super.kg logo

Жолдошу 3 баласы менен таштап кеткен Алтынай: "Балдарым атасынын кордугунан коркуп, элден качып калышты"

 

25 жаштагы бакма кыз Алтынай (аты өзгөртүлдү) учурда сырты кыш менен тосулган вагондо жашап жатат. Төбөсүнөн суу агып, шарты жок жайда чиедей 3 баласы менен күн кечирип жаткан эненин айтымында, жолдошу аны 3 баласы менен таштап кеткен.

АПАМ ТӨРӨТКАНАДАН ТАШТАП КЕТКЕН...

Атым Алтынай, 25 жаштамын. Мен төрөлгөндө эле апам (ред. багып алган апасы) Сокулуктун төрөтканасынан үйгө чыгарып келген. Ошондон бери эч кемсинтпей, 3 баласына кошуп өзүнүн кызындай чоңойтту. Өзүмдүн ата-энемдин кандай, каякта жашаарын билсем дагы көргүм келбейт. Апам деле тааныштырып келейин дейт. Таштап кеткен адамга кантип жүрөгүң тартат?

17 жашка келгенде турмушка чыктым. Биринчи кызым үч жашка чыкканга чейин жакшы жашадык. Бир күнү өкүл атабыздыкынан чыгып үйгө келе жатканбыз. Жолдошум унаасы менен бир кызды сүзүп алып, ал ошол жерден каза болду. Тапканыбыздын бардыгын ошол жакка берип, эч нерсебиз жок отуруп калдык. Жолдошум убактылуу кармоочу жайда 1 ай отуруп чыккандан кийин ичимдик ичип, ачуулу болуп, кол көтөрө баштады. "Кетип калсам, 2 балам менен кайда батмак элем" деп чыдап жашап жүрдүм.

ТОКМОКТО ТАЛААДА АКЫГА ЧЫГЫП, УНАА ЖУУЧУ ЖАЙДА ИШТЕДИМ

Акыркы күндөрү жолдошум кыздар менен ачык эле сүйлөшүп, тентип кетчү болду. Токмокто жумуш жок болгондуктан жайкысын талаада жалданып иштеп жүрдүм. Бир күнү тапкан акчама үйгө азык-түлүк алып келе жатсам "эмнеге акча алып келбейсиң?" деп колумдагыларды ыргытып жиберди. Балдар ачка отурган күндө да боору оорубай, батирге деп чогулткан акчаларды сабап туруп алып кетчү. Ошентип бир күнү батирдин ээси үйүнөн чыгарып салды.Тааныштарым унаа жуучу жайдын времянкасына "бекер эле жашап, карап тургула" деп киргизип коюшту. Ошол жерден унаа жууп, өз алдымча оокат кылганды үйрөндүм.

"ӨЛТҮРҮП, ҮЙҮҢДҮ ӨРТТӨП КЕТЕМ" ДЕП КОРКУТТУ

Үй-бүлөбүз менен Бишкекке келип, таежемдин вагонунда 2 ай чогуу жашадык. Туугандарымдын көз алдында жүрсө оңолот го деп ойлогом. Бирок иштебей жата берди. Апам деле чалып, чоң эле кызматтагы жумуштарды айтты. Ал кайра мага "сенин төркүнүңдөн жумуш сурап жатамбы?" деп кордук көрсөттү. Кебетемди апам көрүп, "мындай жашоо болбойт, 30 жашка чыкканда майыптар арабасында отуруп каласың" деди. Үйгө келип жолдошумдун колуна чемоданын карматып, кетирип жибердим. Ошондо "мууздап өлтүрүп, үйүңдү өрттөп кетем" деп коркутту. Азыр аңгыраган, шарты жок вагондон өлтүрүп кетет деп корко берем. Айла жок барарга жерибиз жок болгондуктан ушул жерде жашаганга туура келет.

Ызы-чуу жашоодон тажаган балдарым атасынын кордугунан тилдери так чыкпай, өз ойлорун айткандан коркуп, элден качып калышты. Ал кеткенден кийин кызым биринчи сүйүнүп "болду атам келбейби, экинчи бизге тийбейби?" деп жүрөктү ооруткан. Кеткенден кийин оңолом, кайра жашайлы деп телефон чалып жүрдү. Ал калп эле сөз экенин билдим. Себеби мурда бир жолу ажырашып, кайра жашаганда тиштеримди тээп сындырып салган.

