super.kg logo
  Саясат  

Атамбаев: "Асылбек Жээнбеков парламенттен кетиши керек"

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-мартта КСДП партиясынын курултайынан кийин журналисттерге маалымат берди. Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун иниси, партиянын көп жылдардан берки мүчөсү Асылбек Жээнбеков курултайга эмне үчүн чакырылбаганын айтып берди.

"КСДПнын курултайына аз адам чакырылды дегенге макул эмесмин. Болгону 2 депутат чакырылган жок, алар Асылбек Жээнбеков менен Искендер Матраимов. Булар эмне үчүн чакырылбаганынын өз себеби бар. Асылбек Шариповичти сыйлайм, ал партияда жакшы иштеди. Жээнбеков партиянын үзүрүн да көрдү, 3 жолу: 2007, 2010 жана 2015-жылы партиянын атынан депутат, 2 жолу спикер болду. Абдан кыйын адам, өлкө үчүн жакшы иштеди. Бирок мен кыргыздардын менталитетин жакшы билем. Президенттин иниси парламентте депутат болуп отурбашы керек. Ар дайым туура эмес жолго түрткөн адамдар чыгат. Мен муну Акаевдин, Бакиевдин тушунда көргөм. Ал Сооронбай Жээнбековду угабы же укпайбы билбейм, бирок мен бул тууралуу шайлоо учурунда да айткам. Чечимди Асылбек Шарипович өзү кабыл алат. Сооронбай Шарипович президенттикке талапкер болуп чыкканда эле Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырышы керектигин айткам. Мен азыр да ушул позицияда турам. Асылбек Жээнбековдун парламентте отурганы Сооронбай Шариповичке жакшы көрүнүп жаткандыр, бирок мунун аягы жакшылыкка алып барбайт. Эртеби-кечпи президент Жээнбековго сөзсүз зыяны тиет", - деди Атамбаев.

Ал эми депутат Искендер Матраимов иниси Раим Матраимовдун Бажыда иштеп тургандагы иши үчүн курултайга чакырылбаганын билдирди. Буга чейин экс-президент Атамбаев Раим Матраимов бажыда иштеп турганда бюджетке 10 миллиард сом түшпөй калганын айткан эле.






Атамбаев: "Асылбек Жээнбеков парламенттен кетиши керек" деген пикирде

Алмазбек Атамбаев ЖЭБ авариясына Жээнбековдун өкмөтү жоопкер экенин айтты

Автор: Мунарбек Жоргомов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: