Бүгүн Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылган учак "Манас" аэропортуна алгачкы ирет конду










Стамбулдан учуп чыккан, балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы ыйгарылган Боинг 737-800 учагы бүгүн, 8-июнда алгачкы ирет "Манас" аэропортуна конду. Учакты жергиликтүү авиакомпаниялардын бири 50 миллион долларга сатып алган. Анын кире беришинде Көчмөндөр оюндарынын логотиби түшүрүлгөндүктөн, эми учак кыргыз өлкөсүн даңктап, аталган оюндарды жарнамалайт.
Бул учак Кыргыз Республикасында мындай класстагы экинчи учак. Анын узундугу 39,9, бийиктиги 12,5 метрди түзөт. Канаттарынын аралыгы 34,3 метр, аянты 125 чарчы метрге барабар. Мындан ары учак мекендештерибизге жаңы багыттарды ачмакчы.
Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов катышууда.
Турсунай Алымкулова
Стамбулдан Бүбүсара Бейшеналиеванын атындагы учак учуп келди (2)
Стамбулдан Бүбүсара Бейшеналиеванын атындагы учак учуп келди
Бүбүсара Бейшеналиеванын аты ыйгарылган учак
Балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымы учакка ыйгарылды
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
9

Менин тушунгонум боюнча ушул компания самолётту 50 миллион долларга сатып алган жана Бейшеналиеванын ысымын ыйгарган