super.kg logo

"Ош базарынын" жетекчиси: "Зыян тарткандарга экспертизанын жыйынтыгы менен компенсация төлөнүп берилет"

 

Бүгүн, 13-апрелде "Ош базардагы" өрттөн ондогон соодагерлер миллиондорунан кол жууп калышты. Тилсиз жоодон зыян тарткандарга экспертизанын жыйынтыгынын негизинде компенсация төлөнөт. Бул тууралуу "Ош базарынын" жетекчиси Марат Момункулов билдирди.

"Учурда өрттүн келип чыгуу себеби тиешелүү лабораторияда аныкталып жатат. Биздин божомол боюнча өрт кырсыгы базардын үч жеринде башталган. Экспертизанын жыйынтыгына карап жабыр тарткандарга компенсация төлөнүп берилет. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү да жардам берет деп ойлойм. Анткени соодагерлер салык төлөп, мамлекеттин казынасына салым кошуп келишкен", - дейт базар жетекчиси.






"Ош базарында" кайрадан өрт. "7 миллион сомдук товарым өрттөнүп кетти" дейт соодагер

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.04.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экспертиза карапайым элди күнөөлүү деп таап койбосо эле болду кандай болгон күндө да мамлекет жардам берүү керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: