super.kg logo

Малайзиялык окуучу Мухаммад Хазим: "Жаңы досторду таптык. Бир апталык окуу, эс алуу абдан кызыктуу болду"

 
Солдон оңго: Непхи Шейн Виллиам, Сох Чин Ю, Мухаммад Хазим
Солдон оңго: Мухаммад Хазим, Элса Тангам Жон Арулнесан, Сасикала Балачантра

Бүгүн, 27-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган Ысык-Көлдөгү билим берүү, эс алуу иш-чарасы тууралуу маалымат берилди. Анда Малайзиядан келген мугалимдер жана окуучулар Кыргыз жеринен кандай таасир алышканын айтып беришти.

Малайзиялык мугалим Элса Тангам Жон Арулнесан: "Окуучуларга англис тилин үйрөтүү, бир жума билим берүү менен эс алуу программасын өткөрүү кыйынга турган жок. Кыргыз мугалимдери да жардам беришти, андыктан кыйынчылыктар деле жаралган жок. Аларга да ыраазычылык билдиребиз. Балдар аябай кызыгуу менен окуп, үйрөнүп жатышты. Кыргыз окуучуларына айтарым, чет тилдерин үйрөнгүлө. Англис тилин билсеңер дүйнөнү кыдырууга мүмкүнчүлүгүңөр болот", - деди.

Малайзиялык окуучулар да өз сезимдери менен бөлүшүштү. Баары бир ооздон кыргыз окуучулары менен достошконун, баары кызыктуу болуп, аз да болсо кыргызча үйрөнгөнүн айтып жатышты.

"Мен бул жерде Камбар, Акай, Рысбек аттуу жана башка досторду таптым. Баары биз менен англис тилинде баарлашып жатышты. Алар бизге кыргыз тилин үйрөтүшсө, биз аларга англис тилин үйрөттүк. Кандай сынак, оюндар уюштурулбасын, чогуу жасап, сейилдеп, бирге ойноого аракет кылып жаттык. Бир жумалык окуу, эс алуу, саякаттоо абдан кызыктуу болду", - дейт малайзиялык окуучулардын бири Мухаммад Хазим.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын райондук администрациялары, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жайкы эс алуу учурундагы билим берүү иш-чараларына мектептерден бирден окуучу тандап беришкен (тизме). Малайзиядан келген коноктор Кыргыз жеринин төрт бурчунан чогулган окуучулардын калың тобу менен бир апта бою Ысык-Көлдө болушуп, англис тили боюнча сабак беришти.






Кыргыз-Малайзия достугун арттырган саякат

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: