Чүйдүн суу объектилеринен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды

Жаратылыш жана экология министрлигинин инспекторлору тарабынан, Чүй облусунда жаратылышты коргоо алкагында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, рейддин жүрүшүндө балык уулоодо тыюу салынган синтетикалык торлорду колдонуу фактысы аныкталды.
"Мыйзамсыз колдонулган жалпы узундугу 1000 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу торлор алынды. Аталган мыйзам бузуу боюнча жалпы суммасы 16 500 сомду түзгөн 3 административдик протокол түзүлдү. Ошондой эле рейд учурунда мыйзамсыз аңчылык кылуу фактылары аныкталып, бул багытта дагы 3 административдик протокол түзүлдү. Мыйзам бузуучуларга жалпы 37 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды", - деп кошумчалады мекемеден.
Белгилей кетсек, жалпысынан рейддин жыйынтыгында 6 административдик протокол түзүлүп, салынган айып пулдардын жалпы суммасы 54 миң сомду түздү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















