super.kg logo

Бишкектин четиндеги авиакырсык Кыргыз мыйзамдарына ылайык иликтенет

 

Бишкектин четиндеги авиакырсык Кыргыз Республикасынын авиация эрежелерине, тагыраагы, Кыргыз мыйзамдарына ылайык иликтенет. Бул тууралуу 16-январда Жарандык авиация агенттиги маалымдады.

Талапка ылайык, агенттик Эл аралык жарандык авиация уюмуна жана Мамлекеттер аралык авиация комитетине билдирме жөнөтөт. Билдирме ошондой эле Түркиянын авиация тармагын жетектеген органдарга, учакты чыгарган компанияга да жиберилип, кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтей турганы айтылат маалыматта.

Жарандык авиация агенттиги Кыргыз өлкөсүнүн министрликтерин, ММКларын кырсыктын версиясы боюнча маалымат таратуудан карманып турууга чакырып, бардык жагдай комиссиянын иликтөөсүнөн кийин белгилүү болорун кабарлады.

Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачасынын үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 35ке жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Кырсыкты атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат.






40ка чукул адамдын өмүрүн алган авиакырсык

Автор: Кызжибек Раимова, Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Айбек Алимов, Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
16.01.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иликтенериго жакшы бирок биздин боорлорубуз кайрылып келбейт оорду толгус боксо бойдон кала берет
momun74 түзөттү 2017-01-16 17:01:39
SUPER.KG видео
17.01.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
жайлар жаннатан болсун ыйлагым келип жаман болуп атам
SUPER.KG видео
17.01.2017. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
XXX, биздин атка минерлер качан кагаздан карап окубай калат экен ээ? же эмне эки созду жаттай албай калганбы?
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-17 09:19:30
Медиа-портал
17.01.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым аларды бейиштен оорун берсин! каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз! кыргыз эли оор жоготууга учурады.
Медиа-портал
17.01.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элиме сабырдуулук тилейм.
SUPER.KG видео
17.01.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Призидент эмнеге барбады кырсык болгон жерге 40 адам олуп жататго акыры даже видео кайрылуу жасаган жок кыргыз элине конул айтып
SUPER.KG видео
17.01.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каза болгон адамдардын жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун.жайын жаннаттан берсин. Мандайга жазганды корот экенбиз Бугункудон эртенкин табышмак дегендей.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: