Бишкекте 10 айда 23 миңден ашык бак-дарак отургузулду
Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 10 айында 23 миң 232 бак-дарактын көчөтү жана 2 миллион 138 миңден ашык бир жылдык гүл отургузулду. Бул тууралуу кечээ, 9-ноябрда мэриянын пландык кеңешмесинде белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, отчёттук мезгил ичинде 110 миң бак-дарак дарыланып, куураган жана авариялык абалдагы дарактар алынып, көчөлөрдү жана проспекттерди жашылдандыруу иштери аткарылган.
Жыйында мэр Бишкектин климаттык шарттарына ылайыктуу бак-дарактарды жана көп жылдык гүлдөрдү отургузууну тапшырды. Ошондой эле ар бир ишкана борбор калаанын климаттык шарттарына ылайыктуу, бийик бойлуу жалбырактуу кеминде беш бак-дарак отургузуусун караган демилге сунушталды.
"Быйыл биринчи жолу шаардык бюджеттен көчөттөрдү сатып алууга 500 миллион сомго жакын каражат бөлүнүүдө. Буга чейин борбор калааны жашылдандырууга мынчалык көлөмдө каражат жумшалган эмес. Бөлүнгөн каражатты натыйжалуу пайдаланып, отургузулган ар бир бак-дарактын сакталышын камсыз кылуу зарыл",- деп белгиледи Айбек Жунушалиев.
Эске сала кетсек, жакында эле калаа мэри Жунушалиев сугат системи жок жерлерге бак-дарак отургузууга тыюу салып, алгач арык системин куруп, суу менен камсыздоо зарылдыгын белгилеген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















