super.kg logo

Аптаптуу ысыкта кучагына чакырган кыргыз бермети - Ысык-Көл конокторду кабыл алууга даяр (фоторепортаж)

 

Жай келип, эс алууга чыккандар кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көлдү көздөй сапар алышат. Тоонун абасы, көз жоосун алган жаратылыш адамды эс алдырып, өзгөчө энергия тартуулайт. Жайкы сезон башталганы менен, учурда эс алуучулардын саны аз. Сүрөттөр топтому сизди көл жээгине саякатка алып барат.

Эс алуучулардын арасында өлкөнүн аймактарынан жана чет өлкөдөн келген туристтерди көрүүгө болот. Учурда Орозо айы жана аба ырайы да жаанчыл болуп жаткандыктан эс алгандардын саны аз.

Күндүн салкындыгы, суунун муздактыгына карабай жаш балдар көлгө түшүп жатышты.

Көлгө түшүүгө даярдык...

Позитивдүү эс алуучулар

Бишкек шаарынан небереси менен келген эс алуучу

Агасы инисине сууда сүзүүнү үйрөтүп жатты.

Көл жээгиндеги купальникчен селкилер...

Романтиканы сүйгөн эс алуучу кумга жүрөкчө тартып жатты.

Cанаторийлердин биринин директору Жалил Бозгорпоевдин айтымында, жайкы сезонго карата даярдыктар толук бүттү. Коӊшу Казакстандан жана Орусиядан туристтердин көп келүүсү күтүлүп жатканын айтты.

"Быйыл жаан-чачын көп жаап жана учурда Орозо айы болгондуктан, эс алуучулардын саны аз. Кыргыз жеринде тынчтык болуп турса, эс алуучулар да көп болот деп ишенебиз, себеби чет жерден келчү коноктор өз коопсуздугун ойлоп, тынч аймактарды тандашат. Бул жылы коӊшу Казакстандан жана Орусиядан туристтердин көп келүүсү күтүлүп жатат.

Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларда тейлөө кызматы кымбат дегенге кошулбайм. Бардык кызматтарды кошуп эсептегенде тейлөө акысы 1500 сомдон 2500 сомго чейин болушу мүмкүн. Бул башка өлкөдөгү бааларга салыштырмалуу кымбат деле эмес".

Жалил Бозгорпоев

Жергиликтүү тургундардын бири Жазгүлдүн билдиришинче, Ысык-Көл эс алуучуларды тосуп алууга 90 пайыз даяр. "Мен ушундай кереметтүү кыргыз жеринде тууулуп калганыма сыймыктанам. Чет өлкөдөн келген туристтерди, алардын кыргыз жерине суктанып жатканын көрүп абдан кубанам".

Жазгүл

Учурда Чолпон-Ата шаарында конок үйлөрүнүн баасы 1 суткага 100 сомдон 300 сомго чейин турат. Бул баага тамак-аш кирбейт. Орточо эсеп менен бир адам күнүнө 600 сомго тамактанат.
Ал эми пансионаттарда 1 кишиге 600 сомдон жогору төлөнөт. Баалар жайкы сезондун күчөшү менен көтөрүлүшү мүмкүн.






Ысык-Көлдө эс алуу сезону арзан баада башталды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
20.06.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кош келиниздер!
20.06.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Тиги Небересин көтөрүп турган Ташиев го
20.06.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rashinboy, maga yrsalievdei korundu go))
20.06.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир адамга 1500 дөн 2500гө чейинби
20.06.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bliin sagyndym yssyk kolumdu.....kozumon uçup atat yssykkol,kafe,klub,balyk anan obyazatel'no pivo:)eeehhhh sa gyn dyyyym:(
20.06.2016. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Былтыр Малайзиялыктар коноко келгенде тейлоо денгеели кандай экени билинген.....
20.06.2016. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кок мелжиген аска-зоолор тегеректеп турушат.
Ортосунда Ысык-Колум чайпалып бир турат эй.
Жээкте туруп Ысык-Колду коргум келет кайра мен,
Кандай сонун,кандай рахат, суктанамын кооздукка!
21.06.2016. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын бермети
21.06.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Толук даяр экенине ишенбейм.Жолдун кебетесин кордунорбу?
21.06.2016. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ах кереметтуу Ыссык-Колум быйыл сага жете алат бекенмин. Былтыр естен кеткис кундор болгон еле ех.
21.06.2016. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз да кун ачылса эле колго тушуп жатабыз жакын жакшаганыбыз учун баалары менен ишибиз жок оз уй олон тошогубуз кереметтуу жерден буюрганына кубанычтабыз..
21.06.2016. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалил Бозгорпоев менин классташым экен 7-8 класска чейин чогуу окуп алар кочуп кетишкен,,корбогонумо 30 жылга жакындаптыр:-):-):-)
SUPER.KG видео
22.06.2016. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары жакшы эле, бирок кечки тартипти кучойтуш керек. Кечинде коркунуштуу болот милиция кызматкерлерин жакшы козомолго алыш керек тартипти ошолор аркылуу бузушат.
SUPER.KG видео
22.06.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арзандаса жакшы болмок. Биз дагы семьябыз менен баралы деп атканбыз....
SUPER.KG видео
22.06.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кымбат бардык нерсе 10мин жетпейт эс алганы
SUPER.KG видео
23.06.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин пансионаттар жайкысын Бишкектен көлгө чейин өздөрү тур уюштуруп бекер алып кетсе сонун болмок күтүп олтура бербей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: