Бишкекте "Ала-Тоо" ресторанындагы массалык уулануу: "19 баланын көбү ата-энеси тойдон алып келген тамак-ашка ууланган" дейт дарыгер
Бишкектеги үлпөт тойдогу тамак-ашка ууланган 19 жаш баланын көпчүлүгү тойдон үйгө алынып келинген тамактардан ууланган. Бул тууралуу Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, массалык түрдө ууланган 173 жарандын 19у жаш балдар.
"2 жаштан 14 жашка чейинки 19 жаш бала тамак-ашка ууланып, ооруканада дарыланууда. Балдардын көпчүлүгү тойдон үйгө алып келинген тамак-ашка ууланганы аныкталды. Учурда тооктун жана балыктын этинен даярдалган тамактар уулануунун негизги себепчиси деп болжолдоп жатабыз. Лабораторияга тамактардын үлгүлөрү экспертиза жүргүзүү үчүн жиберилди. Жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгат", - дейт адис.
Айта кетсек, буга чейин Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдогу тамак-ашка 173 жаран ууланганы кабарланган. Массалык түрдө ууланууга жол берген "Ала-Тоо" рестораны убактылуу жабылып, жетекчилерине 25 миң сом айып салынган. Ал эми аталган факты боюнча Кылмыш-Жаза кодексинин 256 жана 258-беренелери менен кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИББи кабарлаган.
“Ала-Тоо” ресторанындагы тойдо жүздөгөн адам тамактан ууланган






1 |