super.kg logo

Боинг кырсыгы: Элден келген жардамдын бөлүштүрүлүшүнө нааразычылык көп

 
Гүлзана Оморова Дачи-СУ айылынын жашоочусу.

2017-жылдын 27-апрелинде өкмөттүк комиссия “Манас” аэропортунун жанында жайгашкан Курулуш башкармалыгынын дачаларында болгон учак кырсыгынын жабырлануучуларына элден чогулган 102 миллион сомдон ашуун акчаны таратып берди. Анын ичинен 5 миллион сому моралдык колдоо катары айыл тургундарына берилди. Дал ушул моралдык колдоо катары берилген акчанын бөлүштүрүлүшүнө нааразы болгондор көп. Себеби жашоочулардын кээ бири бир да тыйын албай калышкан. “Бизге да жардам берилеби?” деп барсам, “ошол күнү үйдө болгон эмессиң. Демек, жүрөгүңөр түшпөгөнү үчүн силерге акча берилбейт” деген жооп укканын айтат Гүлкан Бектурова аттуу тургун. Жабырлануучулар эми башка жакка көчүрүү, компенсация алуу тилектери ишке ашуусуна көзү жетпей калганын айтышууда.

“Өкмөт жардамга чогултулган акчаны бизге кун катары төлөп жатат”

Дача-СУ аймагында жашаган Исхак Анарбаев жардамдын бөлүштүрүлүшү боюнча эмнеге нааразы экенин төмөнкүчө айтып берди:

"Учак менин үйүмдүн жанына кулаган. Сарайымды, короо тоскон дубалды, тоокторумду учак басып калды. Үйдүн дубалы жарылды. 29-апрель күнү мага 70 миң сом акча бөлүштү. Акчаны алалы деп барсак, кагаздардын баары орус тилинде экен, биз эч нерсени түшүнгөн жокпуз. Акча тараткан кызматкерлер аялыма кагазды толтуруп берип, анан акчаны беришти. Аялымдан сурасам, ал дагы эч нерсе түшүнбөгөнүн айтты. Менин 2 кызым ошол алааматта катуу коркуп калып, көрсөтпөгөн жерим калган жок. Азыр бирөөсү үйдө, экинчисин айылга кетирдим. Мага берген акчаны кыздарымдын ден соолугу үчүн жумшаган карызды төлөгөнгө да жеткен жок. Анан дагы “дообуз жок” деп кол койдуруп алышты. Өкмөт элдин жардам берүү максатында чогулткан акчасын бизге кун катары берип жатпайбы".

“Менин өлгөн балдарыма чогултулган акчадан алганыңарга ыраазы болгула”

Гүлзана Оморованын үйү учак кулаган көчөдө соо калган жалгыз там. Ал да акчанын тегиз бөлүштүрүлбөгөнүнө нааразы:

"Мен учак кулаган жердин четинде эле жашайм. Ушундай кооптуу жерде жашаган 13 үйдүн тургундары тийиштүү жерлерге кат жазып да кайрылганбыз. Үйүбүздү тосуп турган дубалы, үйдүн эшиктери, терезелери кырсыкта жабыркаган. Башында биздин үйдү 70 миң сом ала тургандардын катарына кошушкан. Акча берер күнү барсак, баягы кат жазган 13 үйдүн бешөөнө 25 миң сомдон гана берип койду. Ошондон бери айыл башчыбыз Сиражидин байкеге жолуга албай жүргөнбүз. Кечээ (ред.: 1-май) күнү үйүндө дегенинен барсам, ал “сеники кайра каралып жатат, 11-майда чечилет” деп эшигин жаап алды. Өзү элден качып жүрөт. Бизге акчаны 29-апрель күнү Манас айылынын маданият үйүнөн таратышты. Жолдошум экөөбүз 25 миң сомду алып жатканда “документке “доом жок” деп жазып, анан кол койгула” дегенде макул болгон жокмун. “Эмнеге?” деп сурасам, биздин айылдан комиссияга мүчө болгон Венера эже “койбосоң койбо, бул деген менин өлгөн 3 балама чогултулган акча. Силердин балдарыңар тирүү, берип жаткан акчаны ыраазы болуп алгыла” деп биздин оозубузду ачырды. Ушинтип коркутуп жатса, баары эле кол коюп акчасын алып кетип жатышты. Мен кол койгон жокмун, жолдошум кол койгондуктан 25 миң сомду берди. Демек, кол койдургандан кийин биздин үйлөрдү сүрдүртүп салышы же бул жерден көчүрбөй коюусу, балким, компенсация бербей коюулары мүмкүн да?"

