Өмүрбек Бабанов: "Жээнбеков айткан 25 суроого жооп берүүгө даярмын"

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун маалымат жыйыны уланууда. Анда Бабанов 2011-жылы президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаевге шайлоодо материалдык колдоо көрсөткөнүн айтты.
"2010-жылы "Республика" партиясын түзүп, шайлоодон утуп чыктык. Алмазбек Атамбаев коалиция түзө албай калганда кол сунуп "өкмөттү сиз башкарышыңыз керек" дегем. 2011-жылы президенттик шайлоого барганда мен дагы колдоо көрсөткөм. Командам менен гана эмес, материалдык жактан да жардам кылгам. 2012-жылы премьер-министрликтен кандай жол менен кеткенимди билесиӊер. Ал бир гана Өмүрбек Текебаевдин чечими болгон эмес. Кийин президент Алмазбек Атамбаев "чоң катачылык кетириптирмин" деп менден кечирим сураган", - деди Бабанов.
Ошондой эле ал атаандашы Сооронбай Жээнбековдун суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин кошумчалады.
"Жээнбековдун суроолоруна жооп берүүгө даярмын. Мен эч кайда качпайм. Кечки саат сегизде шайлоонун жыйынтыгын көрөбүз", - деди Бабанов.
Эскерте кетсек, теледебат учурунда талапкер Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү Бабановдон баштай турганын, ага берчү 25 суроосу бар экенин айткан эле.
Өмүрбек Бабановдун шайлоонун жүрүшү тууралуу өткөргөн маалымат жыйыны


Бирөө "чымын өлүптүр, десе экинчи чымчык экен, деп үчүнчүсү тоок деп чоңойтуп кете бербей.