Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаев сүйлөп жатканда аянттан кетип калды




"Ала-Тоо" аянтында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанатта экс-президент Роза Отунбаева президент Алмазбек Атамбаев сүйлөп жаткан учурда аянттан кетип калды. Алгач Роза Отунбаева өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун жанында турган. Атамбаев Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккандардын сап башында тургандардын бири Отунбаеванын дарегине катуу сындарды айткандан кийин ал аянттан чыгып кетти.
Атамбаев: "Роза Исаковна, 2010-жылы Конституцияны кабыл алганда сиздин жаагыңызды парламент жапканы баарыбыздын эсибизде. Өлкөбүздө кандай баш аламандык эле. Убактылуу өкмөт Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен президенттик мөөнөтүн узартып алат деп коркуп жатат. Анткени мындай көрүнүш 2010-жылдагы референдум учурунда болгон. Ар ким өзүнө карап иш кылат", - деп айтты.
Атамбаев Роза Отунбаеваны сахнадан кетүүгө мажбур кылды
Ажонун сөзүнө нааразы болгон Отунбаева аянттан чыгып кетти



мен учун тушунуксуз. Апрель окуясын эскербегенде да Ош окуясында канча адам олуп кетти, ага чейинки морадерство, банк ячейкалары чуусу ачыкка чыкпай "басты басты" болуп журот...
Бизге парламентизм жарашпайт экен, анткени жалан акчалуу бизнесмендерди шайлап алып кийин ай караган текедей жок нерсени кутуп отура беребиз. Биз ишенген кожолор (депутаттар) болсо шайлоого сарптаган акчаны 3-5 эселеп кайрып алуунун аркасында журушот, алтын-кумуш койбой сатып эл байлыгын... Кыскасы депутаттарда ашкере ыйгарым укуктары, кымындай да жоопкерсиздик, 6-жылдан бери козго корунгон кызматы ноль!!!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек! 30 күн БАНга!