super.kg logo

Муфтият Чубак ажы менен Жанар Акаевди элдешүүгө чакырып, атайын билдирүү таратты

 

Кыргыз мамлекетинин Мусулмандар дин башкармалыгы бүгүн, 9-июнда мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов менен Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди элдешүүгө чакырып, атайын билдирүү таратты. Билдирүүдө Чубак ажы Жалилов менен депутат Жанар Акаевдин ортосундагы пикир келишпестик коомдун тынчын алып, дүрбөлөңгө салганы жана муфтият Чубак ажынын Акаевге карата айткандарына кошулбай турганы белгиленген.

"Жума намазы ар бир мусулман үчүн парз амал. Бул талашсыз маселе. Ал эми мыйзам чыгаруучу тараптан бул долбоор колдоо таап, кабыл алынган болсо, Дин башкармалыгы катары жалпы элге түзүлгөн ыңгайлуулук үчүн терең ыраазы болобуз.

Чубак ажы өз билдирүүсүндө айтып, “мен ал киши менен бир дасторкондо отурбайм, чакырыгына жооп бербейм, жаназасына турбайм” деген жана башка ушул сыяктуу сөздөрү ал кишинин өзүнө гана таандык. Айтылган ой-пикир жеке кишинин пикири экендигин дагы бир жолу белгилеп, Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы бул ойду тең бөлүшө албастыгын билдирет.

Мындай улуу айда жашап, Жараткандан берилген жакшылыкка ээ болуу менен ал жакшылыкты кадырлай албай калуубуз чоң жаңылыштык. Андыктан эки тарапты элдешүүгө жана кечиримдүү болууга чакырат элек. Кечиримдүү айда ким алгач кол сунса, жасаган амалы үчүн чексиз соопко жетүүсү шексиз. Аты аталган эки киши элибиз үчүн кызмат кылып келген азаматтар катары, алардын ар бири жасаган аракети менен жумурай журттун кызыкчылыгы аркасында пикир келишпестикке жетти деп билебиз. Кыргызда “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” деп айтылгандай, ким болбойлу, Орозо ай урматында бири-бирибизден кетирген кемчиликтерибиз үчүн кечирим сурап, ортодогу бир туугандык сезимибиз, жакындык алакабыз жана адамдык пейилибиз түз боюнча сакталып калуусун Жараткандан суранабыз!

Социалдык тармактарда тарап-тарап болуп, ар ким өз тарабын талашып, кайым айтышуу жакшылыкка алып келбейт. Динибиздин эң жогору койгон талабы - адам укугу, абийир-намысынын сакталуусу. Бири-бирибиздин укугубузга, абийир-намысыбызга доо кетирип, натыйжада орозо амалыбызды да жокко чыгарып албайлы, урматтуу мусулман жамааты. Жеке амбиция же кызыкчылыктар дайыма коомдук кызыкчылыктардан төмөн болуусу шарт", - деп айтылат билдирүүдө.