“Мамлекетке, түрк авиакомпаниясына доом жок деген таризде жаздырып алышыптыр”

Мавлян Аскарбеков, жарандык активист:

"Мен ошол акчаны элге таратып жатышканда бардым. 4 документке элден кол койдуруп жатышты. Ал жерде мамлекеттик нотариусту да жанына отургузуп алышыптыр. Кол койдуруп жаткан документтер орус тилинде жазылгандыктан, жергиликтүү калктын көбү эмне тууралуу жазылганын түшүнгөн жок. Милиция кызматкерлери коштоп бирден алып кирип, акчасын колуна карматып кетирип жатышты. Ошондо акчаны таратып жаткан адамдарга “эмне акча, кандай документтерге кол койдуруп жатасыңар?” десем, эч кимиси жооп берген жок, ал документтерди көргөзүшкөн да жок.

Эл чогулткан акча моралдык дагы, материалдык дагы компенсация болбойт. Анткени ал акчаны Дача-СУ аймагынын элине жардам болсун деп эл чогулткан. Демек, аны жардам катары гана бериш керек. Документте эмне жазылганына түшүнгөн кээ бир адамдар айтып чыгышты “мамлекетке, түрк авиакомпаниясына жана жергиликтүү бийликке эч кандай доом жок” деген мааниде жазылыптыр” деп. Азыр биз бийликке болгону “канча адамга канча сомдон элдин чогулткан акчасын бөлүштүрүп бердиңер, акчанын так дарегин бергиле” деген гана суроолор менен кайрылып жатабыз. Дача-Су аймагында жашаган элге бийлик өзүнчө, андан тышкары түрк авиакомпаниясы дагы компенсация төлөп бериш керек. Ал эми бул таратылган акча болгону жардам катары берилүүчү акча болчу. Эгерде түрк тараптан тийиштүү акча төлөп бергенде, жабыркаган эл материалдык, моралдык жактан ыраазы болгондо гана “доом жок” деп кол коюп бериши керек. Ошондо дагы соттун чечими менен гана. Ал эми бул кол койдуруп алуу менен бийлик элди алдап, түрк авиакомпаниясын сотко бердирбөө максатында аларга “өзүбүз чечип беребиз” деп болбогон тыйынды алып элди алдап жатат. Анткени ушул маселенин баары келип жүктүн ээси кимге таандык экени билинбей, ал маалымат дүйнөлүк аренага чыгып кетпесин деген максатта болууда".

“Нааразы болсоңор, албай эле койгула”

Биз аталган айылдын жашоочусу, комиссиянын мүчөсү болгон Венера Шейшеновага байланышканыбызда ал буларды айтты: "Биз “берилген акчага нааразы болсоңор, анда албай эле койгула” дегенбиз. Бирок эл “жок, биз бул акчага ыраазыбыз, бизди бул жерден көчүрбөй койбойбу?” деген маселе менен кайрылып жатышты. Мен “ал маселени мен эмес, өкмөт чечет. Биз болгону элдин чогулткан акчасын бөлүштүрүп жатабыз” деп айтып жатам".

“Кол койдурбасак, эртең кантип далилдейбиз?”

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева буларга токтолду:

"Учак кырсыгынан кийин кыргыз эли чогулткан акчалай жардам 27-апрель күнү жабырлануучуларга таратылып берилди. Алардын өтүнүчү боюнча ар биринин жеке банктык эсебине которулду. Бул жакындарын жоготкондорго гана. Аларга канча суммадан акча которулганы азырынча айтылбайт, бирок турак жай алганга жетет. Ошондой эле Дача-СУ аймагындагы бардык жашоочуларга моралдык колдоо катары 5 миллион сом бөлүнүп, ал 232 адамга таркатылды.10-25 миңге чейинки акчаны алгандар – бул эч кандай жаракат албагандар болуп эсептелинет. Ал эми 70 миңден жогору сумма үй-жайы кырсыкта жабыр тарткандарга берилди. Жашоочулар акчаны алуу менен бирге документтерге “акча алдым” деп кол коюшту. Себеби ар бир адамдан алган акчасы үчүн кол койдурбасак, эртең биз төлөнүп берилгенин кантип далилдейбиз? Түрк авиакомпаниясы тараптан тийиштүү акча келгенден кийин гана бөлүштүрүлүп, анан бардык акча боюнча толук маалымат берилет".

Эскерте кетсек, учак кырсыгынан жабыркагандарга ӨКМ тарабынан атайын эсеп ачылып, ага 102 миллион 160 миң 180 сом түшкөн. Бирок ал эсепке кимдер канча акча которгонун ӨКМ ушул күнгө чейин жарыялабай келет. Ошондой эле кыйраган учактагы кандуу жүк кимге таандык экендиги дагы деле сыр бойдон калууда. Маалыматтарга караганда, учак ээси болгон түрк авиакомпаниясы кыйраган учак жана жүк үчүн камсыздандыруучу компаниядан 70 миллион доллардай акча алмакчы. Ал эми бейажал кеткен биздин жарандардын өмүрү канчага бааланары азырынча белгисиз...






Дача-СУ: Элден чогулган акча калыс бөлүнбөй жатабы?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.05.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип эле унутта кылып кетет экенда а?! Какшап какшап калган баягы эле байкуш эл..
Жогору жактан ашпай, жугунду ичкендейле болуп калдыго!!!..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: