Нариман Түлеев конфискацияланган мүлктөрү боюнча президентке кайрылды




Бүгүн, 26-апрель күнү Бишкекте борбор калаанын мурдагы мэри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нариман Түлеев конфискацияланган мүлктөрү тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Айта кетсек, Түлеевге таандык "Караван" соода борбору жана "Сапат-центр" бизнес-борбору мамлекеттин карамагына өткөнү белгилүү болгон.
12:05. Нариман Түлеев: "Эки жылдан бери далилдеп келебиз, райондук, шаардык, Жогорку соттун өкүмүндө конфискация боюнча сөз жок деп".
12:10. Түлеев: "Эмнеге Каржы полициясы, Мүлк фонду, милиция "Сапат-центрге" таңкы саат 4тө кирип алышат? Жумуш башталганда киришсе болбойт беле? Бул жерде мыйзамсыз бир нерсе бар да".
12:15. "Караван", "Сапат-центр", "Караван-запад" менин маркум атам Ташболот Түлеевге таандык. Бир дагы соттун чечиминде Ташболот Түлеевдин мүлктөрү мамлекетке алынсын деген жери жок. Соттун чечимин көрсөткүлө десем, эч ким көрсөтө албай жатат", - дейт Н.Түлеев.
12:20. Түлеев: "Сапат центрден" чыккыла" деп бизге келишкенде, макул болгон эмеспиз. Анткени соттун чечими жок болчу. Мамлекетке алууда бир да мыйзам сакталган жок".
12:31. "Эл аралык сотко кайрылууга шашпай элебиз. 1-2 жыл күтүп туралы. Ким билет бүгүн күн тийбесе, эртең тиер. Кайда шашабыз. "Бирөө жамандык кылса, жакшылык менен жооп бер" деген сөз бар эмеспи. Мен ишенем, азыркы болуп жаткан иштер жакшы жагына чечилерине", - дейт Түлеев.
12:38. Түлеев: "2010-жылдагы революциядан кийин ар кандай сөздөр айтылган. Мен Курманбек Бакиевди "ата" деген эмесмин. Бакиевди "ата" дегендерди атынан айтып берем".
12:42. "Менин апам катуу ооруп жатат. Атам дайыма "апаңды кара" деп айтчу. Саясат менен алек болгонго убактым да жок. Ким келерки президент болот деп ойлонгон да жокмун", - деди Түлеев.
12:49. Түлеев: "Президентке кайрылам: атамдын мүлктөрү боюнча карап коюңуз. Айтпай койду дебесин деп маалымат жыйын өткөрүп жатам. Менин үй-бүлөм Африкадан келген жок да".
12:50. Нариман Түлеевдин маалымат жыйыны аяктады.
кошулду
Нариман Түлеев Атамбаевге кайрылуу жасады













1 |