super.kg logo

Окуучулардын бири Малайзиядан келген мугалимдерге жана досторуна даярдаган белектерин тапшырды

 
Ибрагим малайзиялык окуучуларга белегин тапшырып, Кыргыз Республикасынын кооз жерлери тууралуу айтып берип жатат.
Кыска убакытта жакын досторго айланган окуучулар эстеликке сүрөткө түшүштү.
Малайзиялык мугалимдер белекти кубануу менен кабыл алышып, Ибрагимге ыраазычылыктарын билдиришти.
Соңунда коноктор Ибрагим менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

Кереметтүү кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган билим берүү багытындагы долбоор кызыктуу уланууда. Түнгө чейин уланган
иш-чаранын 22-июлдагы бөлүгү да соңуна чыкты. Окуучулардын бири Эсенкул уулу Ибрагим малайзиялык мугалимдерине жана досторуна даярдап келген чакан белектерин тапшырды. Ибрагим Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунан келген. Андыктан окуучу өз районундагы тарыхый, кызыктуу жана кооз жерлердин сүрөтүн даярдап келгенин англис тилинде түшүндүрүп берди. Малайзиялык мугалимдер жана окуучулар күтүүсүз белекке кубанып, Ибрагимге ыраазычылык билдиришти.

Ал эми эртең, 23-июлда долбоордун алкагында катышуучулар Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Рух-Ордо" тарыхый комплексине экскурсияга чыгышат.






Кыргыз-Малайзия достугун арттырган саякат

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
23.07.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ананайын менин инимго Ибрагим аман бол биз сенин жакшы иштерине кубо бололу, жакшы эс алып келгиле, чаткалдык туугандар класс баскыла барсынарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: