Президенттик балатыда аюулар бийлеп, Омар, Мирбек Атабеков ырдап, Акылай менен Актан балдарга тамашаларын айтышууда (фото)





















Бүгүн, 25-декабрда Кыргыз улуттук филармониясында президенттик балаты өтүүдө. Быйылкы жаңы жылдык иш-чара буга чейинкилерден кыйла айырмаланды.
Балаты майрамында "Чоң аюулардын бийи", лазер эффекттерин колдонуу менен оюндар көрсөтүлүүдө. Мындан тышкары эстрада ырчылары Мирбек Атабеков, Омар, Анжелика жана "Style Mix" тобу өз ырларын балдарга тартуулашты. Ал эми кичинекей алып баруучулар Акылай менен Актан тамашалары менен президент Алмазбек Атамбаевди жана концерттин кичинекей конокторун күлкүгө салышууда.
Айта кетсек, иш-чарага жалпы республикадан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала келген. Алардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, мыкты окуучулар бар. Аларга президенттин атынан китептер жана таттуулар белекке берилет.
Президенттик балаты былтыркыдан кыйла айырмаланды


