super.kg logo

Өмүрбек Бабанов: "Мен Бакиевдин шайлоо алдындагы штабын башкарган эмесмин"

 

Бишкекте бүгүн, 15-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов маалымат жыйын өткөрүүдө. Анда талапкер президент Алмазбек Атамбаевдин сөздөрүнө комментарий берүүдө.

"Көпкө чыдап келдим, президент Алмазбек Атамбаевдин мен тууралуу айткан сөздөрү толугу менен жалган. Атамбаев Бакиевдин тушунда премьер-министр болуп турганда мен бир мандаттуу округдан шайланган өз алдынча иш жүргүзгөн депутат болчумун. 2009-жылы Бакиевдин штабын жетектеген деп жатат. Мына колумда өкмөттүн токтому турат. Бакиевдин штабынын төрагасы Чудинов болчу. Мен ал командага бөтөн болчумун, экономикалык реформалар үчүн гана кошулгам. Шайлоо бүткөндөн кийин өз каалоом менен арыз жазып кызматтан кеткем. Мен убагында Бакиевге каршы митингдерди каржылагам, муну Бекназаров, Сариев, Шерниязовдон сурасаӊар болот", - деди Бабанов.

Эскерте кетсек, бүгүн добуш берүү тилкесинде журналисттер менен жолугушкан президент Алмазбек Атамбаев Өмүрбек Бабанов 2009-жылы Бакиевдин шайлоо штабын жетектеген деп айткан эле. "Ал убакта шайлоолор кандай өткөнү белгилүү", - деген өлкө жетекчиси.






Өмүрбек Бабановдун шайлоонун жүрүшү тууралуу өткөргөн маалымат жыйыны

Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
15.10.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Митингдерди каржылагандарды камашты го, анда сизди да камаш керек экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: