"Күйөөм кызым оорулуу болуп, менин 2 кулагым тең укпай калгандан кийин таштап кеткен" дейт жардамга муктаж Бурмакан Алымбекова
14 жаштагы Айжан Жолчубаева жаңыдан там-туң басып, балалыктын доорун сүрүп 1 жаштан өтүп калган кезинде шал оорусуна кабылган. Буга чейин эки эркек ымыркайы удаа чарчап калган Бурмакан Алымбекова үчүн кызынын мындай ооруга кабылуусу күтүлбөгөн оор сокку болгон. Тагдырдын таштак жолунда кызы менен жалгыз калган эне мекендештерибизден жардам сурап кайрылды.
"Өзүм буга чейин ИИМдин бейтапканасында дарыгер болуп эмгектенгем. Ошол жерде эмгектенип жүргөн мезгилде укук коргоо органдарында кызмат кылган жолдошума турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз кызыма чейин эки балалуу болгонбуз, бирок бир балабыз 5 күн, бир балабыз 3 күн жашап эле чарчап калган. Кызым 2005-жылы төрөлгөн, төрөлгөндө эле дарыгерлер талма оорусу бар экенин айтышкан. Бир жаштан өтүп калган мезгилде дене табы көтөрүлүп, такыр түшпөй койгонунан ооруканага жаттык. Жандандыруу бөлүмүнө түшүп калган кызым шал оорусу менен ооруп калды", - дейт зээни кейиген эне.
Бурмакан Алымбекованын айтымында, дарыгерлер болгон аракетти көрүшкөн, бирок буга карабастан Айжандын абалында жылыш болгон эмес. Кызынын оорусу менен алышып жүргөн мезгилде Бурмакан эжени күйөөсү таштап кеткен. Тагдырдын татаал жолунда жалгыз калган энеге башында бир туугандары жардам берип турчу.
"Өзүм Таластан болом, 6 бир тууганым бар. Бир туугандарымдын баары Таласта турушат. Бул жакта 80 жаштагы атам бар, ал дагы төшөктө жатат. Апам 2015-жылы каза болгон. Күйөөм таштап кеткенден кийин атамдар менен чогуу турчубуз, азыр болсо кызым менен "Азиздер жана дүлөйлөр" коому берген бир бөлмөлүү батирде турабыз. Күйөөм кеткен бойдон бир да жолу кайрылып келген жок, эч кандай жардам көрсөтпөйт, алимент да төлөбөйт", - деп билдирди Алымбекова.
Кызынын келечегин ойлой берип санаага баткан Алымбекова нерв оорусунан жабыр тартып, психикалык ооруканага түшүп калганын жана мындан улам эки кулагынын угуусу начарлап, убакыттын өтүшү менен такыр эле укпай калганын айтып төмөнкүлөрдү баяндады:
"Бул дүйнөдө мен кызым үчүн жашап келе жатам. Анын келечегин, ден соолугун ойлой берип 2 кулагым тең укпай калды. Кулагым укпай калганда уялганымдан жумуштан өз каалоом менен кеткем, 2-топтогу майыпмын. Мындан сырткары кант диабетинен жабыр тартам, күнүнө 5 маал инсулин алам. Менин көзүм өтүп кетсе, "кызым менсиз кантип жашайт?" деп көп ойлоном. Кызымдын башка балдарга окшоп басып жүргөнүн, мектепке барып чуркап ойногонун көргүм келчү, бирок тагдыр бизге андай бакытты буюрган эмес экен. Башка адамдардан жардам сурагандан уялып ушул убакка чейин эптеп күн кечирип келдик".
Каармандын айтымында, ал азыркы тапта кызы экөө биригип айына болгону 7 миң 500 сом пенсия алат. Бул акча кызынын дары-дармегине өп-чап жетет.
Айжан Жолчубаева азыркы тапта Бишкек шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатат.
"Көп жаткан адам пневмония оорусуна да кабылат экен. Азыркы тапта кызымдын өпкөсүн дарылатып жатабыз. Кызым тамакты өзү чайнап жута албайт. Аба ырайы бузулуп, жаан-чачын болгон мезгилде кызымдын талма оорусу кармайт. Анын абалын көрүп жүрөгүм ооруйт. Бул дүйнөдө эне үчүн баласынын саламаттыгы эң биринчи орунда турат. Акыл-эсим менен кызымдын айыкпай тургандыгын түшүнсөм дагы, бассам-турсам да кызымдын сакайып, абалынын жеңилдешин Кудайдан тилейм", - дейт Алымбекова.
Бурмакан Алымбекованын оор тагдырына кайдыгер карабаган, жардам көрсөтүүнү каалаган мекендештерибиз болсо, 0705 043 577 номерине WhatsАpp аркылуу байланышсаңыздар болот. Каарманыбыздын кулагы укпагандыгына байланыштуу жардам бергиси келген жарандарды SMS аркылуу байланышуусун өтүнөт. Бурмакан Алымбекованын Элсом номери 0705 043 577.
кошулду
"Кызым экөөбүз айыкпас ооруга чалдыккан соң, күйөөм бизди таштап кетти" дейт майып эне




1 |