СИЛЕРГЕ ЭМЕС, ӨЗҮМӨ АКЧА ТАБА АЛБАЙ ЖҮРӨМ

Үчүнчү уулумду төрөгөндө аяшыма сүйүнчүлөсөм ал күйөөмө айтып коюптур. Ал мага чалып "төрөдүңбү?" деп жакшы эле абалымды сурады. Жүрөгү 3 жеринен тешик экен, төрөтканадан бир жарым жумадан бери чыга элекпиз, баланы даарылатканга акча керек болуп жатат десем, "силерге эмес, өзүмө акча таба албай жүрөм" деп койду. Ошол бойдон чалып, бир дагы жолу кайрылган жок. Мен дагы сураштырып, издеген жокмун.

Улуу кызым 7 жашта, экинчи уулум төрттө. Кенжеси 10 айлык. Кызым 2016-жылы 1-класска бармак. Минтип кичүү уулум оорулуу болуп төрөлгөндөн кийин ага көңүл бурулбай калды. Бала бакчага, логопедке берейин десем баары эле акча сурашат. Ошол себептен көп эле аты чыккан кайрымдуулук фонддорго бардым. Бирок эч кимиси жардам бере алган жок. Андыктан элге кайрылууну туура көрдүм. 3 балама айына 500 сом жөлөк пул алам. Ошол деле керекке жарап калат.

Уулумду 6 айына чейин дарыгерлерге тынбай көрсөтүп турдум. Кийин Кардиологиялык борборго каттоого турдук. Ал жерде бир жашка чейинки балдарга бекер деп жазылганы менен, бир текшергенине эле 980 сом алышат. Апам өзүнүн дары-дармегинен арткан акчасына витамин, кальций алып берип отуруп жүрөгүнүн бир тешиги бүтөлдү. Ошондон кийин дарыгерлер баланын 1 жашына чейин текшерип, операция кылбай туралы дешти...






Алтынай: "Жолдошум 3 балам менен таштап кетти"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(35)
27.03.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат Байматовго ( КАЙРЫМДУУ БОЛ фонду ) кайрылып корбойсузбу? Ал соссуз жардам берет сизге
27.03.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айдын он беши карангы он беши жарык дешет, жарык кундорун али алдыда буйурса. Балана Аллахым шыпаасын берип айыгат буйурса, ал эми куйоодун жазасын Кудай озу берсин, чырактай балдарыны кантип таштап кетсе ошондой балага зар болуп калсын.
27.03.2017. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
номерин же адресин айтып койсо болмок близ да колдон келген жардамыбызды бермекпиз
27.03.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адресин айтып койсун колдон келген жардамды берели
27.03.2017. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эркектер олдукго алгандан кийин кор кылбай карагылачы ал дагы жанда убал жок дегенде балдарын караганга жардам бербейби
27.03.2017. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келгиле азда болсо жардам берели коп тукурсо кол болот дейт.
27.03.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Номерин жана аты жонунду жазып кой
карындаш. Жардам бере турган адамдар табылат.
28.03.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ady-88, rios.07, Makain, саламатсыздарбы? 0709048032 номери аркылуу байланышсаңыздар болот.
27.03.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
балдарын планировать этип торосо болмоккен. конечно бала деген бакыт бала жашоонун мааниси кудайым ырыскысы менен берет дегендей. куйосу ни то болуп атса пландап торосо озуно кичине болсо да женилирек болот беле
SUPER.KG видео
27.03.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
кантип жардам берсе болот, мен чет жерде жашайм, кандай кылып акча жиберсем болот.
Медиа-портал
27.03.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эмнеге жардам сурап чыкканда данный номерлерди толук беришпейтпаланча тукунчо Деп
Медиа-портал
28.03.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Begimai85,
Саламатсызбы!
1. Телефон номери купуя кат аркылуу жиберилди.
2. Номер видеотасмада дайыма көрсөтүлөт.
Медиа-портал
27.03.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча сала тургандарга аты жону керек да билайн номер болсо жакшы болмок чалып кененирээк аты жонун сураганы ошканар олгудой акчаны шыпырат мен бала чака багайын деп уй салайын деп эконом кылып аткан чагым ошого билайн номер болсо жазып койгула сураныч чалып жардамыбызды берели
Медиа-портал
27.03.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба азыр копчулук чет жакта журобуз ошого кошунасымын деп атасызго сиз билайн номер таап жазып койунуз
Медиа-портал
27.03.2017. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым озун адамдарга ынсап бере кор
Медиа-портал
28.03.2017. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
СУПЕРдин админи сураныч ушул эженин адресин моб.номерин таап жазып коюнчу башка соц.тармактарда да жардам берем дегендер коп болтат. Алла раазы болсун сураныч таап берип.
Bayimbet3 түзөттү 2017-03-28 00:24:05
Медиа-портал
28.03.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bayimbet3,
Саламатсызбы!
Телефон номери купуя кат аркылуу жиберилди.
SUPER.KG видео
28.03.2017. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
обаа, бул кызга атайын счёт ачсанар жакшы болмок, жардам берем дегендерге.
28.03.2017. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айтканды жаман корбогуло конечно бала керек ар бирибизге ар бирибиз бала деп жашайбыз эч качан баланы кесир кылбаш керек балдарыбызга өмүр берсин бирок ушу жашоо шартына карабай төрөй бергендерине таң калам күйөөлору ичсе өздорунун акыбалы ал болсо эмне кылат төрөп сактангыла нары баланы кор кылбай аптекаларда толтура сактанчу каражаттар арзан эле турат эми боюмда болуп калды деп эле төрөй бериш керекпи же эл үчүн торошобу балдарын кызык кечирим сурайм катуу тийсе
28.03.2017. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bubu88,кее бир эжелер сактануу жолун деле билишпейт чынында....
28.03.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alimedina, чыын эми бирдеме десең жаман көрүшөт сенин ишин болбосун тиги бу дешип анан эми ушул жакшыбы өзүн ойлонсон чиедей майда кылып төрөп алышат
28.03.2017. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Антип когорбой бар ата энене тааныш жашоо шартыны тушундур өзүн үчүн эмес балдарын үчүн бар ушунча эл алдына чыктын акыбалынды айтып балким өздөрү деле таанып билип таап келеер келсе жакшы кабыл ал сенин акыбалынды түшүнүп турам анан эми айла жок да жок дегенде багып береер өзүн иштеп бутуна туруп аласың элге деле көп ишенбе эл сени өмүр бою бакпайт ашып кетсе 1 ай 2 ай жардам берет эми мумкун жакшы адамдар чыгып үй салып берсе уйлуу болуп калаарсын бирок ошондо деле жашоо үчүн курошуш керек да
Bubu88 түзөттү 2017-03-28 04:26:57
28.03.2017. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарынын тамак ашы бар кийими бар эл сени балдарынды өмүр бою бакпайт эл дагы азыр зорго оп чап турмушта жашашат ошондой кыл сиңдим айтканды туура кабыл ал иште өзүн тытынып тытынып иште жаш экенсиң бул күндөр дагы өтүп кетет балдарыңды эптеп чонойтуп алсаң моорой сеники күйөөгө тийбей коё тур сактанып ал ушул 3 баланын өмүрүн берсин
28.03.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Bubu88,Сенин озунун куйоон барбы? Болгону 25 жашта болсо кантип куйоого тийбе деп сунуш Бергенин. Жакшы эркектер бар балдарын менен кошуп багып алам дегендер, Эгер куйоо чыкса тийгин карындаш албетте карап коруп.
28.03.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jigit.1982, кана ошо балдарын мн кошо багам деп алып кор кылып көчөгө таштап атышат го азыр жакшы эркектер жок баары мени бак дегендер берсең ичем бербесен олом дешет эркекке ишенгенден көрө эки босогоно ишен дейт эри жакшы болгондо бул келин бала чакасы мн мынчалык кор болмок эмес эми дагы күйөөгө тийип торосо сиз багып бериңиз байке балдарын суйлогонунузго караганда аябай жакшы эркек окшойсуз
Bubu88 түзөттү 2017-03-28 12:05:19
SUPER.KG видео
28.03.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфо жамааты сиздерден бир отунуч . Ушул кыз толук аты жонун телефон номерин жазып жиберинизчи. Аз болсо да жардам берип счёт ачып айтсаныз дар. . Аз аз дан болсо да акча которуп турат елек. 25 беш жаш 3 баласы мн Аллахым Бактылуу кылсын бак доолот берсин.
28.03.2017. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эл журт ким эмне бере алса берип жардам кылалы,,коп тукурсо кол болот билайн номер же дарегин так туура Алтынай деп аты башка,, паспорту болсо чын аты жону менен корсоткуло да чет жердегилер озуно которолу..
SUPER.KG видео
28.03.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантип жардам берсек болот
28.03.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байланыш номерин калтыргылада.
SUPER.KG видео
29.03.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым жардам берсин, балдарынын ден соолугун берип бактылуу болсун. Жакшы жошоодон умутунду узбо, баары жакшы болот.
Медиа-портал
30.03.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тел номерин бериниздерчи Алтынайдын колумдан келишинче кичине болсо да жардам кылайын
Медиа-портал
30.03.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begim12,
Саламатсызбы!
Телефон номери купуя кат аркылуу жиберилди.
Медиа-портал
01.04.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media,Админ тел номерин берип койсонуздар
биз дагы колдон келген жардамыбызды берели коп тукурсо кол болот дегендей бийлике ишенгиче элге ишениш керек карапайым эл эле жардам берет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: