"Манекен челенж" же "ордунда катып калуу" жаңы флешмобу интернетти каптады (видео)
Учурда дүйнөдө "Манекен челенж" (англисче Mannequin Challenge, mannequin - манекен, challenge - чакыруу) жаңы интернет-флешмобу популярдуу болууда. Анда адам өзүн манекендей сезип, бир нече секунда же мүнөттөргө ордунан жылбай катып калышы керек. Мындайда канчалык адам көп болуп, түрдүү позада турган болсо, ошончолук кызыктуу жана күлкүлүү болот. Ошондой эле элдин мындай кыймылсыз аракети "убакыт токтоп калды" дегенди да билдирет.
Аталган флешмобду ушул жылдын ноябрь айынын башында АКШнын Жэксонвилл шаарынын мектеп окуучулары башташкан. Алар тарткан видеодо класстагы бардык окуучулар катып туруп калышат. Анча узак эмес видео кыска убакытта Twitter`де 100 миңге жакын "жакты" белгисине ээ болуп, 70 миңден ашуун адам бөлүшкөн. Окуучулардын айтымында, флешмоб кайрымдуулук же дагы кайсы бир максатты көздөбөйт, болгону көңүл ачуу, маанай көтөрүү үчүн гана ойнолот.
Ал эми дүйнөгө белгилүү футболчу, саясатчы, ырчы жана башкалардын жогоруда аталган флешмобго катышуусу анын популярдуулугун ого бетер арттырган. Төмөнкү тиркелген видеолордон флешмобду дүйнөлүк жылдыздар кантип колдоого алышканын көрүүгө болот.
1410 Криштиану Роналду "Манекен челенж" флешмобунда
1410 Хиллари Клинтон "Манекен челенж" флешмобунда
1410 Дима Билан "Манекен челенж" флешмобунда
1410 Баарын катыткан "Манекен челенж" флешмобу
1410 "Манекен челенж" флешмобу
1410 Санжар Мыкыев "Манекен челенж" флешмобу менен тойдо
1410 Англия - Испания беттеши. Жейми Вардинин "Манекен челенж" флешмобу
1410 Жийдеш Идирисова "Манекен челенж" флешмобуна катышты
1
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















