super.kg logo

Жолдошу 5 баласы менен таштап кеткен жалгыз бой эне учурда селсаяктар жашаган үйдө баш калкалайт

 

Арабызда турмуштун жакшы күндөрүн да, оор күндөрүн да кечирип келген түрдүү тагдырдагы адамдар бар. Биринин жашоосу жеңил болсо, бириники кыйын болуп, ар кандай тоскоолдуктарга туш болушат. Турмуштун түрдүү соккусуна кабылып, жашоосу канчалык оор болсо да, мындай жашоосуна күнөөлүү адамды издебей, жакшылыктан үмүттөнүп, 5 баласын жалгыз тарбиялап келе жаткан Нурзат Жанузакова менен маектештик.

Нарындан келген Нурзат Жанузакова учурда 40 жашта. 1998-жылы Улуттук университеттин физика факультетин аяктап, турмушка чыккан. Каарманыбыздын үйүнүн босогосун аттаганыбызда жайылып турган жаш балдардын кийимдерине көзүбүз түштү. Сыртта кандай суук болсо, үйгө киргенде ошондой эле суукту сезүүгө болот.

"Турмуш курганда Нарында жашадык. Кийин борборго келдик, ошондон бери Ак-Өргөө конушунда жашайм. Ай көчөсүндө турганыма 7 жыл болду. 2 жыл мурун жолдошум 5 балам менен таштап, башка үй-бүлө куруп кеткен. Балдарым тирүүлөй жетим болушту, алар бул окуяны билишпейт. Атасын сагынып мага көргөзбөй ыйлашат", - деп каарманыбыз сөзүн баштады.

Жанузакованын 2 уулу, 3 кызы бар, кыздардын экөө эгиздер. 5 жакшынакай, дени-карды соо балдарды кандай ата кор кылып таштап кетет?

“2 уулум, 1 кызым мектепте окуйт. Эгиз балдарымды бала бакчага айыл өкмөтү жайгаштырып берди. Батирлеп жүрүп тажадым. Акыны төлөй турган убак келгенде батирдин акчасын бере албагандыктан кууп чыгышат. Айыл өкмөтүнө батир маселеси боюнча кайрылгам. 4-5 жылдан бери селсаяктар жашаган үй бар экен, алар бизди ошого киргизишкен. Жайында жылуу болуп билинген эмес, суук түшкөндө үй муздак болуп, балдарым улам-улам ооруп жатышат", - дейт эне.

Жанузакова таштап кеткен күйөөсүн үйдү жылуулап бер деп чакырган, бирок ал басып келген эмес.

"Үйдү бир аз жылуулаганга жардам бер деп балдарымдын атасын чакырсам келбей койду. 4 балам мектептен сарык оорусун жуктуруп, ооруканадан жаңы эле чыгышты. Айыл өкмөттөн маалым кат алып, ооруканада бекер дарыландык. Эми 15 күндөй балдар үйдө болушат”, - дейт Нурзат Жанузакова.

Балдары сарык болуп ооруганда, коңшулары "оору жугат" деп суу алган жерге аны жолотпогонго аракет кылышканын көзүнөн жаш айлантып айтып берди.

“Өзүм кургак учук болгом, эки бөйрөгүм да ооруп дарыланып турам. Мурун тигүү цехинде иштечүмүн. Балдарым ооруп калганда, аларды караганга киши жок, ал жакта дагы иштей албай калдым. Үйдө кийим тигүүчү машина бар. Балдар уктаган кезде, кечкисин тапшырык алып тигем. Кээде бирөөлөрдүн кирин жууп, үйүн жыйнап күнүнө 200-300 сом таап, балдардын жол киресине, тамагына жеткирем", - деген Жанузакова "кыштан аман-эсен чыгып алсак” деп үмүттөнөт. Балдары ачка, үшүп отурса, жардам сурагандан уялбай калганын кошумчалады.

“Элден жардам сурагандан мурун намыстанчумун. Балдар үшүп, ачка отурса уялып отурмак белем? Тамак- аш, кийим-кече, көмүр жана батирди жылуулаганга каражат керек. Жолдошумдан да, анын туугандарынан да жардам жок. Ата-энем улгайган адамдар, өздөрү пенсия менен жашашат. Туугандарым жардам берип келишкен, бирок алардын да үй-бүлөсү бар дегендей. Кайра-кайра жардам бергенге мүмкүнчүлүктөрү жок”, - дейт каарманыбыз.

"Балким, айылга барып жашаса, жашоо бир аз жеңилирээк болот беле?" деп суроо узатканыбызда, айылда да жашаганын, ал жакта деле жашоо оңой эмес экенин айтты.

"Айылга барып деле 3 жыл жашап көрдүм. Жалгыз бой болсом бир жөн эле, 5 бала менен батыш кыйын экен. Ар бир баланын өз ырыскы бар. Балдарым чоңоюп калса, бул күндөр билинбей калат. Эгиздеримдин бири "апа, мен чоңойгондо шакек сатып берем" десе, бири "машина алып берем" деп кубантып калышат. Ушулар менин ырысым. "Жаштын тилегин берет" дейт эмеспи. Аман-эсен чоңоюп, бой тиреп алышса, оорумду колдон, жеңилимди жерден алган эр-азаматтар болушат. Ушундай жашоого туш болуп калганга деле эч кимди күнөөлөбөйм. Бирөөгө наалат айтканда эмне чыгат?"

Жалгыз бой эне Нурзат Жанузакова элге ыраазы экенин айтат: "Жардам сурап чоңдорго, акчалууларга кайрылып да көргөм. "Сенин 5 балаңды мен төрөттүм беле?" деген кептерди уккан күндөр болду. Андан көрө менин турмуш шартымды көрүп турган карапайым эл көп жардам берди, берип да келе жатат".

Каарманым макаланы окуп, жардам берем дегендер болсо, жардамдын бардык түрүн кабыл аларын билдирди.






"Күйөөм 5 баласын бага албайм деп таштап кетти"

Автор: Турсунай Алымкулова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(22)
10.11.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кантип байланышсак болот.дарегин же телефонун жазып койгулачы.откондо Нуриза эжеге жардам берейин деп чалсам отключон номери.эми жок дегенде бул эженин данныйларын тагыраак бергилечи
vangolu түзөттү 2016-11-10 16:16:26
10.11.2016. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
vangolu, саламатсызбы!
Дареги: Бишкек шаары, Ак өргө конушу, Ай көчөсү 53. Телефон номери: 0709798876 Жанузакова Нурзат
10.11.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дарегин и номерин жазып койсонор жакшы болмок экен колдон келгенин жардам бермекпиз
10.11.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
mambo-1984, саламатсызбы, байланышсаңыз болот.
Дареги: Бишкек шаары, Ак өргө конушу, Ай көчөсү 53. Телефон номери: 0709798876 Жанузакова Нурзат
10.11.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
эже айткандай колунда барлардан жардам деле жок.аларга караганда биз карапайым эл куйумдууроок болобуз.бир нанымдын жартысын бергенге даярмын.
10.11.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бакылуу болунуздар эже балдарыныздын тилеги оорундалсын бул кундор да отот Жакшы кундорду коргону денсоолугунуздар дайым чын болсун.
10.11.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдарыныздын келечеги кен болсун. Оздору айткандай сизди алаканына салып жургон кун сизге насип этсин! Бул кундорду корбогондой болуп кетиниз. Аял заты барына чыдайт, конот. Сабыр тилейм!
10.11.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негедир кыргыз тилдуу сайттарда ушундай маалыматтар жазылса жардам берем, же жылуу созун аябаган адамдар четтен чыгат. Орус тилдуу соц желе же сайт ж.б. жактарда эмнеге торойт,эми ким багат ж.б.д.у.с. ойлор кобуроок жазылат.(Ф..к, Т..р) Бул кундор да отоор,Умут деген юзер байланышы бар окшойт. Электрондук капчык же счет ачып кобуроок ММКларга таркаткыла. Коп тукурсо кол,толкуса сел болот. Кыргызстан дыктар карап турбайт,боркундой кор.Силердин кочодо да Майрам болот!!!
10.11.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балдарын таштап, темселеп кеткен Ата соройду эмнеге жазбайсынар. Бетин ачыш керек да андай эргулдарды!!!
Жардам берели, коп тукурсо кол болот дейт элибиз
11.11.2016. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муктаж адамга ким жардам берсе Аллах ага ыраазы болот жана андан да коп ырыскы берет дейт. Эжеге жок дегенде 500-1000сом колдон келишинче каражат которолу.
11.11.2016. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялзатынын туйшугу ченемсиз. Кудайым куч кубат, ден-соолук берсинчи.
11.11.2016. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баягыда козу корбогон эжеге "жардам берет элем деп, номерин бергилечи" деп баары жазышкандан, ал эже байкуш маршрутка менен, банкка барып, эсеп счёт ачып, супердин кенсесин темселеп кызын ээрчитип алып, издеп жургон экен, жоолугуп, жеткирип койгом. Жардам бермек турсун, телефон номер сурашып бир киши дагы чалбаптыр. Менин айтайын дегеним, куру соз менен эле, бул жерге жаза бербесенер, эгер мумкунчук жок болсо, адамды убара кылбай.
11.11.2016. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адресин толук жазып койгулачы, Ак Оргодо Ай кочосунун канчанчы уйу экенин..!
11.11.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
guard, саламатсызбы! Ай көчөсү номери 53. Чалсаңыз болот, 0709798876 Жанузакова Нурзат
Үмүт Абдраимова түзөттү 2016-11-11 10:26:08
11.11.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Үмүт Абдраимова,
Рахмат !!!
11.11.2016. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо силерге чон рахмат, ушундай карапайым калктын койгоюн, чыныгы жашоосун элге жарыялап тургандарынарга. Алла кааласа бизда бул эжеге жардам кылабыз. Жардамга муктаж жандарды жазып турунуздар, кайсы жака садака , зекет берсек деген жандар коп элего дейм Кыргыз элимде
Медиа-портал
11.11.2016. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге ДАНК азаматсыз балдарыныздын урматын коруп бактылуу карылыкка жетиниз
SUPER.KG видео
11.11.2016. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ден соолук сизге. Акыл эстуу балдарыныз бар экен. Ошолор сиздин баркынызга жетсин
SUPER.KG видео
12.11.2016. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироого кар дуйно,бироого зар дуйно.
Балдарыныздын бактысына эч качан оорубаныз,ар дайым бар болунуз.Бул кондор да убактылуу отоор,кетээр.Бул кундор да эстен чыгып кетет.
12.11.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атка минерлер 3-4соток жер берсе, времянка салып алса жакшы болмок. Мен стройматериал жактан жардам бермекмин.
12.11.2016. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Телефон очурулгон болуп жатат. Супер инфо башка иштеген номерин бергилечи.
SUPER.KG видео
14.11.2016. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии кучуктор десе Шакек алып берем дейт , тилегинер орундалсын. Балдар кыздары акылдуу ыймандуу чыгып, ошолордун торундо жалан сыйын коруп жылуу чайын ичкенге жетеирсин кудайым. Анча-мынча эркектерге Караганда тузук экенсиз, балдарын Таштабастан. Эже эч качан оорубаныз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: