Адвокат: "Түрмөдөн качкандарды жок кылуу - бийликтен берилген "заказ"

"№50-абактан качкандарды өлтүрүү - бийликтен берилген "заказ",- деди өлтүрүлгөн Данияр Кадыралиевдин адвокаты Жаманкул Жунусов маалымат жыйынында.
"Атайын багыттагы жоокерлер түрмөдөн качкандарды өлтүрбөй эле кармаганга мүмкүнчүлүгү бар болгон. Бийликтегилер качкындарды жок кылууга кызыкдар. Алар куралчан жоокерлерден киллерлерди жасап жатышат. Мисалы, Кадыралиев колун көтөргөндө, ага 8 ок чыгарылган. Кийин сүрөт жана видео үчүн жанына бычакты коюп коюшкан",- дейт адвокат.
"Бул маселени чечүү үчүн көз карандысыз комиссия түзүү керек. Анын курамына бийликтин өкүлдөрү, курман болгондордун туугандары, медициналык адистер кириши зарыл",- деп сунуштады Жунусов.
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева түрмөдөн качкандардын өлүмүнө парламенттин жаңы чакырылышына келчү 3-4 депутат кызыкдар экенин баса белгиледи.
"Түрмөдөн качкандарды жок кылуу - бийликтен берилген "заказ"
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Максат Орозумбетов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
2

Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
Биздин Президент шайлоону кучтуу откордук,ой кыйраттык,таза отту,ой кучтуу тартип болду деп аябай эле мактанган.Эми ушул качкандарды да олтурбой кармап биздин спецназдарды мактаса болмок.Башка,закону кучтуу олколого шерменде болуп атат биздин МВД.Аябай эле жанданып баратат ушул окуя,укук коргоочулар да аралашып баштаса,аягын куто туралычы...