруктуу башкаруу маселелери каралат.
Кыргызстанда жыл сайын 44 миң тоннадан ашык жаңгак жыйналат. Аны чогултуу жана сатуу көптөгөн жергиликтүү тургундар үчүн киреше булагы болуп саналат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















