super.kg logo

Сурамжылоо: "Түнкүсүн унаалардын жарышканы, түнкү саат 3кө чейин созулган тойлордогу музыка уктатпайт, азан үнүнөн зыян жок"

 

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Болотбек Ибраимжанов Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 6-октябрдагы жыйынында "түнкүсүн мечиттерде азан айтууга жана кафе-ресторандардан чыккан музыкаларга тыюу салынышы керек" деген.

Ал: “Мечиттерде түнкүсүн азан аябай катуу айтылууда, үндүн бийиктиги санитардык нормадан жогору болуп жатат. Саат 23:00дөн 07:00гө чейин тыюу салынышы керек. Балдар түнү менен уктабай, мектепке кечигип калышууда”, - деген пикирин билдирген. Эл өкүлүнүн бул сунушу коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Бул маселенин тегерегинде шаар тургундарынын оюн билүү максатында аларга “Мечиттен чыккан азандын үнү тынчыңызды алабы?”, “Кафе-ресторандардагы жана башка көңүл ачуучу жайлардагы музыканын добушу уйкуңузду бузабы?” деген суроолорду узаттык. Жооп бергендердин дээрлик бардыгы мечиттердеги азан үнү аларга тоскоолдук жаратпай тургандыгын билдиришти.

Мечиттерден чыккан үн боюнча депутаттын сунушуна көптөр кошулбаганын байкадык. Тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон 2 гана убакыт бар: багымдат намазы менен куптан намазы. Бул намаздардын убакыттары эл уктаганга камынып жаткан же уктап жаткан учурга туура келет.

6-октябрга карата намаз убактылары: Багымдат: 5:31, Бешим: 12:50, Аср: 16:48, Шам: 18:40, Куптан: 19:52

Муфтияттын берген маалыматына караганда, Кыргыз Республикасында 5 миңге чукул мечит бар. Алардын 2704ү каттоодон өткөн. 2000ден ашык мечит каттоодон өткөн эмес.

Ал эми эл өкүлүнүн кафе-ресторандардан чыккан музыканын тоскоолдук жаратып жатканы боюнча айтканы туура маселе. Бишкекте дээрлик кадам сайын мындай жайларды жолуктурууга болот.

Досмат Данияр уулу: - Азыркы мезгилде азандын айтылышы эч бир адамга залакасын тийгизбейт деп ойлойм, себеби ал учурда баарыбыз эле ойгоо болобуз. Кечкисин азан саат 8де, ал эми таңкы маалда 6да айтылат. Кафе-ресторандарды эл жашаган жерден алысыраак, ээн жакка салуу боюнча мыйзам кабыл алынса жакшы болот эле...

Илегул Курманов: - Мен 10-кичи райондо ресторандын жанында жашайм. Андан чыккан музыка аябай тоскоолдук жаратат. Музыка эле эмес, сыртка чыгып алышып салюттарды аттырышат. Ал эми мечиттен чыккан азандын үнүнүн мен үчүн эч кандай зыяны жок.

Азамат Абдырахманов: - Азандын үнү мен үчүн эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Ал эми көңүл ачуучу жайлардагы музыка, ызы-чууга көнүп деле калдык. Биз жашаган райондогу кафе-ресторандарда тойлор кээ бир учурларда түнкү 2-3төргө чейин уланат. Бул биз үчүн адаттагы эле көрүнүш болуп калган.

Мээрим Тажиева: - Мен борбордук мечиттин жанында жашайм. Азандын үнү эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Анын үнү бийик чыкса деле мен үчүн жагымдуу.

Гүлбүбү Мамбетова: - Кара-Балтада жашайм. Учурда кафе-ресторандардын саны көбөйүп кетти. Мен жашаган жерде да көп, түндө тынчыбызды алып, кичинекей балдарыбыздын уйкусун бузуп жатат. Бирок бул маселе боюнча тиешелүү жерге кайрылган эмесмин. Ал эми азандын үнүн укканда менин маанайым көтөрүлүп, жүрөгүмдө жакшы бир сезим пайда болот.

Тынчтык Эдилбек уулу: - Мен Манас айылында жашайм. Ал жакта кафе-ресторан жок болгону үчүн мындай маселе бизде жаралбайт. Мен намаз окуйм, андыктан азан үнү тоскоол болбойт. Азан адамдарды ыйманга чакырат эмеспи.

Кубатбек Жетиген уулу: - Кафенин жанында жашайм. Өзүм музыкага жакын болгонум үчүн музыка, андагы ызы-чуу эч кандай тоскоолдук жаратпайт.

Айчүрөк Дөөлөталиева: - Биздин үй жактагы кафе-ресторандар убагында жабылат. Элдин тынчын албайт деле, уйкуну бузбайт.

Улукман Жунусов: - Мен Түштүк магистраль тарапта жашайм. Бизди көңүл ачуучу жайлардагы музыка эмес, магистралдагы автоунаанын жарыштары, андан чыккан үндөр, ызы-чуу тынчыбызды алып, уйкубузду бузат. Бул маселе ушул мезгилге чейин көп эле жолу көтөрүлсө да, чечилбей келет.






Түнкүсүн мечиттерде айтылган азан жана кафелердеги музыка тынчыңызды алабы?

Автор: Айзат Болотбек кызы
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(24)
SUPER.KG видео
06.10.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул кандай немелер озу,имандан калган.Мечеть канчалаган ажамдарды жаман нерселердин тосулушуна севеп болуп атат.
06.10.2016. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Супер инфо жамааты азаматсыңар!!!
06.10.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Азандын танкысы элдин алды ойгоно баштаганда айтылат, айтылса деле 4-5 мунотто бутот, сен ойгонгучан токтойт. Ушундай динге душман батышчыл эл окулдорунун журокторуно Кудай ыйман берсин!
06.10.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ушуга окшогон депутаттарды динге каршы чыккандарды эстеп калайлы кийинки шайлоодо кереги тийет
06.10.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
fora, эн туура!
06.10.2016. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул депутаттарды ХХХ ХХХ ХХХ да аздык кылат..кундо бироо алжып бирдеме айтып ушакташып отурат бири телефон ойноп иш убактысында отурушат го жыргааап...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-07 11:41:14
07.10.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kroxa, провокациялык билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуңуз!
SUPER.KG видео
06.10.2016. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми азанга каршы чыккыла азан болгону 1 же 3 мунот олуп калбастыр эми эчким эртен менен ойготсо жаманбы неси жаман ансыздале будильник коёрсунар
06.10.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ал депутат озу кайсы динди карманат экен? Багымдат намазына айтылган азанды угуу насип кылганы учун Аллах мин шугур келтирип ойгонбойбу уй булосу менен.
06.10.2016. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул депутатка айтаарым; Атын чыкпаса жер ортто
SUPER.KG видео
06.10.2016. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азандын унун угуп жатканыбызга Аллахка Шурурлор болсун Азандын унун уга албагандар канча Жанар Акаевге окшоп Мусулмандарга жаман корунбой эсине кел Аллах улук.
06.10.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул депутаттар толтура башка маселелерди чечип, иш кылбайле калптан иштемиш болушуп,болоор-болбос эптеп бир маселе табып,укмуш катуу суйлоп, эрдик жасагандай койкондошот...4-5 жуздуулор!
06.10.2016. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
уйкуну бузуп жатат дегенден уялбайсыңарбы, андан көрө Азан жаңырганда туруп парзыңарды аткаргыла тигил дүйнөгө креслоңор менен кетпейсиңер.
06.10.2016. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу силер депутаттар Азандын убактыларын деле билбейт болушуңар керек.
07.10.2016. 05:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азан жер бетинде 1да секундага токтобойт. Андыктан аракет кылбай эле койгула жолдош депутаттар
07.10.2016. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым азан унун угуш учун кулакты берген ошого шугур кылып жашагыла.
Медиа-портал
07.10.2016. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ииии бул депутат даже так суйлогонду билбип алсын да ага караганда мен так суйлойм иии ммм дебей
Медиа-портал
07.10.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу депутат азан убактысын зээрикпей интернеттен карап көрсөңүз. Эртең мененки азан 5:30 айтылса, кечки азан 20:05 бүтөт. Андан кийин азан айтылбайт 5:30 чейин. Ар бир азан саат сааты менен айтылат. Андан көрө кафе-ресторандарды айткыла.
SUPER.KG видео
07.10.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда магистральга жакын жашайм, 5-6-7 кундору данкылдап атылган фейерверктер, анан мотоциклдер, машиналардын газды болушунча басып откондорунон секирип ойгоносун. Азандын айтылганы угулбайт деле. Анкарада жашаганда 4 жагындан 4 мечит азан айтат, ага эч ким деле териккенин корбодум, ашып кетсе 5 минут айтылат.
Медиа-портал
08.10.2016. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жай мезгилинде озгочо кафелерден чыккан музыка олтурот да
SUPER.KG видео
08.10.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АстагфирАллах колунан башка иш келбей еми 3 муноттук азанга асылгандан уялбайсынарбы туну менен уйку бербей данылдаган кафелерди жок кылбайсынарбы,,,
Медиа-портал
09.10.2016. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мечиттеги азан чынымды алып жатат деген адамды мен жашоомдо уга элекмин. Менимче азыркы бийлик кыргызстанды да өзбекстан сыяктуу кылганы жатат окшойт. Биз мусулманбыз бизди аллах жараткан. Андыктан мечет намаз окугандарга тескерисинче жакшы шарттарды түзүп берсеңер жакшы го. Тоскоол кылган түнкү клуб кафе ресторандарга график түзүп бергиле,элге тоскоол болбой турган кылып эгер колуңардан келсе.
SUPER.KG видео
29.10.2016. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш койлорго кыйын болуптур го азандан чочуп,...
SUPER.KG видео
30.11.2016. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чубак ажы айткан эскертип, олуп калба Ислам динине асылып жатып, этият бол олуп калба
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: