Жылнаама, 10-ноябрь: Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев 82 жашка толду
Бүгүн, 10-ноябрда Кыргызстандын туңгуч президенти, академик Аскар Акаев 82 жашка толду. Ал 1944-жылы Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Байрак айылында туулган.
Аскар Акаев 1961-жылы мектепти алтын медаль менен аяктап, Ленинграддагы Так механика жана оптика институтунда билим алган. Кийин илимий ишмердүүлүк менен алектенип, физика-математика илимдеринин доктору, профессор жана академик болгон.
Ал 1990-жылы 27-октябрда Кыргызстандын президенти болуп шайланып, 2005-жылдын 24-мартына чейин өлкө башчысы кызматын аркалаган. 2005-жылдагы март окуяларынан кийин өлкөдөн качып чыгып кеткен.
Учурда Аскар Акаев Орусиянын Москва шаарында жашайт. Ал Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде математика профессору болуп эмгектенет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















