Республикалык өлүкканага экспертиза жүргүзүүгө келип түшкөн 42 объекттен 32 сөөк иликтенди
Бүгүн, 16-январда Республикалык өлүккананын соттук-медициналык экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнө саат 17:00гө карата 42 объекттен 32 сөөк келип түшкөн. Анын баары Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Курулуш башкармалыгынын дачасында орун алган авиакырсыктын кесепетинен каза болгондорго таандык. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Республикалык өлүккананын соттук-медициналык экспертизаларды жүргүзүү бөлүмүнө атайын капта аты-жөнү такталбаган, иреттик номери коюлган 42 объект келип түшкөн.
"Учурда жалпысынан 32 сөөк иликтенди, анын 13ү жаш балдар болгон. Азыркы тапта атайын каптардагы 10 объект аныкталбаган бойдон калууда, анын ичинде күлгө айланган объектилерди реконструкциялоо талап кылынат", - деп айтылат маалыматта.
Учурда каза болгон 15 адамдын өздүгү такталганы маалым болду.
40ка чукул адамдын өмүрүн алган авиакырсык

Учурда каза болгон 15 адамдын өздүгү такталганы маалым болду.)бул дегени керектуу органдарын алганыбы ? Оздугун тактаган дейин десем ылдыйда башка малымат