super.kg logo

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри кармалды

 

Аскер прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдары тарабынан «Байтик» метеостанциясынын аймагында кызматтык-тиричилик багытындагы имарат мыйзамсыз курулганы аныкталды.

Маалыматка ылайык, имарат долбоордук-сметалык жана уруксат берүүчү документтерсиз, Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасына кирген аймакта, дарыядан беш метр аралыкта курулган.

Прокуратуранын маалыматына караганда, мыйзамсыз курулуштун натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси — Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында кылмыш жасоого шектүү катары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы министри Б.А. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: