super.kg logo

Буту менен от жагып, кир жууган майып эне: "Эки балам бири-бирине окшош эмес болгондуктан, жолдошум өз баласын меники эмес деп чыкты"

 

Назира Дыйканбаева Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Зергер айылынын тургуну. 36 жаштагы келин тубаса дарт менен төрөлгөн. Анын айтымында, колунун манжалары кыймылсыз, 1-топтогу майып. Мындай тагдырга моюн сунуп, тажадым дебеген Назира Дыйканбаева SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"Мен 9 бир тууганмын. Менден башкасынын алты саны аман, дени сак төрөлүшкөн. Ата-энем кичинемден эле дарыгерлерге көрсөтүшүп ортопед Сабырбек Жумабековго чейин алып келишти. Алар кыймылдабаган колумдун манжалары тубаса оору экенин айтышты. Эч кандай жыйынтык болбогон соӊ айылга кетүүгө туура келди. Себеби борбордо жашаган улуу агамдыкында 3 жыл жүрдүк. Бул учурда Кара-Балта шаарындагы интернатта да окуп калгам. 3-класста мени айылга алып кетишти. Зергерде мектепке киргизбей, араӊ алышкан. Сабак учурунда мугалимдер көп жардам беришти. Үйгө келгенде бутум менен сабак жазып, үйгө берилген тапшырмаларды аткарчумун. Бул нерсеге мектепке бара электе эле көнгөм. Себеби колум менен кашык кармай албагандыктан, бутум менен тамак ичип, сүрөт тартып үйрөнүп алган элем. Ошентип жүрүп мектепти орто деген баа менен аяктадым.

Жаш кезимде колумдан уялгандыктан эч жакка баргым келбей тартынып турчумун. Азыр деле базарга барып калсам кээ бир адамдар таӊ калып карай беришет. Ага чыдабай кетип эмне болду, эмнеге карап турасыӊар дейм. Базарга азык-түлүк алганы барганда агамдын кыздарын ээрчитип алам. Себеби колумдун каруусу жок болгондуктан 3-4 килограммдан ашык көтөрө албайм.

2014-жылы турмушка чыккам. Базар-Коргон районунун Акман айылына түрктөрдүн үй-бүлөсүнө келин болдум. Жолдошум менен сүйлөшүп жүрүп "ала качты" кылып үйлөндүк. Күйөөмдүн ден соолугу чың, менин майыптыгымды билип эле алган. Эки балалуу болдук. Кийин эрден чыккан кайнежем менен кайнагаларым "бул иш кыла албаса же нан жаба албаса сен карайсыӊбы?" деп сүйлөнө башташты. Жолдошума сенин көзүӊдү таӊып же башыӊды айлантып тийип алган эмесмин деп айттым. Анысы аз келгенсип күйөөм эки балам бири-бирине окшош эмес болгондуктан, экинчиси менин балам эмес деп чыкты. Окшош эмес болсо макул деп былтыр ажырашып кеттик. Ажырашкандан кийин балдарыма туулгандыгы тууралуу күбөлүк алдым. Экөөнө биригип 1600 сом жөлөк пул чыгат. Өзүмө майыптыгым үчүн 3 миӊ сом пенсия алам. Баары бир жетпейт экен.

Балдарымды жалаяксыз карай албайм. Уулдарымдын улуусу үч жарымда, кичүүсү 1 жаш 8 айлык. Атасы алимент төлөбөйт. Учурда ата-энемдин үйүндө турам. Балдарыма карыган апам каралашат, атам каза болуп калган. Баламдын жалаягын бутум менен алмаштырып, бутум менен жуунтам. Бутум менен картошка аарчып, кир жууп, от жагам. Азыр тилегеним чек алып, үй салыш керек. Өзүм менен өзүм болуп, бир туугандарыма оорчулугумду тийгизбесем дейм", - дейт оор тагдырга кабылган келин.

Назира Дыйканбаеванын оор тагдырына кайдыгер карабаган, жардам берүүнү каалаган мекендештерибиз болсо, 0558 290 382 номерине байланышсаңыздар болот.






Буту менен от жагып, кир жууган майып эне

Эки колу кыймылсыз жалгыз бой эне буту менен иш жасап, эки баласын багат

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
05.04.2018. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
Кыргызымдын колунда бар уул-кыздары, бизнесмендери, ушул аялга уй сатып беришсе болмок, условиясы менен... Кир жуугуч автомат машина ж.б. менен.....

Канчалаган акчалар аш-тойго кетет, Гиннеске киребиз деп ысырапкерчиликке да барасынар. Сооп иш кылып ушуга окшогондорго жардам берууго ашыкпайсынар, тескери бурулуп... Бул аялдын тагдыры оор экен, аны да, куноосуз наристелерин да аяп жардам бергиле....
06.04.2018. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
fantomas,а сен берсең болбойбу бергиле деп жөн эле буйрук берип сүйлөйсун го
06.04.2018. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Baku88, элдин казынасынан миллиондорду уурдап, аны кайра казино, сауна ж.б. сапырган жепжутарлар менен бийликтин жетим жугурук кошоматчылары биринчи болуп жардам бериши керек, акыретин ойлосо...

Бул соз ким бироолорго да тиешелуу...
05.04.2018. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Болбосо баарыбыз чогулуп азбы коппу акча которолу банктан счет ачса... Ким бироо 50 сом, 100 сом котороор, ким бироо 500 сом, 1000 сом котороор. Жуз мин жаран 200 сомдон которгондо да бир уй келип калат мейли шаардан (Ош, Озгон), мейли айылдан....
fantomas түзөттү 2018-04-05 22:42:43
05.04.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Эже балдарыныз учун ден соолугунуз бекем болсун.Колу барлар озу торогон баланы озу таштар кетип жатат.
05.04.2018. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Ушундай адамдарды коруп, он эки мучобуз тугол экенине Аллахга мин мертебе шугур кылам. Аллахым озун, Назира эжекеге жардам берип, эки дуйнодогу бакытты насип кыла кор!!! Оомин!
nargiz94 түзөттү 2018-04-05 22:55:25
06.04.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
элсом ачып бергиле акча которолу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: