Улан Саляновдун сөөгү 8-ноябрда жерге берилет
Улан Саляновдун сөөгү 8-ноябрда жерге берилет. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Аида Салянованын жактоочусу Улан Жумаков билдирди.
Анын айтымында, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында Ысык-Ата районунун Биринчи Май айылында болот.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновду 6-ноябрга караган түнү саат 02:00 чамасында Бишкектин Көк-Жар жаңы конушундагы үйүнөн бет капчан белгисиз 4 адам атып кеткен. Окуя орун алган мезгилде үйдө Улан Салянов, анын аялы жана 17 жаштагы баласы болгон.
Ички иштер министрлиги аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоп, кылмышкерлерди издеп жатышат.
Аида Салянова инисинин үйүнө келип кетти
Депутат Аида Салянованын инисин аткан кылмышкерлер издөөгө алынды
Автор: Илимбек Туратбек уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
asi.gulum

06.11.2017. 16:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
2 күн не кылышат дейм да өлүктү кыйнап. Тезирээк жерге бергени дурус болмок.
toma95

06.11.2017. 16:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
asi.gulum,алыста тууган урук деген бар топурак салыш керек да ошого кармашатко кобунчосу.алыста жакындары болбосо эртеле беришет жерге.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.