Быйыл Ысык-Көлдөгү экологиялык өткөрмө бекетинен 20 миллион сом чогултуу пландалууда
Бүгүн, 25-марттан баштап ишке кирген Ысык-Көлдөгү экологиялык
өткөрмө бекетинен быйыл 20 миллион сом чогултуу
пландалууда. Бул маалыматты Жогорку Кеңеште бүгүн, 25-мартта айлана-чөйрөнү жана токой
чарбасын коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Абдыкалык
Рустамов билдирди. Маалыматка таянсак, аталган жайдан 2011-жылы
8,6 миллион сом, 2012-жылы 11 миллион 98 миң сом жыйналган. Быйыл топтолчу каражаттын 10 пайызы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык фондго, 20 пайызы жергиликтүү бюджетке,
40 пайызы Ысык-Көлдү тазалоо, браконьерлер менен күрөшүү иш-чараларына
жумшалат. Ал эми 30 пайызы экологиялык өткөрмө бекетинин кызматкерлеринин маянасына сарпталат.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2026-06-01
9:22
2026-06-01
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















