Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсү 7-апрель деп өзгөртүлөт. Такталарга канча акча кетет?
Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү сунушун Бишкек шаардык кеңеши колдоду. Мындай чечимди шаардык кеңеш 19-марттагы жыйынында талкуусуз кабыл алды.
Ага ылайык, Шабдан баатыр көчөсү 7-апрель деп өзгөртүлөт, ал эми Чүй кең көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү Шабдан баатыр деп аталат.
Шабдан баатыр көчөсү шаардык маанидеги негизги магистралдык көчөлөрдүн бири. Анын узундугу 8 миң 950 метрди түзөт. Алмаштырууга зарыл болгон аншлагдын (көчөнүн аталышы жазылган такта) саны 78 даана. Орточо эсеп менен алганда бир аншлагды даярдоо жана орнотуунун баасы 1 миң 200 сомду түзөт. Бул үчүн алдын ала эсептөөлөр боюнча 93 миң 600 сом талап кылынышы мүмкүн.
Чүй кең көчөсү да шаар кыймылындагы негизги маанилүү жол. Чүй көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү 4 миң 500 метр. Бул аралыкта алмаштырууга жана орнотууга зарыл болгон 22 даана аншлаг бар. Аны даярдоо жана орнотуунун баасы 1 миң 200 сомду түзүп, жалпы талап кылынган каражат 26 миң 400 сом болушу мүмкүн.
кошулду
Бишкектин Шабдан баатыр көчөсү 7-апрель деп өзгөртүлөт


Анткени 7-апрель тонкорушу элдин тилек-умутун актаган жок, бийлик ошол курман болгондордун убалын да ойлогон жок. Олгон олуп кете берди. Ал эми Атамбаев жок жерден бийликке келип коррупция мурункудан да гулдоду. Атамбаевдин кланы элди карактап байыды. Ал аздай миллиарддап тыштан карыз алып, ага да тойбой контрабанда ташып журушту. Мына эл ТЭЦте жоголгон жуздогон миллиондордон эми кана кабар таап отурат. Ошондо кереги жок...
ыңбы