super.kg logo

Сурамжылоо: Милиция сиздин укугуңузду коргойбу же кордойбу? Жарандар: "Кордогондору да, коргогондору да бар"

 

Кыргыз милициясынын 92 жылдык мааракесине карата SUPER.KG порталы Бишкек шаарынын тургундарынан "Милиция сиздин укугуңузду коргойбу же кордойбу?" деген сурамжылоо жүргүздү. Сурамжылоонун жүрүшүндө айрым жашоочулар милициянын жарандарды коргогонуна ишенбегендигин билдиришип, укук коргоо кызматкерлеринин арасында жарандарды кордоого алгандары бар экенин айтышкан. Ошол эле учурда милициянын жакшы иштеп жатканын белгилеп, жарандардын укугун коргой турганына ишенгендер да болду.

Эске салсак, кыйноолор боюнча укук коргоо кызматкерлерине 2014-жылы 16, 2015-жылы 34 кылмыш иши козголгон. Ал эми 2016-жылдын 29-июнунда Кадамжай районунун тургуну Нургазы Сартаевдин милиция кызматкерлеринин ур-тепкисинен улам эки бөйрөгү жабыркап, ага 2 жолу операция жасалган. Ошондой эле 2015-жылдын 30-декабрында Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун милиция кызматкерлери үндүк уурдаганга шектелип кармалган Урмат Кубанычбековду сабап, колдорун аттиш менен кыпчытып кыйнашкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан жарандардын укуктары бузулган окуялар байма-бай кайталанып келет. Алардын катарын жакында эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган окуучунун өлүмү толуктайт. Өспүрүмдүн өлүмү Жогорку Кеңешке чейин жетип, талкуу жаратты. Бүгүнкү күндө Сузак РИИБинин аймактык тескөөчүсүнө карата кызматтык иликтөө жүрүп жатканы айтылды.

Мындан сырткары Бишкектеги милиция кызматкерлеринен жабыркаган Адилет Иманкулов "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде: "Орто-Сай" базары жакта баратсам, милиция кызматкерлери келип кармап кетишти. Алып барган соң "2 кылмышты моюнуңа аласың" деп целлофан баштык кийгизип сабап, ийне сайып, электрошокер басып кыйнашты", - деп билдирген.






Милиция сиздин укугуңузду коргойбу же кордойбу?

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(19)
28.10.2016. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Милицияга ишин тушкулук кылбасын Жараткан Алла
28.10.2016. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Арасында жакшылары бар, окунчтуусу андайлар аз. Кобу кантип элди коргойм деп эмес, кантип сабашка кыла койсом деп журот. Согунгондорун угуп, окуу жайында аны да окутабы деп ойлойм.
28.10.2016. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Милицияларга сабак отсун ыймандан бир жумада эки жолунан, муфтият менен келишип ошондо алардында журогундо кудайга болгон коркунуч пайда болот.
28.10.2016. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Милицияны жаман уйротконда озубуз. Кээде тартипти билип билбей бузабыз, ишти жабыш учун акча беребиз.Окубай праваларды сатып алабыз. Анан озубуз жамандайбыз.
5 кол тен эместа, бар алардын арасында эптеп кылдан кыйкым таап акча алгандар да, законду билбейт деп ар нерсени, кылбаган иштерин моюнга алдыргандар.
SUPER.KG видео
28.10.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кордойт!!!!
Медиа-портал
28.10.2016. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
милицияны сыйласан сага сый корсотот да,алдында форма кийип турса сыйлабай айкырып пагондоруна асылгандар канча,Кымбаттуу Милициялар келе жаткан майрамынар мн,ден соолукта болгула,силердин ден соолугунар болсо бизди коргойсунар да.
Медиа-портал
29.10.2016. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kanu,кечиресиз бирок алар коп эле жолу мыйзамсыз иш алып барышат мен кооп олу жолуктурдум кочодон караап туруп жудогон жонокой кийинип алган же эптеп кункоруп аткан адамдарды кармашат
28.10.2016. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Милицияга ишин түшпөсүн...түшкөндө билинет...кээбир учурда күнөөсүз адамды мойнуна алдырып....отургандар бар...мен ишенбейм аларга!! !!!!
28.10.2016. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Милиция менен докторлорго ишиң түшпөсүн булар баары элди кордоп келет акча үчүн булар баарына даяр
28.10.2016. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сыр сактай албагандары кызык экен ишенип айтсаң кайра сени сатып коюшат экен.
28.10.2016. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бир жолу милицияга жардам сурап кайрылсак бир жерде күчтүү бакшы бар экен ошого баралы дейт биздин ишенген милициялар
28.10.2016. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Беш кол тен эмес,бирок мурда ии ушу милициялар бар бир аз тынчбыз дечуу элем окунучтуу андай эмес экен ичинде жакшылары аз 20%. 80% кордойт экен кайрылып барсан эле тергоого чакырып нары басып бири мынча берин десе бири басып мынча берин дейт болбосо районго,областка отуп кетет бул иш деп коёт айла жок. Бирок кичине болсода чон катачылык болсода кээ бир арам акча тапкан милициялар кордойт экен. Негизи олкобузда акча роль ойноп калды да карызга батып калдык,буларда убакыттан пайдаланат экенда. Ар
29.10.2016. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай коргойт биздин милиция. Кантип акчасын алсам деп турат. Адамдык сапаты жок форма кийгендердин! Без форма тутсан тоок баары. Акча берип киришет да ошону эки эсе ондургону аракет калышат. Кыскасы эч Кимдин иши тушпосун бул формачан оборотеньдерге. Алар да Кудайдын алдында жооп берет унутпагыла!!!!
29.10.2016. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын (милиция, врачка) буларга иш түшкөндөн. Коргомок тургай эмне себеп таба коюп акча ала калсам деп турушат. Арасында да аааааанча-мынча жакшылары бар.
29.10.2016. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А менин билдируумду эмнеге эле очуруп саласынар!!!!???(((
29.10.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кордойт!!!...
29.10.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Да. Кудай сактасын булардан.
Медиа-портал
30.10.2016. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamani jaman ele kochodon ketip baratkandale bilinet ilgeri Bakiev ubaginda kop ele jolu karmashti birok povod bergen jokmun bir jolu marshrutkadan kelatip tushup ayaldamadan beri burula kalganda karmashti
Медиа-портал
30.10.2016. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин жолдошум25 жылдан бери милициада иштейт эч качан арам акча жаман иштерге аралашкан эмес.25 жылдан бери элди коргоп келатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: