super.kg logo

Бишкек. Жарандарды жүдөтүп, көпкө күттүргөн жол тыгындары (фоторепортаж)

 
Жаш Гвардия бульвары
Чүй кең көчөсүндөгү кечки жол тыгыны
Манас кең көчөсүндөгү унаа тыгыны
Алматы көчөсүндөгү эртең мененки жол тыгыны
Абдрахманов көчөсү
Горький көчөсүндөгү эртең мененки жол тыгыны
Медеров көчөсүндөгү жол тыгыны
Жол ортосуна токтоп адам салып жаткан коомдук унаа
Каршы тилкеге чыгып бараткан жеңил унаа
Фучик көчөсү. Коомдук унааны туура эмес токтотуу кадимки көрүнүш болуп калган өңдүү...
Чүй-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилиши
Жаш Гвардия бульвары-Чүй кең көчөсүндө туура эмес токтогон коомдук унаа

Өлкөдө соңку убактарда автоунаалар кескин көбөйүүдө. Өлкөнүн башка аймактарына караганда борбор калаада унаалардын көп экени белгилүү. Мындан улам көчөлөргө батпай, жол тыгындары жаралат. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 1 миллион 136 миң унаа катталган. Анын ичинен Бишкек шаарында 420 миңден ашуун унаа бар.

Таң эрте шаардын көчөлөрүн аралап, Чүй, Манас, Абдрахманов кең көчөлөрүндө, ошондой эле Горький, Юнусалиев, Ибраимов, Медеров, Киев, Токтогул, Жибек-Жолу көчөлөрүндөгү жол тыгындарына күбө болдук. Адатта болуп турчу тыгындар кардын жаашы менен дагы да күчөдү.

Эртең менен көпчүлүк эл жумушка баратканда, кечкисин жумуштан кайтканда жол тыгындарынын пайда болушуна калаада унаалардын көптүгү, жолдордун тардыгы себеп болууда. Айрым убактарда жол тыгыны жүргүнчүлөрдүн жарым сааттан бир саатка чейинки убактысын алат.

Жол тыгындарынын пайда болушуна айдоочулар өздөрү күнөөлүү болгон учурлар да бар. Коомдук унаалардын айрым айдоочулары аялдамаларга жетпей токтоп, жол эрежесин сакташпайт. Жолдун ортосуна токтоп, жүргүнчүлөрдү салып, түшүрүшөт.

Мындан сырткары айдоочулар арасында жөө жүрүүчүлөргө жол бербей, атайын белгилерден өтүп кеткен учурларына күбө болдук. Ошол эле учурда коомдук унаалардын айдоочулары көбүрөөк эреже бузушарын көрүүгө болот.

Эртең менен жана кечинде айдоочулардын жөө адамдарга жол бербөөсү, каршы тилкеге чыгып айдоосу, жол чырактан ашып токтоо, токтоого мүмкүн эмес жерге токтоо, коомдук унаалардын аялдамаларга жетпей ар кайсы жерде адам салуу, түшүрүү сыяктуу эреже бузууларына күбө болдук. Ошол эле учурда көчөлөрдө жерге чийилген жол белгилеринин өчүп калганы да жүздөп саналат.

Жол эрежесин бузуу, шаар ичинде катуу ылдамдыкта айдоо, каршы тилкеге чыгып айдоо сыяктуу тобокелчиликтер адам өмүрүнө коркунуч жаратары чындык. Ал эми калаадагы жол тыгынын жоюу, альтернативалык жолдорду куруу, жолдорду кеңейтүү сыяктуу иштердин жүрүшү жакынкы аралыктарда башталбайт сыяктуу.

Бишкек шаардык патрулдук милициянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, шаардын жол каттамдарын көзөмөлдөө боюнча Патрулдук милициянын кызматкерлери 3 нөөмөт менен чыгышат. Алгачкы көзөмөлгө 249 милиция чыкса, кийинки нөөмөттө 205 кызматкер иштейт. Ал эми үчүнчү түнкү нөөмөттө 70 кызматкер иштейт.

"Манас кең көчөсүнөн өтүүчү президенттин кортежи үчүн жолдор эртең менен, түштө, кечинде 15 мүнөткө гана жабылат. Калган учурда жолдордогу бузулган, туура эмес токтотуп кеткен унааларды алуу сыяктуу иштерге 2 саат убакыт жумшайбыз", - деп билдирди Патрулдук милициянын басма сөз кызматы.






Кечки Бишкектин унаа жолдору

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
18.11.2016. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобо дейли Москваныкындай болсо эмне болот элек. Машурт азайткан менен кышында 42 автобусду куто берип бут кулак тонуп сынып калат шашлыш иштерин бутмок тугул автобус кутуп кунун отот
18.11.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанда машина айдагандар бирин бир сыйлашпайт озум билемдик менен журушот

Правила менен айдаш айдочулар учун бир оор нерседей

18.11.2016. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп тыгындарга айдоочулар озулору куноолуу.
19.11.2016. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Метро болсо, элестет, жулуу метро менен жүрсөң. Элестеткиле...
SUPER.KG видео
20.11.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоочулардын көбүндө сый урмат деген жок,жол бошотуп кою,өткөрүп кою дегенди билишпейт.поворотникти күйгүзүп 2 саат болсо деле тура бересиң.аңыраңдап өтө беришет,жол берип койсо бир нерсе болчудай болуп.сигнал эле бере беришет жинди кишидей,анан колдору м.н баштарын чукуп меең барбы деп баары эле бири бирине кыйын.кыскасы жолдоо жүрүу да чоң маданият экенин түшүнүшп}
SUPER.KG видео
20.11.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иий,Бишкек сонун го. Эээ.
Медиа-портал
21.11.2016. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
красота!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: