Боинг 747-400F: Кырсык болгон жерде куткаруучулар ишин улантышууда







Куруучулар башкармалыгынын дачалары аймагындагы турак үйлөрдүн үстүнө кулаган Боинг 747-400F учагы бүгүн 40ка жакын Кыргыз жаранынын жанын алып кетти. Учурда кырсык катталган жерде куткаруучулар издөө иштерин улантып, жабыркагандарга жана иш үстүндөгүлөргө ысык тамак, ысык чай уюштурулду. Ошондой эле Бишкектин айрым жерлеринде ачылган хоспистерге үй-жайсыз калган жарандардын балдары жайгаштырылганы маалым болгон. 1 саат мурун 32 маркумдун аты-жөнү аныкталып, жарыяланды. Арасында 2 кош бойлуу келин жана 4 айлык наристе болгон. Тиешелүү министрликтен билдиргендей, учак кулаган жерге күнү-түнү күзөтүү штабын түзүшүп, психологиялык жардам көрсөтүү пункту иш алып барууда. Ал эми турак жайдын урандыларынан жана учактын бөлүктөрүнөн аталган аймак толугу менен эртең, 17-январда тазаланып бүтмөкчү.
40ка чукул адамдын өмүрүн алган авиакырсык


Канчасы кыштын кунундо уй жайсыз калды. Бул жерде жашаштан да коркуп калдык. Жанылыктарды коруп чондордун суйлогондорун угуп ушунча ачуум келди, бул жерде турукту катоодон отконгого мумкун емес бул аеропортко берилген дача болчу деп жоопкерчиликтен качып суйлойт, ал куйуучу май ташып келе жаткан учак болсо еки кундон бери туман каптап жатат тундо анын алдын