Нарын шаарынын жаштары чет жердик студенттер менен жаңжалдан кийин аларды тизе бүгүп, кечирим суратышты
Нарын шаарында бүгүн, 8-июнда жергиликтүү жаштар Борбордук Азия университетинин студенттерине чара көрүп берүү талабы менен акцияга чыгышкан. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочулар билдиришти. Маалыматта белгилүү болгондой, аталган университетте Тажикстандан келип окуган студенттер менен жергиликтүү жаштардын ортосунда пикир келишпестиктер чыгып кеткен.
"27-майда БАУнун студенттери менен баскетбол боюнча таймаш өткөргөнбүз. Ага жергиликтүү студенттер жана жаштар катышкан. Таймаштан кийин сырттан келген студенттер менен жаңжал чыгып, бизге кол салышты. Конокторду сыйлайлы деп ачуубузду тыйдык. Болбосо өз жерибизде аларга башкача мамиле кылып койсок деле болмок. Бирок жарым айдан бери аларга чара көргөн эч ким болгон жок. Ошон үчүн бүгүнкү иш-чараны уюштурганбыз. Жергиликтүү бийлик эки тарапты келишүүгө чакырды. Алар бизге тизе бүгүп кечирим сурашты", - деди атын атагысы келбеген тургун.
Нарын облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы "окуяга чыр-чатак деп баа берүүнүн кажети жок. Эки тарап келишип, жаштарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деген пикирин билдирди.
"27-майда спорттук мелдеш учурунда жергиликтүү жаштар менен БАУнун студенттери арасында сөз менен айтышуу чыгып, араздашып кетишкен экен. Алар бүгүн кайрадан көчөдөн чогулуп калышып, ошол күн боюнча маселе козгошуптур. Аларды чогултуп, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, эки тарап келишип алышты. Окуяга чыр-чатак чыкты деп баа берүүнүн кажети жок", - дейт ал.
Нарындагы жаңжал: Жаштар чет элдик студенттерди тизелетип, кечирим суратты



Экинчиден конок койдон жоош дейт, торуно чыгып алып сабаса, кой жаман ойдо калбасын деп башын акмак эле тосуп бербесе, акылы ордунда адамдын айтаар созу эмес! Ансыз да Кыргызстанды тажиктен башка турктор, индустар ж.б.каптап кетти......
Туризм дейсинер, турист деп башынардан ХХХ да туруп бересинерби?!!
Биздин миллиондой мигрант да Оруссияда конок! Бир туура эмес иш кылса орустар дароо эле жазалап жатат го конок экен дебей!!!
Патриот деген Акаевге окшоп "Кыргызстан наш общий дом" дегендер эмес. Кыргызстанга чет олкодон студенттер же туристтер келбей койсо кунубуз отпой калбайт!!!
Кыскасы ошол элита дегендер, илгерки соз менен айтканда бугунку бай-манап, бий-болуштар, элди эзген!!!
туура эмес