Жума намаз маселеси коомчулукта кызуу талкууга алынды

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(93)
10.06.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
SUPER
10.06.2016. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiza_84, суроо, сунуш, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу сизге түбөлүк БАН!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-10 10:16:13
10.06.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки доо урушса ортодо чымын кырылат болуп атат
10.06.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажы туура айтат.Ошол жегичтерибиз онолсо,олкобуздо жашоо жакшырат беле деген жакшы умутда.....
10.06.2016. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PatriotKG01, alas, daiyrbekov_91, Msto005571, суроо, сунуш, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-06-10 10:49:36
10.06.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
alas, сиздин эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланышы түбөлүк БАН!
10.06.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чубак Ажыны; “мен ал киши менен бир дасторкондо отурбайм, чакырыгына жооп бербейм, жаназасына турбайм”-деген созунон кийин мен коп сыйлабай калдым.
10.06.2016. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
"Жаназасына турбайм" дегидей Чубак Ажы билип коюптурбу кимге канчалык омур берилгенин? Же эмне, аша чаап, Кудайдан жогору суйлой беруу Ажыларга жараша береби?
10.06.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
.jindijigit, жеке айтышуулар купуяга!
10.06.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
дарт десе эле СДПК суйлосун!
10.06.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SweetLady, жеке айтышууларга купуя кат бар! Этика нормаларын сактаңыз!
10.06.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул мыйзам жеке депутаттар үчүн эмес да. Бүт мамлекеттик ишкана- мекемелер үчүн да. Көпчүлүк пайызын аялдар түзгөн ишканалар бар. Мисалы, поликлиникага алыстан келип, түшкү тыныгууга чейин жетишпей калсаң, 2 саат эмне кыласың. Эки саат тыныгуудабыз закон боюнча деп, ишканада отурганы да кабыл албайт. Намазга барчууну эч ким тыйбай атат го. Бул мыйзам өтүп калса деле жаман эмес.
SUPER.KG видео
10.06.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корупция,жумушсуздук,миграция проблемаларын чече албагандан кийин...эл учун ынгайлуу бир закон чыгарып койсо болбойбу...ошол элдин журогундо ыйман,сабырдуулук болгон учун чыдап келе жатат жана ошо ыйманга,сабырдуулукка,патриотуулука чакырып келген Чубак ажыга Алла ыраазы болсун...айрым депутаттын трибунадан 100 жолу куру суйлогонун коргондон,устаздан бир жолу хадис уккан бийик.
SUPER.KG видео
10.06.2016. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура айтат биринчи депутат
SUPER.KG видео
10.06.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жанар Акаев сен врачтар ж.б учун жооп бербей эле кой
Медиа-портал
11.06.2016. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир саатта тоону томкоруп коюшкансып жаман жазгым келтаааат бан болуп кетпейинда
SUPER.KG видео
11.06.2016. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Жанар Акаев мусулмандарга каршы чыкпа Кыямат бар.
SUPER.KG видео
11.06.2016. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чубак ажынын ХХХ ХХХ Аллахтын алдында колун дан эч нерсе келбеген бир ХХ ХХХ эсин барда Аллахтан дуа кыл кечирим сура.
Модератор admin_media түзөттү 2016-06-13 12:34:16
SUPER.KG видео
11.06.2016. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанар тооба кыл.
SUPER.KG видео
11.06.2016. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
эки жуздуулонбо
Медиа-портал
11.06.2016. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Janar Akaevge "extremchiler" kol salyshsa tan kalbaim. Baardyk ele nerseni dinge turtup jatkandary tuura emes go. Juma namazga bargan tuugandar ar ubakta ubakyt taap, doomat koiboi ele okup kelishken. Bul koigoidon bashka koptogon chechile elek, koigoilor maseleler bar da.
SUPER.KG видео
11.06.2016. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанар Акаев кудайдан коркунуз сиз азыр озунуздун созунузду туура деп жатканыныз мн эртен Кудайым меники туура дегенде окунуп башынызды мыкчып калбаныз кудайымдын каарына кала элегинизде Чубак ажыдан оронун кунундо алдынан отуп кечирим сурап коюнуз ал нерсе озунуз учун да кыргызстаныбыздын абийири учунду ото жакшы болот эле.
SUPER.KG видео
11.06.2016. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кимдин мусулман экени кимдин мусулман эмес экени билинип калды. Эл корсунго айт намазга катышымыш болгон ажоунун жузу да ачылды.
11.06.2016. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жума намаз фарз биринчи бизди жараткан Алланын приказын аткарыш керек анан закон чыгаргандардын айтканын угабыз бир саатка эчтеке озгорбойт менимче
12.06.2016. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жумага убакыт болуш керек экен ошол жумадан чыканда таанып тааныбай эле бири бирне жакшы соз айтып намазы менен кутуктайт.баарды адамдардын ойу жакшылык болот.ошондуктан намазынар кабыл болсун дейли
12.06.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жараткандан коркбогондор, акыретте ушу саясатчылар жардам бермек беле... 24 сааттын 1 саатын жаратканыбыз учун кетириш кыйынбы? Ансыз деле 24 сааттын 15 саатын эс алып эле откорушот, ыйман деген болуш керек да туугандар
SUPER.KG видео
13.06.2016. 07:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мечитке барууну да проблема кылбай ар ким оз шартына карап бара бергени он.2 саатты коюп башка койгойлорду чечишсинчи.урматту бир туугандар биз араб эмес кыргызбыз.кыргыздын мыйзамын суйлоп, кыргыздын мыйзамын сыйлайлы.
Медиа-портал
13.06.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ана сага! Бекер концерт!!!
Медиа-портал
14.06.2016. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уят эле...
SUPER.KG видео
14.06.2016. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанар ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-06-14 11:02:27
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: